Аэропорттогу суу каптоону комиссия иликтейт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

19-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Ош" эл аралык аэропортунун каттоо жайынын чатырынан суу өтүп, имараттын ичин каптады. Мекеме жетекчилиги шыбы түшкөн имарат мындан беш жыл мурун 78 млн. сом коротулуп, жаңыдан курулганын ырастады. Аэропорттогу жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, аудит жүргүзүлмөй болду.