Пакистандагы бомба чабуулунан америкалык эки дипломат жарадар болду.
Жардыруудан АКШнын Пешавардагы консулдугунда иштеген пакистандык эки жаран да жарадар болгонун Кошмо Штаттардын Пакистандагы элчилиги билдирди. Расмий маалыматта бул “террордук чабуул” экени, эки америкалык менен эки пакистандык ооруканда дарыланып жатканы белгиленген.
Кол салуу 3-сентябрда Пешавардын мыкты күзөтүлгөн жана дипломаттык кеңселер жайгашкан районунда болду. Мурда болгон ушундай чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистан талиптери өздөрүнө алган эле. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуленд жанкечтинин чабуулун иликтөөдө Пакистан менен кызматташууга АКШ кызыкдар экенин билдирди.
Акыркы маалыматтарга караганда, машине айдаган жанкечтинин бомба чабуулунан 19 адам жарадар болгону да айтылууда.
Жарылууга күбө болгон кароолчу Азрет Али буларды айтып берди.
- Жарылуу саат тогуздан беш мүнөт өткөндө болду. Мен сыртка чыкканда ичинде чет элдик жарандар бар машинени көрдүм. Бир жаран күйүп жатыптыр, дагы бир жарадар болгону машинеден сыртка боюн таштап жиберди.
Ооруканага түшкөндөр тууралуу ал жердеги врач акыркы маалыматтар менен бөлүштү:
- Биз 21 кишини кабыл алдык. Алардын ичинен экөө мерт болгон экен. Жарат алган он тогуз кишинин ичинде аялдар жана балдар бар. Жабыркагандардын 80 пайызы оор абалда.
Шаардагы полициянын башчысы Жавед Хан күйүп-талкаланган машиненин ичинен америкалык паспорт табылганын билдирди. Жергиликтүү телеканалдар жарылуудан кийин толугу менен күйүп кеткен автоунааны көрсөтүп жатышты.
Маалыматтарга караганда, бул автоунаа АКШ консулдугунан чыгып кеткен соң чабуулга туш болгон. Азырынча жардыруу боюнча жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.
Хайбер Пахтунхва провинциясынын маалымат министри Миэн Ифтихэр Хусейн террористер чет мамлекеттик жарандарды кол салуулар менен коркутууну каалаганы кооптондурарын белгиледи.
Пешавар шаары Пакистандын уруулардын башкаруусундагы жарым автономиялуу аймакка коңшулаш жайгашкан. Бул аймак талибандар жана “ал-Каида” согушчандарынын башкы түнөгү болуп саналат.
Акыркы жылдары Пешавар шаары көптөгөн бомба чабуулдарын баштан кечирди. Бирок АКШ өкмөтү кабыл алган тыкыр коопсуздук чараларынан улам америкалыктарга бул аймакта сейрек кол салынчу.