Пакистан: кулак тундурган жардыруулар

Жамруддагы жардыруудан кийин аймакты коопсуздук күчтөрү текшерип жатышат, 17-декабрь, 2012

Түндүк-батыштагы жардыруу жана түштүк-батыштагы атышууда набыт болгондорду өлкөдө көптөн бери токтобой келаткан козголоңчул аракеттердин курмандыгы катары аташууда.
Пакистанда уруулар жашаган федералдык башкаруудагы Хайбер агенттиги аймагында дүйшөмбүдөгү жардыруудан кеминде 16 адам өлдү, 20 киши жарадар болду. Жамруд шаарчасындагы аялдамада болгон жардыруу жөнүндө окуяга күбө болгондордун ичинде Абдул Малак деген киши “Азаттыкка”: "Жардыруу кулакты жарып, айлана капкара түтүнгө бөлөнүп калды, - деди. - Адамдар качып баратканын көрдүк. Катуу коркуп кеткендиктен эмне болуп жатканын да жакшы түшүнбөй калдым. Кээ бир балдардын колу же буту үзүлүп калыптыр. Аларды машинеге артып, ооруканага жеткирип жатышкан".

Окуяга күбө болгондордун дагы бири Фазл Амин да жардыруунун үнү ушунчалык катуу болгонун, айланадагы элдин үрөйү учуп, эч нерсе кыла албай калышканын айтты.

"Жарылуудан айлана бүт жаңырып кетти, бардык жерди өрт каптаганын көрдүм, - дейт ал. - Биз өлгөндөр менен жарадар болгондорду өз колубуз менен көтөрүп бардык. Бир топ машине күйүп кеткен. Азырга чейин ал жаңырыктан кулагыбыз тунуп турат".

Жамруд шаарчасындагы ооруканада иштеген догдур Самин Жан Шинвари өлгөндөрдүн кеминде төртөө ооганстандык аялдар экенин, алардын паспорттору окуя болгон жерден табылганын айтты.

Шинваринин айтымында, беш жашар ооган кызы менен алты жаштагы пакистандык эки бала да жардырууда набыт болгон.

Бул жардырууну азырынча эч ким “мен жасадым” деп жарыя кыла элек.

Ушул эле күнү түштүктөгү Куэтта шаарында куралчан киши жергиликтүү өкмөттүн өкүлү менен эки полисменди атып өлтүрдү, окуяда дагы бир полисмен жаракат алды. Маалымат агенттиктеринин айтымында, жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Хадим Хуссейн Нурини башка динди тутунганы үчүн өлтүргөн болушу мүмкүн. Бул окуя үчүн да азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Аталган региондо акыркы жылдары жикчил мүнөздөгү чабуулдар көп катталды. Сунни мусулмандары шийилерге чабуул койгон учурлар көп кездешти.

Анын үстүнө ондогон жылдар бою провинция балуч элинин улутчулдарынын автономияга кеңиртилген укукту талап кылган козголоңчул аракеттери менен таанылган эле. Алар вилаеттин байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн өздөрүндө калтырууну талап кылып келатышат.

Дүйшөмбүдөгү кандуу окуялардын дагы бири Хайбер-Пахтункхвадагы Лакки Марват аймагында болду. Козголоңчулар менен атышууда төрт аскер өлгөнүн “Азаттыкка” жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ырасташты. Чабуулду талиптердин “Техрик-е-Талибан” тобу баштаганын өзүн ошол топтун расмий өкүлүмүн деген киши билдирди.