Исламабад динчилдердин талабына көндү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

15-апрелге карата Пакистанда вирус жугузуп алгандар 6500дөн ашты.

Пакистанда бийлик коронавирустун жайылышын ооздуктай албай жатса да динаятчыларга каршы чыга албай, Орозо айында мечиттерде намаз окууга уруксат берди.

Бул чечимге дарыгерлер каршы. Алар мечиттерде элдин топтолушу жугуштуу илдеттин жайылышына шарт түзөрүн эскертишүүдө.

Коронавирус пандемиясы башталганда бийлик жугуштуу оорунун жайылышын ооздукташ үчүн мечиттерди жабууга буйрук берген. Бирок ага ашынган динчилдер баш ийбей, намазга чогулууну улантышкан. Эрежелерди бузуп жаткандарга чара көргөн полиция кызматкерлерин радикал тургундар сабап, таш бараңга алышкан.

Орозо айына бир нече күн калганда алар эгер бийлик мечиттерди ачпаса Кудайдын каарына каларын эскертип, өкмөткө атайын талап менен кайрылышты. Расмий Исламбад өткөн жумада алардын талабына көнүп, мечиттерден намаз окууга уруксат берди. Ошол эле учурда айрым эрежелерди сактоого чакырды. Маселен, адамдар бири-биринен алыс турушу керек, жайнамаздарын ала келип, дааратты да үйдөн алышы зарыл.

Бирок телеканалдарда көрсөтүлгөн видеолордо мечитте намаз окуп жаткандардын ортосунда аралык сакталбаганын көрүүгө болот.

Ал эми тартип коргоо органдарына мечитке баргандарды куугунтуктоого тыюу салынды.

200 миллион калкы бар мамлекеттеги мындай кадамдар коронавирустун жайылышына шарт түзөрүн айтып, дарыгерлер коңгуроо кагып жатышат. Алар бийликтен мечиттерди жабууну суранышты. Карачидеги оорукананын башкы дарыгери жана Пакистандагы медиктердин ассоциациясынын мүчөсү Абдул Бари оор абалдагы бейтаптар ооруканага бир убакта көп санда түшсө өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын чама-чаркы жетпей каларын айтты. Ал Пакистанда дарыгерлер жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз экенин кошумчалады. Буга чейин коронавирустан коргонуучу каражаттардын жоктугуна байланыштуу иштөөдөн баш тарткан дарыгерлерди полиция ур-токмокко алган.

Дарыгерлердин мечиттерди жабуу тууралуу сөздөрүнө Синд провинциясынын жергиликтүү бийлиги гана кулак салгандай. Аймак жетекчиси Мурад Али Шах жума күнү өз телекайрылуусунда тургундар Орозо айында кечки намазды үйдөн окушу керек экенин айтты. Өлкөдөгү эң ири деп эсептелген Карачи шаары жайгашкан бул провинциянын динаятчылары жергиликтүү бийликтин мындай чечимин кандай кабыл алары азырынча белгисиз.

Баш калаа Исламабаддагы саясат таануучу, профессор Хуснул Амин «The New York Times» басылмасына берген комментарийинде Пакистандын бийлиги толугу менен динаятчыларга баш ийип калганын билдирген. Ал өкмөт алардын айынан коомдун кызыкчылыгын да артка калтырып жатканын кошумчалап, бул таптакыр демократияга жатпаган кадам деп эсептейт.

Дагы караңыз Пакистанда карантинден качкандардын каяшасы

Бийликти тоготпогондордун арасында «Таблиги жаамат» кыймылынын мүчөлөрү да бар. Бул кыймыл март айында бийликтин тыюусуна карабай 100 миңден ашуун мүчөсүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн. Ал иш-чарага 40тай мамлекеттен коноктор барышкан.

Көп өтпөй кыймылдын чет жактардан келген миңдей мүчөсүнөн коронавирустун белгилери байкалгандыктан обсервацияга алынган. Алардын арасында Ирандын, Малайзиянын, Нигериянын жана Кыргызстандын да жарандары бар.

Пакистанда 24-апрелге карата коронавируска 11 миңден көп адам чалдыгып, 200дөн ашуун киши кайтыш болду. Байкоочулар бул сандар чыныгы көрсөткүчтөрдөн кыйла төмөн болушу мүмкүн экенин боолголошот. Анткени Пакистанда көп адамдардан тест алууга мүмкүнчүлүк да жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​