Пакистан өкмөтү жоочулар менен кепке келди

Пакистандын өкмөт өкүлдөрү менен уруу башчыларынын талибдер менен сүйлөшүү демилгесине ортомчулук кылган учуру.

Пакистандын өкмөтү менен «Техрик-и-Талибан» уюму убактылуу ок атышууну токтотууну макулдашты.

Ал күчүнө кирери менен тараптар 14 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуп, бейпилдик үчүн сүйлөшүү жүргүзүүнү колдошту. Эки тараптын жарашуу жараянына Ооганстандын “Талибан” өкмөтү ортомчу болгону кабарланды.

Пакистандын өкмөтү менен «Техрик-и-Талибан» уюму ок атышууну бир айга токтотуу боюнча макулдашууга жетишти. Ал макулдашуу расмий ачык жарыялангандан бир нече сааттан кийин 9-ноябрда күчүнө кирди. Бул тыйуу салынган диний-радикалдык уюм пакистандык “Талибан” деген ат менен да белгилүү.

"Тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылат"

Пакистандын маалымат министри Фавад Чаудри ок атышууну токтотуу мөөнөтүн узартуу мамлекет бүтүндүгүн сактоо үчүн мындан аркы сүйлөшүүлөргө көз каранды экенин айтты:

«Пакистандын өкмөтү менен «Техрик-и-Талибан» ок атышууну толук токтотууну макулдашты. Талибдер менен сүйлөшүүлөр Пакистандын Баш мыйзамына жана мыйзамдарына ылайык жүрдү. Эгер сүйлөшүүлөр уланса, ок атышууну токтотуу мөөнөтү дагы узартылат. Сүйлөшүүлөрдө мамлекеттин эгемендигине, өлкө коопсуздугуна жана аймактардын бейпилдигине артыкчылык берилди», - деди министр Фавад Чаудри.

«Техрик-и-Талибандын» расмий өкүлү Мухаммад Хорасани ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга кол коюлганын ырастап, тараптар эми тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү мындан ары улантуу үчүн атайын топторду түзөрүн кошумчалады.

Коюлган шарттар белгисиз

Ошол эле кезде ок атышууну токтотуу макулдашуусуна жетишүү үчүн кандай шарттар коюлганы эки тараптан тең айтылган эмес.

«Техрик-и-Талибан» уюму Пакистанда “Мухаммед пайгамбарга шек келтирди” деген негиз менен Франциянын саясатына каршы ири шаарларда бир катар демонстрацияларды уюштуруп, жергиликтүү өкмөттүк күчтөр менен байма-бай кагылышып келген.

«Техрик-и-Талибандын» жергиликтүү лидерлеринин бири Адил Ризви жакында эле бийлик менен тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүнүн бирден-бир шартын атаган.

«Өкмөт өзүнүн буга чейин былтыр берген убадасын аткарышы керек. Азыр бийлик француз элчисин өлкөдөн айдап чыгууга тийиш. Парламентке Мухаммед пайгамбардын аброюн коргоо боюнча резолюцияны бекитүүгө жибериши зарыл», - деди Адил Ризви.

Пакистандын маалымат министри Фавад Чаудри Ооганстандын “Талибан” өкмөтүнүн жетекчилери эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрдү уюштурууга ортомчу болгонун белгиледи:

«Ооганстандын «Талибан» өкмөтү сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылды. Бул жакшы жаңылык. Көптөн бери тынчыбаган ал аймактарда эми мындан ары тынчтык орноп, бейпилдик болот»­, - деди министр Фавад Чаудри.

Имран Хандын идеясы ишке ашты

Ооганстандагы “Талибан” менен ошондой эле суннит агымындагы пакистандык «Техрик-и-Талибандын» диний-идеологиялык багыттары окшош экени сыпатталган. Бир ай мурда премьер-министр Имран Хан айрым топтор менен жарашуу тууралуу сүйлөшүү башталганын айткан.

Имран Хан. Пакистандын премьер-министри

«Мен саясатчы катары «Талибан» менен саясий диалог болушу керек деген ойдомун. Бул алдыга карай жол. Биз аларды кечире алабыз. Алар кадимки жарандардай тынч оокатын кылса болот. Азыр алардын ичинен кээ бир топтору биздин өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү каалагандары бар. Биз алар менен сүйлөшөбүз. Бул жарашуу жараяны», - деген болчу премьер-министр Имран Хан.

Ооганстандагы “Талибан” кыймылы быйыл 15-августа Батыш колдогон өкмөттү кулатып, Кабулду ээлеген. Ага чейин өкмөттүк армия жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр менен согушкан талибдер жоочуларын дал мына ошол «Техрик-и-Талибан» көзөмөлдөгөн Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагындагы жашыруун лагерлерден даярдай турганы белгиленген.

Бенназирдин уулу өкмөттү айыптады

Өткөн 14 жыл аралыгында «Техрик-и-Талибан» андагы уюштурган жанкечтилердин жардырууларынан, капыстан жасалган террордук кол салуулардан жүздөгөн аскерлер жана караламан пакистандыктар каза тапкан.

Айрым пакистандык расмилер бул уюмдун 2007-жылы экс-премьер-министр жана Пакистан элдик партиясынын лидери Беназир Бхуттого кол салуу окуясына катышы бар деп айыптаган.

Анын уулу Билавал Бхутто Зардари жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп жатып, өкмөттү “террористтик уюм менен менен сүйлөшүүгө барды” деп айтыптады.

Билавал Зардари аталган уюм 2014-жылы Пешавардагы аскердик мектепке кол салып, андан кеминде 150 жаш курсант баша окко учканын эске салды. Ошондой эле ал «Техрик-и-Талибан» бир топ саясатчылар менен аскер адамдарын өлтүргөн террордук уюм экенин жана аны менен сүйлөшүүнүн шарттары эмнеге мынча жашыруун болуп, парламентке эч кандай маалымат берилбегенин сынга алды.

Буга чейин «Техрик-и-Талибан» жоочуларын Түндүк Вазиристанга жайгаштырып, улам бир Пакистандын шаарларына террордук кол салууларды уюштуруп келгени кабарланган.