"Кемпир-Абаддагы" жердин берилишине каршылар чогулду

Ынтымак айылынын тургундары бул жерге бир нече аптадан бери чогулуп жатышат.

Акциянын катышуучулары бир нече күн мурда боз үй тигип, жака-белине Кыргызстандын мамлекеттик тууларын илип коюшкан. 

Нааразылык акциясына чыккандар талаптарын президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдошту. 

“Кыргызстандын жерин берип жаткан экен деп угуп келдик. Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду ушул жерге чакырганга даярбыз”, - деди Ынтымак айылынын тургуну Нурлан Маматов.

Боз үй  «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын жанына тигилген, бул жер Ынтымак айылынан 10 чакырым алыстыкта орун алган. 

Митингге чогулгандар Өзбекстанга өткөрүлөрү айтылган 50 гектар жер стратегиялык маанилүү аймакта жайгашканын айтышты.

Кыргызстан тараптан көрүнгөн өзбек айылдары.

Эл чогулган жерге келген Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдусамат Абдуллаев журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Камчыбек Ташиев быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышып келген.

Ташиев анда бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын айткан жана тараптар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жер баштаган бир нече  тилкелерди тактоодон өткөрүүнү макулдашканын билдирген.

Садыр Жапаров буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо тууралуу соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган.