Ош: мейманкана чыры, ишкердин өтүнүчү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарында жеке ишкер менен мейманкана ээсинин чыры социалдык тармактарга чейин тарап, коомчулуктун көңүлүн бурууда. Жеке ишкер Мээргүл Каракозуева ижарага алып иштеткен  мейманканасы келишимдеги мөөнөттөн мурун сатылып кеткенине нааразы. Мейманкананын ээси анын дооматтарын четке кагып, ушул тапта тараптар соттошууда.