Өзбек муфтиятындагы фонддун күмөн иштери

«Вакф» фондунун имараты.

Өзбекстанда кайрымдуулуктан түшкөн каражатты бир колго топтоо максатында президенттин буйругу менен «Вакф» фонду түзүлгөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын иликтөөсү жеке жарандар менен мекемелерден каражат түшкөн фонддун иши күмөндүү экенин көрсөттү.

Коңшу өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу кайрымдуулуктан түшкөн каражат да ушул фонд аркылуу таратылып жатат.

Мындан эки жыл мурун президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен «Вакф» деп аталган фонд түзүлгөн. Фондго кайрымдуулуктан түшкөн каражатты көзөмөлдөп, аны элдин диний билимин көтөрүш үчүн жумшоо милдети коюлган. Өзбекстандын бардык аймагында бул фонддун филиалдары ачылган.

Фонд канча акча кайдан түшүп, канчасы кайда жумшалганын ачыкка чыгарбайт. Уюмду ичинен билген булактар «Азаттыктын» өзбек кызматына документтерге негизделген маалыматтарды жиберишти. Андагы маалыматтарга караганда кайрымдуулук фонду ишмердүүлүгү шек жараткан компанияларды каржылап келген.

Мисалы, 2019-жылы жеке ишкер Сурхандарыяда жайгашкан бир мейманкананы фондго кайрымдуулук иретинде бекер өткөрүп берген. Бирок фонд аны «өзүбүз курдук» деп документтештирип, ага дагы 1,5 миллиард сум же (148 миң доллар) жумшаган.

Ушуга окшош факт Самарканд облусунда да катталган. Челек районунун администрациясы акысыз бөлүп берген жерге мейманкана салына башталган. Бирок курулуш али башталбай жатып, ал долбоорго да эки миллиард сум (же 197 миң доллар) бөлүнгөн. Бул иштерди ичинен билген булак атын жашыруун калтыруу шарты менен «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Тендер өткөрүлгөн жок. Ал курулуштун долбоорунун сметасын көргөн жокпуз. «Шаркий Заман Курулуш» компаниясы муну 20 миллиард сумга же (1 млн. 979 миң долларга) курамын деди. Эмне үчүн 20 миллиард? 20 миллиард сум деген сумма кайдан чыкты? Эмнеге негизделди? Эч ким билбейт. Алдын-ала эки миллиард сум курулуш компаниясына которулду. Анткени бул курулуш компания азыркы муфтий Усмонхон Алимовдун тууганына тиешелүү».

Тураев: Мыйзам жана кудай алдында жооп беребиз

«Азаттыктын» булагы сөзүнө далил катары «Вакф» фондунан которулган акчанын документтерин ачыкка чыгарды. Сөз болуп жаткан фонддун жетекчисинин каржы иштери боюнча орун басары Зохиджон Тураев бул дооматтарга мындайча жооп берди:

«Тендер өткөрүлбөгөнү чын. Сурхандарыя облусунда Аким Термези күмбөзүнүн жанындагы мейманкананы жеке адам садага кылып бергени да чын. Бирок 1,5 миллиард сум ал мейманкананы ремонттоп, эмерек менен жабдууга жумшалды. Челек райондук акими бөлүп берген жерге түшө турган мейманкананы куруу «Шаркий Заман Курулуш» компаниясына берилгени да чын. 20 миллиардга бааланган курулушка алдын-ала эки миллиард берилгени да чын. Бул фирманын ээси «Эшон бобо», аймакта аны өтө урматташат. Менинмче ал фирма тек гана туунду фирма. Анын үстүндө Эшон анын куратору болуп турат. Анын өзүн көргөн эмеспиз, анын өкүлү келген. Бирок биз акчаны ары-бери чачууну көздөгөн эмеспиз. Башкалар мыйзам алдында гана жооп берсе, биз кудай алдында да жооп беребиз».

Тураев долбоордун 20 миллиард сумдук сметасы бекитиле элек экенин кошумчалады:

«Компаниянын кожоюну ким экени белгисиз. Бизге аны тааныштырышкан да эмес. Тендер өткөрүлбөгөнү чын. Эмнеге экенин билбейм. Угушума караганда муфтийдин тууганы экен. 20 миллиард чынында кымбат. Долбоору жок. Болгону тышкы көрүнүшү гана сызылган. Бөлмөлөрүнүн узун-туурасы кандай болот? Канчасы эконом-класс, канчасы люкс-класс, канчасы бир орундуу болору да талкууланган эмес. Чоңдор чечсе керек, балким алар билишер».

Тураев «чоңдор» деп Өзбекстандын муфтиятын айтып жатат. Өзбекстандын мусулмандар кеңешинин мүчөсү атын көмүскөдө калтырууну суранып, «Вакф» фонду коммерциялык мекемеге айланып кеткенине нааразы экенин билдирди.

"Вакфтан" акча алган арачы сот

«Азаттыкка» келип түшкөн документтерге караганда ири курулушту салууга укук алган «Шаркий Заман Курулуш» компаниясы Файзуллаев Шавкат Зубайдуллаевич аттуу жаранга катталган.

Шавкат Файзуллаев - Ташкент шаарынын сот арачыларынын тизмесинде турат. Ал ошондой эле эл аралык арбитраждык жана арачы сотторду өнүктүрүү боюнча коомдук фонд негиздеген.

Фонддун өкүлү Тураев «Азаттыкка» «Вакф» чындап эле Самарканд облусунда 20 миллиард сумдук мечитти куруш үчүн Файзуллаев менен келишим түзгөнүн бышыктады. Фонд «Шаркий Заман Курулуш» компаниясына эки миллиард сум которгонун далилдеген финансылык доументтер журналисттердин колуна тийди.

Өзбекстандык юристтердин бири «Азаттыкка» ырастагандай, Юстиция министрлигинин сот арачыларынын тизмесинде турган жаранга «Вакф» фондунун курулуш долбоорлоруна катышууга мыйзам жол берет.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги журналисттердин бул суроосун жоопсуз калтырды.

Ошондой эле «Азаттыктын» өзбек кызматы Шавкат Файзуллаев Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимовдун жээни экенин расмий тараптан тактай алган жок.

Сөз болуп жаткан «Вакф» кайрымдуулук фонду 2018-жылы 16-апрелде Өзбекстан мусулмандар диний башкармалыгынын алдында президент Мирзиёевдин буйругу менен түзүлгөн.

Бул мекеме түзүлөрү менен мечиттер менен медреселерди ремонттоого мамлекеттик бюджеттен да ири каражат бөлүнгөн. Фонддун жетекчисинин буга чейинки орун басары коррупция үчүн айыпталып камакка алынган.

«Вакф» фондун Искандар Халилов жетектейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​