Кайнарлыктар өз күчү менен жол сала баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөндүн Кайнар айылында автоунаа жүргөнгө ылайыктуу жол жок болгондуктан, айылдыктар өз күчү менен жол курууга киришти. Эч кандай техникасыз, жалаң темир казык, барскан менен тоонун боорунан жол салууга киришкен эл өкмөттөн деле жардам сурабаптыр. Айылдыктар бул кадамга аргасыздык түрткөнүн айтышат. Буга чейин жолдун жоктугунан келиндер үйдө төрөгөнгө аргасыз болгон.