Ош-Папан жолундагы көпүрө кыйрады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган негизги автожолдогу көпүрө кулады. Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү көпүрө 11-октябрда көмүр ташыган автоунаа өтүп бара жаткан кезде түшүп кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү суудан аман-эсен чыгышкан. Жаңы көпүрө курулмайынча Папандагы 14 айылдын тургундары айланма жолдорду пайдаланууга аргасыз.