Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Орозодо оорукчандар абайлашы керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германиядагы педиатрлар бирикмеси мусулман жарандарына жаш балдарга орозо карматууда этият болуу зарыл экенин эскертти. Кыргызстанда орозо туткандар жылдан жылга көбөйүп баратат. Айрым педиатрлар 9-10 жаштагы жеткинчектер орозо учурунда кыйналып, ооруканага кайрылып жатканын эскертишет.

30 күндүк орозо быйыл жай мезгилине туура келип, 18 сааттай жебей-ичпей жүрүш керек. Исламда орозону балакатка толгондордун баары кармашы парз экени айтылат. Бирок саламаттык сакчылары 14 жаштан өйдө гана орозо тутууну сунуш кылышат.

Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылынын педиатры Айнура Аманбаева акыркы мезгилде 9-10 жаштан эле балдарынын оозун бекиткен ата-энелер бар экенин, өсүп келе жаткан организм үчүн бул олуттуу кыйынчылык жаратаарын айтат:

- Азыр эми "мусулманчылык талап кылат" деп эле кыздарды тогуз жаштан орозо карматып, балдарды да 10 жашынан ооз бекиттирип жатышпайбы. Бул албетте, туура эмес. Ашказаны канап, жара болгон балдарды бизге алып келип жатышат. 14-15 жаштан өйдө боло берет. Бирок кээ бирөөлөр үй-бүлөсү менен 8-9 жаштагы балдарын да карматтырганын медик катары туура эмес деп эсептейм. Баланын ашказаны эле бузулбай, мээсинин иштеши да начарлайт. Кабыл алуусу төмөндөйт.

Өнөкөт бөйрөк оорусу күчөйт

Кыргызстан бөйрөк жана табарсык оорулары көп кездешкен аймак болуп эсептелет. Буга тоолуу, ысык климат жана булак сууларындагы минералдардын көптүгү себеп.

Медицина илимдеринин доктору, уролог Нурбек Садырбеков орозо айында бөйрөк оорусу күчөгөндөр катталаарын айтып, эгер өнөкөт урологиялык дарттар болсо орозо кармоону адегенде адис менен кеңешип чечүү зарыл экенин эскертет:

Нурбек Садырбеков, уролог.
Нурбек Садырбеков, уролог.

- Климатыбыз ысык, кургак болгондуктан бөйрөктө таш болгон бейтаптар бизде аябай көп. Өнөкөт бөйрөк ооруларына социалдык-экономикалык оор кырдаал, жашоо образы жана биздин сууларда минералдар көп болгондуктан бөйрөк каналдарына таш толгондор арбын. Мындай адамдар эгер Рамазанда ооз бекитсе оорусу курчуйт. Биздин Улуттук госпиталда орозо кармап, бөйрөгүн оорутуп алгандар улам-улам катталып турат.

Ички органдарга пайдалуу

​Ал эми ички органдар үчүн орозо кармоо диетанын эң мыкты түрү экенин белгилеген профессор-хирург Эрнис Алыбаев ооз бекитүүнүн пайдалуу жактарын санап берди:

Эрнис Алыбаев, профессор-хирург.
Эрнис Алыбаев, профессор-хирург.

- Жылы бою өт, уйку без сыяктуу органдар тынбай иштеп, куду заводдогу жабдуулар сыяктуу чарчайт да. Ошондуктан бир ай ачка болуп, аларды эс алдырып алган дурус. Медиктер деле бейтаптарга "диета кармап, майлуу, куурулган тамактарды аз жегиле" дейт эмеспи. Орозо да диетанын бир түрү. Организм үчүн абдан пайдалуу.

Өттүн оорусу курчуйт

Ошол эле мезгилде Рамазан учурунда ооз бекитип, бирок өтүндөгү таштарынан улам кыйналган бейтаптар да кезигет. Бишкектеги биринчи оорукананын хирург дарыгери Канназар Бабакулов эгер өттө таш же проблема болсо анда Орозо кармаган учурда оору курчуп кетиши ыктымал дейт:

Канназар Бабакулов.
Канназар Бабакулов.

- Бизде дал ушул Рамазан айларында өтү жарылып же андагы таштары кыйнап келген бейтаптар көбөйөт. Биринчи кезекте ички органдарды текшертип алган дурус. Себеби өттө таш болсо же ооруса, бир нече саат ачка болгондо дарт курчуп кетет. Майлуу тамак жебей деле, ачкарын жүрүп, суу эле ичип ийсе өттүн өнөкөт оорусу дароо күчөйт.

2015-жылдан бери Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө мектеп окуучуларынын орозо кармоосун токтотуу боюнча демилге көтөрүлүп келет. Британиянын Улуттук саламаттык кызматы баланын организмине узак убакыт ачка болуу тескери таасирин тийгизерин билдирсе, педагогдор Рамазан маалында мусулман мектеп окуучуларынын сабакка болгон жөндөмү төмөндөгөнүн айтышкан. Азырынча Кыргызстанда канча өспүрүм жана балдар орозо кармары эсептелген эмес.

Тибет медицинасынын профессору, диетолог Анархан Надирова орозону кимдер кармабай тургандыгына жана кантип азыктануу керектигине байланыштуу кеңештерин берди:

Анархан Надирова.
Анархан Надирова.

- Орозо ыйык ай болгондуктан, мусулмандардын баарына парз, саламаттыгы жол бергендердин баары кармашы керек. Бирок "ооз бекитет экен" деп эле эрежелерин сактабай койсо, саламаттыгына көңүл бурбаса натыйжасы оор болот. Ошондуктан биринчи кезекте ден соолукка көңүл буруу зарыл. Кош бойлуу аялдар, эмчек эмизгендер, өнөкөт оорулары барлар, жаш балдар кармай алышпайт. Мен өзүм да Мекеге барып, ажылык парзымды аткарым келген элем. Мекедеги улуу аалымдардан: "Эгер адам ооруп турса орозо кармаганы туурабы?" деп сурап көргөнмүн. Алар адам ооруп, кыйналып кармаган орозосу күнөө экенин айтышкан. Ооз ачаар маалга өзгөчө мамиле кылууга тийишпиз. Себеби 14-16-18 саатка чейин эч нерсе ичпейт эмеспи. Ооз ачылганда курма сыяктуу таттуу азыктар менен эмес, бир чыны суу ичип, ашказанга, ичегилерге суу жүгүртсө жакшы. Суу ичкенден кийин дароо эле тамак жеген туура эмес. 20 мүнөттөй күтүп, балким ошол маалда намазын окуй калабы, айтор дароо организмди кыйнабай, аз-аздан азыктаныш керек. Майлуу тамак-аш эмес, жашылча-жемиштерди жеңиздер.

Буга кошумча профессор Надирова ооз бекитээрде таруудан, күрүчтөн жасалган ботко, 1 литрге чукул суу жана бир кашык бал пайдалуу экенин белгилейт. Анткени организм жайдын аптаптуу узун күнүндө жетиштүү суу ичсе чаңкабайт, ал эми сүткө бышкан ботко организмге керектүү белокту берет. Кыргызстанда Рамазан айы 17-майда башталып, июнь айынын ортосунда аяктайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG