Оштогу ыктыярчылар демөөрчүлөргө муктаж
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош шаарындагы элдик штаб бүгүнкү күнгө чейин миңдеген адамды тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз кылды. Ыктыярчылардын айтуусунда, жардам сурап кайрылгандардын саны күн санап өсүп, өзгөчө абалдын узарганынан улам демөөрчүлөр азая баштаган. Бүгүн 16-апрелде штабдын кампасындагы "акыркы жардам баштыгын жеткирдик" деп жазышты. Штабдын ишин колдоону каалагандар бул баракчадагы даректерге байланышса болот.