Пакистандын эгемендигинин соңку жетимиш жылдык тарыхында өлкө парламенти беш жылдык мөөнөтүн армия же саясий толкундоо аркылуу таратылбастан, үчүнчи ирет гана өз ишин аягына чыгарууда. Ал эми бийлик бир жарандык өкмөттөн экинчи жарандык өкмөткө демократиялык жол менен алгач 2013-жылы берилген.
Башкача айтканда, мындан беш жыл мурда, 2008-жылы шайланган парламент жана ал кураган өкмөт биринчи жолу мөөнөтү аяктаганча иштей алган.
Андан кийин 2013-жылкы парламенттик шайлоонун натыйжасында куралган өкмөт бир сыйра премьер-министр алмашканына карабай, быйыл 1-июнга чейин иштей алды.
Саясий өнөктүк алдындагы эки ай ичинде аткаруу бийлигин утурумдук, техникалык өкмөт аркалап, эми шайлоо артынан жаңы өкмөт келиши күтүлүүдө.
Бирок азыркы шайлоо өнөктүгү деле тынч өттү деп айтыш кыйын. Согушкерлер жоопкерчилик алган бомба жардыруулардан кеминде парламентке талапкерлердин үчөө мерт болду. Анткени, байкоочулардын баамында, өкмөт тыюу салганына карабай, саясий партиялар менен катар шайлоо өнөктүгүн экстремиссттик топтор да жүргүзүп жатышат.
- Коопсуздук 2018-жылдын шайлоосунда да 2013-жылдагыдай эле чоң тынчыздануу жаратууда. Биз Белужистанда, Мастунгда, Пешаварда жана башка жерлерлерде шайлоо өнөктүгү менен митингдерге каршы багытталган жардырууларды көрдүк. Андыктан коопсуздук өтө олуттуу маселе. Мына ушул жүйөдөн улам шайлоо күнү коопсуздукту камсыз кылуу максатында үч жүз миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылганы жатат, - дейт Исламабаддан саясат талдоочу Матиулла Ян.
Бул жолу саясий өнөктүк ошондой эле шек саноо, мамлекеттик институттардын калыстыктан кеткени тууралуу дооматтар менен коштолду:
- Мындай айыптоолор азыр кеңири жайылган. Пакистандын Элдик партиясы, Наваз Шарифтин "Мусулман лигасы" партиясы жалпы саясий жараянга шек саноо менен карап, өлкөнүн коопсуздук жаатындагы башкаруучу чөйрөсү (истеблишмент) өзүнүн жан тарткан талапкерлерине жардам берип жатканына мезгил-мезгили менен даттанышууда. Мындай жагдай, албетте, тынчсыздандырып, ошондой эле бүткүл шайлоо жараянынын жыйынтыгына болгон ишеним тууралуу суроолорду жаратышы мүмкүн, - деди талдоочу Матиулла Ян "Рейтердин" кабарчысына.
Ал эми Пакистандын “коопсуздук истеблишменти” бул шайлоодо колдогон талапкер катары өлкөнүн мурдагы крикет чебери, курама команданын мурдагы капитаны, 66 жаштагы Имран Хандын "Пакистан Техриик-и-Инсаф" партиясы аталууда.
Коопсуздук истеблишменти дегенде эң ириде Пакистандын армиясы эске алынат. Армия өзү Пакистанды эгемендик алгандан бери эле түз да, кыйыр да башкарган институт болуп эсептелет. Имран Хан да шайлоо митингдеринде армияны колдоп сүйлөп жатты.
- Эл аралык истеблишмент Индия Кытайдын аймактагы бийлигине тең салмак орнотушун каалайт. Алар Пакистан да Бутан, Непал, Бангладеш өңдүү Индиянын үстөмдүгүнө макул болушун көздөшөт. Бирок, буга Пакистан армиясы жолтоо болууда. Алар Пакистан армиясы алсырап, аброю кетишин каалашат. Мен Пакистан элинин атынан биздин армия биримдикте экенин, анын артында эл турарын айткым келет. Биздин армия терроризмге каршы согушту жеңип, элге тынчтык алып келди. Армия бобосо, тынчтык кантип орнойт эле? - деди ал Карачидеги акыркы шайлоо митингинде.
Имран Хандын борборчул жана борборчул-оңчул "Техриик-и-Инсаф" партиясы буга чейинки акыркы шайлоодо (2013-жыл) 342 орундуу парламенттен 35 гана орун алган.
Анын башкы атаандашы - кызмат мөөнөтү аяктаган парламентте 126 мандаты болгон, мурдагы премьер Навази Шарифтин "Пакистан мусулман лигасы" партиясы. Шайлоого Навази Шарифтин бир тууганы Шахбаз Шариф баштап чыккан партия коомдук пикирди сурамжылоонун айрым жыйынтыктарында биринчи орунда да келе жатат.
Коррупция боюнча айыпталган Навази Шариф өзү бийликтен былтыр июлда Жогорку соттун чечими менен кулатылып, кийин сыртынан он жылга кесилген. Ал ушул айдын орто ченинде мекенине кайтып келген соң камакка алынды.
Мурда бир сыйра армиянын күчү менен бийликтен кулатылган Шариф азыркы дооматтар менен сот чечимдерин саясий атаандаштарынын өч алуусу катары баалаган.
Үчүнчү орунду бул шайлоодо азыр мурдагы премьер-министр, маркум Беназир Бхуттонун 29 жаштагы уулу Билавал Бхутто Зардари жетектеген, парламенттик тарыхы бар Пакистан элдик партиясы (PPP) алат деп күтүлүүдө. Көпчүлүктү түзүш үчүн Пакистан парламентинде 172 мандат талап кылынат. Азыркы шайлоого да адаттагыдай эле Пакистандын исламчыл партиялары да катышууда.