Жогорку сот 28-январдагы чечими менен аны актаган буга чейинки өз өкүмүн коргоду. Асия Биби былтыр октябрда акталган, бирок ашынган динчилдер аны бошотууга каршы чыгып, ири жүрүштөрдү уюштургандан кийин бийлик христиан аялдын ишин кайра кароого макул болгон.
- Анын ишин кайра кароо боюнча өтүнүч четке кагылды, - деди Жогорку соттун төрагасы Асиф Саид Хоса.
Былтыр октябрда сот актагандан бери толук эркиндикке чыгарылбай, коопсуздугунан улам бийлик жашыруун жерде кармап жаткан Асия Биби үчүн бул эң акыркы өкүм болмокчу. Башкача айтканда ал эми толук боштондукка чыгарылат.
- Анын качан кетерин өзүнөн сурап көрүңүз. Менимче, тез арада, балким бүгүндөн калбай кетет. Ал үчүн бул жер коопсуз эмес, өлкөдөн чыгып кетиши керек, - деди Асия Бибинин адвокаты Сайфулла Мулк.
Беш баланын энеси, 54 жаштагы христиан аял «пайгамбарга акарат келтирген» деп айыпталган. Ал 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот өлүм жазасына өкүм кылган. Райондук соттун өкүмүн 2014-жылы Жогорку соттун Лахор шаардык бөлүмү да күчүндө калтырган. Бирок Бибинин адвокаты апелляциялык арыз менен кайрылгандыктан эң жогорку жазаны аткаруу убактылуу токтотулган. Ал эми былтыр октябрда Жогорку сот христиан аялды актаган.
Бирок буга каршы болгон ашынган динчилдер бир канча шаарда нааразылык акцияларын уюштуруп, полиция менен кагылышкан жана ал Карачи, Лахор шаарларында башаламандык менен коштолгон. Бир канча партиянын башын кошкон «Муттахида мажлисил амал» биримдигинин башчысы Маулана Фазл Рахман буларды билдирген болчу:
- Өлкөнүн ар бир бурчунан исламдын уулдары Жогорку соттун өкүмүнө каршы көчөгө чыгышты. Жогорку соттун өкүмү менен акталган Асия Бибиге эл өз өкүмүн чыгарып жатат. Элдин соту Жогорку соттун чечимин четке какты. Биз эл аралык коомчулуктун басымы менен чыгарылган бул сот чечимин кабыл албайбыз.
Мындан тышкары радикал исламчылар Асия Бибини жана аны актаган соттордун көзүн тазалоого чакырык ташташкан. Бул нааразылыктын артында негизинен «Техрик-и-Лабаик Пакистан» партиясы турган.
Ноябрда «христиан аялдын сотто акталышы боюнча кескин чакырыктарды таратты» деген динаятчы, «Техрик-е Лабаик» партиясынын башчысы Хадим Хуссейн камакка алынганы жана анын «Твиттер» социалдык түйүнүндөгү аккаунту жабылганы кабарланган.
- Биздин эч ким менен душмандыгыбыз жок. Болгону пайгамбарга акарат келтиргендерге байланыштуу гана талашыбыз бар. Бардык пакистандыктар, анын ичинде азчылыктар да ынтымакта жашашы керек. Бирок азчылык азчылыктай болушу зарыл, - деп билдирген партиянын лидери Хадим Хуссейн камакка алынганга чейин.
Өлкөдө курчуган кырдаалга байланыштуу бийлик ноябрда тарса аял боюнча Жогорку соттун акыркы чечимин кайра дагы бир жолу кароого макул болгон.
«Техрик-и-Лабаик Пакистан» партиясынын өкүлдөрү 28-январдагы билдирүүсүндө христиан аялды актаган кандай гана чечим болбосун кабыл албай турганын жарыялап, жаңы акцияларды өткөрүүгө камынып жатышканын кабарлашты. 29-ноябрда ишти кароо учурунда полиция Исламабаддагы Жогорку сот жайгашкан аймакта коопсуздук чараларын күчөттү.
Христиан динин тутунган Асия Биби өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келе жатат. Ал соттук териштирүү бүтүп, абактан чыкса эле Пакистандан кете турганын билдирген. Анын күйөөсү Батыш мамлекеттерине алардын үй-бүлөсү үчүн баш паанек берүүнү сурап кайрылууга мажбур болгон. Анын кыздарына Канада качкын макамын берген.
Опуза күчөгөндө тарса аялдын адвокаты да Пакистандан чыгып кетип, кийин эл тынчыганда гана кайра кайтып келген.
Бир катар Батыш мамлекеттери жана эл аралык уюмдар Исламабадды Асия Бибини бошотууга жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууга үндөшкөн.
Пакистанда «исламга акарат келтирген» деп айыпталгандар өлүм жазасына тартылат. Айрым учурларда айың кептерге эле таянган адамдар шектүүлөрдү сотсуз ташбараңга алган учурлар кездешет. АКШнын Эл аралык диний эркиндик комиссиясынын 2018-жылдагы баяндамасына караганда, Пакистанда «динди маскаралаган» деп өлүм жазасына тартылган же өмүр бою соттолгон 40тай киши камакта отурат. Пакистандын 200 миллионго чукул калкынын 1,6% тарса-христиандар түзөт.