Пакистан: террорго каршы жаңы "курал"

Сим-картаны каттоодон өткөрүү. Карачи, Пакистан. 3-март, 2015-жыл.

Терроризмдин кайнаган казанына айланган Пакистан бул калаба менен күрөштүн айласында чөнтөк телефону бар ар бир жарандын бармак изин алууда. Бирок мындан майнап болобу?

Кээ бир өлкөлөр анын ичинде Кыргызстан дагы чөнтөк телефондун сим-картасын каттай баштады. Ошол эле убакта ар бир чектөөгө адам жаңы айла-амал таап чыгарат эмеспи. Мисалы, Тажикстанда сим-карта саткан фирмалар "паспортум жанымда жок эле" десеңиз, картаны өз кызматкерине каттап эле берет.

Мына эми Пакистанда бийликтер телефон байланышын коопсуз кылуу үчүн каттоодон тышкары, өз жарандарынын бармак изин чогултууда.

Белгилүү болгондой, бармак изи ар адамда ар башка болот жана ал биометрикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Пакистанда бийликтер өлкөдөгү 180 миллион жарандын ар биринин бармак изин чогулта баштады. Чогултулган маалымат жалпы улуттук базадагы маалыматтарга салыштырылат. Натыйжада бийлик өкүлдөрү, чөнтөк телефондордун үстүнөн көзөмөл бекемделип, алардын террордук чабуулдарда колдонулуусу алдын алынат.

5-мартка карата 72 миллион сим-карта текшерилди. Өлкөдө бардыгы болуп 103 миллион сим-карта колдонууда. Бардык карталарды кайра каттоо 14-апрелде аяктайт.

Биометрикалык маалыматты чогултуунун дүйнөдөгү эң ири масштабдагы жана эң тез чарасы бардык эле пакистандыктарга жага берген жок. Айрымдар бюрократиялык тоскоолдуктарга нааразы болсо, башкалар криминалдар менен террористтер жоголот турбайбы деп тебетейин көккө ыргытып жатышат.

Сулеман терроризмдин чордону саналган Пешавардан. Анын айтымында, бул чара бейпилдикке жол ачат:

- Кимдир бирөөлөр менин атыман үч сим-картаны каттап алыптыр. Мен мекемеге барып, баарын өчүртүп салдым. Анан өзүмдүн атыман кайра текшерилген сим-карталарды каттатым, - деп билдирди Сулеман "Азаттыктын" пакистан кызматына.

Пакистан бийликтери бул демилгени декабрда Пешавар шаарында мектепке кол салууда 150 киши атып өлтүрүлгөндөн кийин көтөрүп чыккан.

Ички ичтер министри Чодри Нисар Али Хан өткөн айда парламентке сим- карталарды каттоо террористтерди чолок кылат деген эле.

Көп кылмышкерлер жана террорчулар жасалма документ менен сатылып алынган сим-карталарды колдонот деп саналат. Телефон компаниялары бармак изин алуучу аппараттарды орнотуп, реклама өнөктүгүн өткөрүшүүдө.

Бирок бул ишке баарынын эле ичи чыккан жок.

Пешавардын дагы бир тургуну Азем элдин мазесин алгандан көрө өкмөт коопсуздук чараларын күч алдырса болмок деп эсептейт. Ал бомба жардырган кишилерди кармай албаган коопсуздук кызматкерлеринен пайда болоруна көзү жетпейт.

«Баары бир террорчулар сим-картаны каттатуунун дагы бир айласын табышат» деп кол шилтейт ал.

Азем каттоодон өтүү үчүн барып, кечке күтүп бирок каттоодон өтө албай келгендигин айтат.

Өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Пешавардагы декабрдагы кол салуудан кийин чабуул болгон мектептен Пенжаб дубанынын эки тургунуна катталган эки сим-картасын табышкан. Бирок карталардын ал тургундарга тиешеси жок болуп чыккан.