АКШ жана Евробиримдик Титиевдин камалышына кабатыр

Оюб Титиев.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Чеченстандагы таанымал активисттин “баңгизат ташып бараткан” деген шек менен кармалганын атайын уюштурулган иш катары баалап, анын бошотулушун талап кылышууда. Укук коргоочу Оюб Титиевге "мыйзамсыз баңгизат сактаган" деген айып тагылууда.

Орусиядагы таасирдүү «Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оюб Титиев 9-январда жолдо бараткан жеринен кармалып, Курчалой райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бир нече саат бою ага адвокатын киргизбей коюшкан.

Андан кийин Чеченстандын ИИМи укук коргоочуга "180 грамм «кара куурай жыттанган» затты ташып бараткан" деген кине тагылганын маалымдаган. Мындай кылмыш үчүн Орусияда он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Чеченстандын башчысына караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин өкүлү Хеда Саратова Оюб Титиев өзүнө тагылган айыпты дароо четке какканын билдирген:

Хеда Саратова.

- Ал унаасы жаңы гана автожуугуч жайдан чыкканын, анын ичинде эч нерсе болбогонун айтты. Ал ким атайылап баштык таштап кеткенин билбейт, өзү бул баштыктын ичиндеги нерселерге, баштыктын өзүнө тиешеси жоктугун айтууда.

10-январда Москвадагы Кыйноону алдын алуу комитети Оюб Титиевдин камалышын “уурдоо” деп баалап, Орусиянын Конституциясы жана башка мыйзамдар боюнча анын укуктары одоно бузулуп жатканын айтып чыккан.

Укук коргоочулар Чеченстанда күч органдары бийликке сын айткандарды “маңзат менен кармаган” учурлар көп кездешерин эскеришет.

Эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун өкүлү Татьяна Локшина Титиевдин маңзат менен кармалганы “толук жасалма” экенин айтты.

Татьяна Локшина.

- Чеченстандын бийлиги баңгизатка байланыштуу айыптап, абакка салган бир нече кишини билебиз. Бул ошондой иштердин бири жана чечен бийлиги өзүнө каршы сүйлөгөн оппоненттеринин оозун жабыш үчүн көп колдонгон ыкмасынын дагы бир мисалы экени көрүнүп турат, - деди ал.

Орусиялык укук коргоочу Олег Орлов Титиевдин кармалышын анын ишмердүүлүгү менен гана байланыштырат.

Олег Орлов.

- Кылмыш иши жасалма, Оюбдун укуктук ишмердиги үчүн кысым көрсөтүү болуп жатканы түшүнүктүү эле болуп турбайбы, - деди ал.

Ал эми Чеченстандын тышкы байланыштар жана маалымат министри Жамбулат Умаров «Титиевдин кармалышынан саясий мотив көрбөгөнүн» айткан.

- Эгерде бул жаңылыштык болсо, мен силерди ишендирип кетейин, ал аныкталат, - деген Умаров.

Баш кеңсеси Москвада турган “Мемориал” укук коргоо уюуму 10-январда Чеченстандагы полиция Курчалой айылындагы Оюб Титиевдин туугандарын үйүнөн кууп чыкканын билдирди.

Полиция Титиевдин уулу Бекхан менен иниси Якубду издеп жүрүшкөнүн, эгер алар өз эрки менен полицияга барбаса, туугандарынын башына мүшкүл түшөөрүн эскертишкен. Анан үйдөгү аялдарды кууп чыгып, эшикке кулпу салып, ачкычын алып кетип калышкан.

Бул окуялар чечен бийлиги өз максаттарына жетиш үчүн адамдарды жана алардын жакындарын коркутуу ыкмасын колдонуп жатат деген кооптонууларды жаратууда.

Титиев боюнча чечимдин тексти.

Орусиянын президентине караштуу Жарандык коомчулук жана адам укуктары боюнча кеңештин жетекчиси Михаил Федотов Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге кат жөнөтүп, анда чеченстандык укук коргоочунун камалышы боюнча ишти көзөмөлгө алууну жана тергөө иштериндеги алдын ала фактыларга текшерүү жүргүзүүнү талап кылган.

Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги, Германия жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Титиевдин камалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, орус бийлигин аны тезинен бошотууга үндөштү.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө "Титиев камакта калса, анын өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн" деген кооптонуу айтылат.

Титиев Чеченстандагы “Мемориал» уюмунун өкүлчүлүгүн 2009-жылы Наталья Эстемирова киши колдуу болгондон бери жетектейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.