Жоолук салынуунун түрлөрүн ачкан куурчактар

Филолософия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева кыргыз кыз-келиндеринин жоолук салуу ыкмаларын изилдеген.

Ал жалпысынан 20дан ашуун жоолук салынуунун түрүн таап чыккан.

Балтабаеванын айтымында аялдардын жоолугуна карап, анын кайсы жашта, кандай статуста экенин байкаса болгон.

Жаш курагына карап, байламдар да өзгөрүп турган.

Ислам дининин таасири менен кээ бир байламдар колдонуудан чыга баштаган.

Мисалы, ээк байлам азыр сейрек учурайт.

Карым-катнаштын күчөшү менен жоолук салынуунун ыкмалары да түндүктөн-түштүккө же тескерисинче ооп, бири-бириникине окшошуп, аралаша баштаган.

Аида Балтабаева.

Чек арада жайгашкан аймактагы аялдардын жоолук салуулары өзгөчөлөнүп турат.

Филолософия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева жоолук салынган куурчактарга кошо курактарды да көргөзмөгө койду.

Курактардын ар биринин философиясы, маани-маңызын кагаздарга жазып чыккан.

Куурчактар, курактар менен Ош шаарынын тургундары Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинен бир апта бою тааныша алышат.