Кашмир кризиси: Пакистандын эскертүүсү

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгү.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан 26-августта элге жасаган кайрылуусунда, мекендештерин ушул жума күнү жумуштарын токтотуп, 30 мүнөттүк убактысын бөлүп, Индия көзөмөлдөгөн Кашмирде жашагандарга колдоосун көрсөтүүгө чакырды.

Ал Кашмир маселесине жетиштүү көңүл бурбай жатат деп эл аралык коомчулукту, Бириккен Улуттар Уюмун сынга алды.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди болсо, Кашмир эки гана мамлекеттин чатагы экенин айтып, аны өздөрү гана чечүүгө тийиш экенин билдирүүдө.

Имран Хан жума күндөн тарта, 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кашмир маселесин караганга чейин аптасына бир жолу кашмирликтерге колдоо көрсөтө турганын жарыялады.

“Ушул жумада сиздер кашмирликтерге колдоо билдирүү үчүн саат 12:00дөн 12:30га чейин чыгышыңыздар керек!” деп кайрылды ал Пакистандын элине.

Анын бул кайрылуусу түз ободо телеканалдардан жана радиолордон берилди.

Имран Хан.

“Мен Кашмирдин бүт дүйнө боюнча элчиси болом, Кашмирдеги кырдаал тууралуу бүт дүйнөгө айтып турам. Кашмирде азыр болуп жаткан нерсе, Бириккен Улуттар Уюмунун алсыздарга жардам берген эң чоң милдети болушу керек эле. Тилекке каршы, Бириккен Улуттар Уюму күчтүү өлкөлөрдү колдойт", - деген Имран Хан Кашмир маселесинде мусулман мамлекеттери унчукпай отурганына токтолуп, алар да өз пикирин айтат деген үмүтүн билдирди.

Ал сөзүнүн акырында Пакистан Кашмир маселесинде баарына даяр экенин айтты:

“Эгер кырдаал согушка жете турган болсо, эсиңерге алып койгула, эки өлкө тең өзөктүк куралга ээ, ал эми ядролук согуштан эч ким утпайт. Бул бизге гана эмес, бүт дүйнөгө таасир этет. Ошондуктан жоопкерчилик бүгүн эл аралык коомчулукта жана дүйнөлүк державаларда”.

Имран Хан Индиянын аймагындагы кашмирликтер өз келечегин референдум аркылуу өздөрү аныкташы керек деп эсептейт.

Ал арада Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен АКШ президенти Дональд Трамп 26-августта Францияда, “Чоң жетинин” саммитинин алкагында кездешип, Кашмир маселеси боюнча пикирлерин ортого салды. Нарендра Модинин айтымында, бул Пакистан менен Индиянын гана маселеси.

"Бул Индия менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу көйгөй. Биз дүйнөдөгү кайсы бир өлкө буга аралашуусун каалабайбыз. Анткени бул эки тараптуу маселе. Биз 1947-жылга чейин бир өлкө болуп турганда да, андан кийин да сүйлөшүү аркылуу чечим таап келгенбиз. Азыр да ошондой болот деп ишенем", - деди Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.

Наренда Моди менен Дональд Трамп. Франция,Биаррица шаары. 26-август, 2019-жыл

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Пакистан менен Индиянын ортосунда ортомчулук кылууга даяр экенин айтты.

"Мен эки жигит (Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан) менен тең жакшы мамиледемин. Эгер кандайдыр бир себептен керек болуп калсам мен бул жердемин. Бирок мен бул маселени алар өздөрү эле чече алат деп ойлойм. Булар муну көптөн бери жасап келе жатат".

5-августта Индия өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат. Ошондон бери эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу күчөдү.

Нью-Дели Кашмирге аскердик абал киргизип, Интернетти жана телефон байланышын чектеген. Буга карабастан аймакта нааразылык очоктору пайда болуп, полиция менен кагылыш да орун алууда.

Индия бийлиги ишендиргендей, 5-августтан бери Кашмирде полициянын колунан бир да киши көз жумган жок. Бирок жергиликтүү тургундар үч адам өлгөнүн, анын бири жаш келин экенин айтып жатат.

Индия көзөмөлдөгөн аймактагы кашмирликтерди колдогон пакистандыктар.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө жашагандардын көбү эгемен мамлекет болууну же Пакистанга кошулууну самашат.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө ушул Кашмирдин айынан тутанган.

Индия менен Пакистан - курамына Кыргызстан да кирген Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө. Аталган уюм азырынча Кашмир маселеси боюнча ачык пикирин билдире элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.