Пакистан премьери Панамадан чалынды

Панама кагаздары аталган, эки жыл мурда офшордон чыккан маалыматтар акыры Пакистандын премьер-министрин да кызматтан кетирди. Ал коррупцияга айыпталууда.

Пакистандын Жогорку Сотунун чечими 28-июлда чыкты. Судьялардын бири Ежаз Афзал Хан «Ал мындан ары парламенттин чынчыл мүчөсү боло албайт жана премьер-министрлик кызматты аркалоону токтотот» деди жараян соңунда.

Өкүм чыгар алдында Исламабаддагы Жогорку Соттун кеңсесинин алдына кылкылдаган адамдар чогулуп, 3 миңден ашуун коопсуздук кызматкери тартылды.

Сот имаратынын алдына чогулгандар

Кызматтан четтеткен соттун чечимине улай премьер-министр Наваз Шариф да дароо отставкага кетти. Анын билдирүүсүн окуган пресс катчысы Шариф чечимди акыйкатсыз деп эсептерин, сот жараяны тууралуу айта турган олуттуу эскертүүлөрү бар экенин, ага карабай сот бийлигине жана мыйзам үстөмдүгүнө сый-урматынан улам артка чегингенин белгиледи.

Жогорку сот премьерди быйыл апрелде эле кетирмек. Бирок анда айрым судьялар далилдер жетишсиз деп каршы чыгышкан.

Шариф 1990-жылдан бери өкмөттү үч ирет башкарды. Акыркысында 2013-жылдан бери иштеп келаткан.

Дүйнөлүк жылдыздардан тарта өлкө жетекчилерине чейинки адамдардын офшордук эсептерин тейлеген Панамадагы компаниянын маалыматтары эки жыл мурда ашкереленген. Миллиондогон документтер арасынан Шарифтин кызы жана эки уулу офшордо компания ачканы аныкталган. Алар аркылуу Лондондон кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр сатылып алынып турган деп шектелген.

Ошондо Жогорку сот жетектеген Бириккен тергөө тобу иликтөөсүн баштаган. Ал эми премьер-министр балдарына, түбү келип өзүнө тагылган айыптарды кутум деп, бир канча жолу жокко чыгарып келген:

"Буга чейин бизге каршы коррупциялык айыптардын бири да далилденген жок. Кудай буюрса, андай айыптар келечекте да далилденбейт. Каршылаштарыбыз каалашынча күнөөлөрдү арта беришсин. Болгон күчүн жумшасын. Бирок анын баары ийгиликсиз болот жана максатына жетпейт", - деген эле Наваз Шариф өткөн айда.

Пакистан оппозициясы чечимди жеңиш катары кабыл алды

Ал эми оппозиция анын кызматтан кетишин дембе-дем талап кылып келген.

- Пакистан соттору премьер-министрди жоопко тартышты. Премьер-министр Наваз Шарифке кызматта турган учурда анын жана балдарынын активдери кандайча миллион жолу көбөйгөн деген суроо коюлган болчу. Бүгүн Пакистанда жеңиш күнү, - деди оппозициядагы Техрик-е Инсаф партиясынын мүчөсү Фавад Чаудри.

Кызматтан эле кетпестен Шариф эми кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы ыктымал. Жогорку Сот антикоррупциялык бюрого бул иш боюнча жаңы иликтөө баштоону тапшырды.

Премьерге кошо өкмөттөгү таасирдүү адам, каржы министри Исхак Дар да сот чечими менен кызматынан кол жууду.

Өлкөдө парламенттик шайлоо эмки жылы өтөт. Ага чейин Улуттук Ассамблеяда көпчүлүктү түзгөн “Пакистан мусулман лигасы-Наваз” партиясы кайра эле өздөрүнөн премьер көрсөтөрү күтүлүүдө.

Наваз Шариф офшордон ашкереленген документтердин айынан кызматтан кеткен чоң жетекчилердин бири.

2016-жылы үй-бүлөсүнүн акчасы Панамадан табылган үчүн Исландия премьер-министри Сигмундур Гуннлаугссон кызматтан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.