Пакистандын федералдык башкаруудагы уруулар жашаган аймактарынын өзүн-өзү башкаруу укугу кеңейтилди.
Президент Асиф Али Зардари Пакистандын 14-августтагы эгемендик күнүн утурлай сүйлөгөн сөзүндө Федералдык башкаруудагы уруулар жашаган аймактар келерки 2014-жылдан тарта өзү-өзү башкарууга өтөт деди:
- Келерки жыл - уруулардын аймагы алардын арзуусуна, үрп-адаттарына жана салттарына ылайык - өзүн-өзү башкаруунун башталыш жылы болот. Биз бул жактын элине, тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана береги аймактарды өлкө жашоосунун шарына кошконго жооптуубуз.
Президент Зардаринин кеңсеси 4 миллиондон ашуун калк жашаган жана жергиликтүү согушчандар тескеген четки аймактарды реформалоону былтыр баштаган. Адеп британ оторчулугу заманыдан калган мыйзамдарга түзөтүү киргизип, саясый партиялардын аймакта ишмердүүлүк кылуусуна мүмкүндүк берилген.
Мыйзамга өзгөртүү жасалганга чейин Федералдык башкаруудагы уруулар жашаган аймактардан улуттук парламентке 12 депутат жана 8 сенатор шайланып, алар эч бир партияга кошула алчу эмес. Ошондуктан көз карандысыз эсептелген 20 парламентарий көбүн эсе жең ичинен сатыкка түшчү дешет серепчилер.
“Машал” радиосунун улук редактору Дауд Хайтактын айтышынча, жаңы чара кыштак жана шаар бийликтеринин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүп, мыйзамдарды эл аралык нормаларга жакындатат.
- Уруулар жашаган аймактагы жергиликтүү өкмөт - ошол жердеги бийликти гана түшүндүрөт. Бул аймакты провинциялдык өкмөт жетектеп, бирок жергиликтүү өкмөт жок болчу. Эми уруулардын эли жергиликтүү өкмөткө, тактап айтканда, кыштак жана шаар деңгээлиндеги бийликке өз өкүлдөрүн шайлай алат. Алар буга чейин өз өкүлдөрүн Пакистандын элдик жыйынына жана Сенатка гана шайлоого укуктуу эле.
Жаңы мыйзам эксперттер менен саясатчылардын боолгошунча, Исламабаддын таасирин күчөтүп, экстремисттерге каршы элди каршы койгонго мүмкүндүк түзөт.
Бул ошондой эле федералдык жана провинциялдык соттор шаар-кыштактарда жасалган кылмыш иштерин карай баштайт; провинциянын деңгээлинде да саясый партиялар иш жүргүзөт; бийликти мурдакыдай Исламабад дайындап, эл алдында жооп бербеген чиновниктер жүргүзбөйт жана жалпы улуттук мыйзамдар уруулар жашаган бардык жерлерде иштей баштайт дегенди билдирет.
Пакистандын жарым автономиялуу уруулар жашаган жерлери административдик жактан жети агенттикке, чек арага чектеш чакан алты аймакка жана Түндүк Батыш чек ара провинциясына бөлүнгөн.
Акыркы он жылда айрым бөлүктөрүн талиптер жана “ал-Каидага” жаатташ ислам экстремисттери тескеп-башкарган бул аймактарда тынчтык жок. Чөлкөмдү пакистандык жана эл аралык жихадчылардан тазалоо үчүн ал жакка он миңдеген аскер киргизилген. Уруштун кесепетинен 1 миллионго жакын адам жер которуп, бозгун болуп жүрөт. согушчандар жүздөгөн уруу аксакалдарын мерт кылган же киндик каны тамган жерлеринен кууган.
Пакистандын Федералдык башкаруудагы уруулар жашаган аймактар саламаттыкты сактоо, билим берүү, элдин жашоо ыңгайы сыяктуу маанилүү турмуштук көрсөткүчтөр боюнча Азияда эң артта калган регион саналат.