Орусиянын жарым кылымдан берки Айга жасаган алгачкы миссиясы ишке ашпай калды. "Луна-25" космос кемеси Айдын бетине кулап түшкөнүн "Роскосмос" 20-августта билдирди. Себебин иликтөө үчүн мекеме аралык комиссия түзүлдү. Талдоочулардын эсебинде, бул миссиянын ишке ашпай калышы ансыз да обочодо калган Орусиянын эл аралык аброюна чоң сокку урду.
Бардыгы ойдогудай ишке ашса, "Луна-25" аппараты Айга 21-августта конмок. Ал Жердин жандоочунун Түштүк уюлуна конгон биринчи космос кемеси болуп калмак. Анткени буга чейин башка мамлекеттер учурган аппараттар Айдын экваторуна конушчу.
Окумуштуулардын эсебинде, "Луна-25" Айга жумшак конуу менен ал жактагы ресурстарды бир жылдай иликтемек.
Орусиянын маалымат каражаттары бир аптадан бери бул долбоорду "АКШны суктандырган, Германияны чочулаткан" сенсация катары жарыялап жатышкан. Тилекке каршы, Москванын дымактуу кадамы оңунан чыкпай калды.
Анык себебин азыр космос боюнча эксперттер да айта алышпайт. Алардын бири, Илья Овчинников өз божомолу менен бөлүштү:
"Эмне болгонун эч ким так билбейт. Факт менен айта турган болсок, станция Айдын айланасындагы орбитага чыкканда 100 чакырымдай жакшы эле учуп жүргөн. Тетиктердин баары күйгүзүлүп, сыноодон өткөн. Айдын айланасындагы орбитага чыгуу баскычтарынын баары жакшы өткөн. Кийин конууга даярданыш үчүн орбитаны эллипске айлантуу зарыл болчу. Ал жерде Айга чейинки эң аз аралык 18 чакырым, эң ыраагы 100 чакырым болуш керек эле. Мында ошондой эллипсти түзүү үчүн кыймылдаткычтарды алдыга чыгарыш керек. Менимче, эми мунун баарын комиссия карап чыгып чечет да, аппарат кыймылдаткычтарын өчүрө албай калган. Эллипсти түзгөндө эң аз аралык 18 чакырым эмес, нөлдөн төмөн болуп калган", - дейт Овчинников.
Анткен менен, "Луна-25" башкы максатты ишке ашыра албаса дагы, бир топ иштерди аткарууга жетишкенин адистер белгилешет. Анын ичинен орбитадан чакан илимий маалыматтарды топтоп, Айдын сүрөттөрүн жөнөтүүгө жетишкен. Орус космонавтикасы үчүн бул дагы чоң жетишкендик.
Талдоочулардын айтымында, аппараттын Айдын бетине кулап түшүүсү баарынан да Орусиянын президенти Владимир Путиндин дымагына суу септи. Анткени ал буга чейин Батыштын санкцияларына карабай Орусия Айга кайтарын убада кылган.
Бул - Орусия Айга жөнөткөн алгачкы аппарат. Буга чейин Советтер Союзу маалында, 1976-жылы "Луна-24" учурулган. Орусия Айда 2040-жылга чейин база түзүүгө ниеттенүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, "Луна-25" долбооруна 12,5 миллиард рубль же 135 миллион доллар сарпталды.
"Луна-25тин" салмагы 800 килограммды түзөт. Ал 11-августта Орусиянын Чыгыш космодромунан учурулган. Орусия Индиядан озунуп аппаратын Айга кондурууга жетишип калууну көздөгөн. Расмий Дели "Чандраян-3" деп аталган космос аппараттарын Айдын түштүк уюлуна 23-августта кондурууну көздөп жатат.
Санкциялардын кесепети да тийди
Негизи, "Луна-25" аппаратын Айга учуруу долбоору 1997-жылы эле башталган. Башында каржынын жетишпестигинен, ар кандай авариялардын себебинен, кийин санкциялардан улам аны ишке ашыруу кийинкиге жылдырылып келген.
Тактап айтканда, бул долбоорго кийин Европа космос агенттиги да аралашкан. Бирок уюм Орусия Украинага толук кандуу согуш ачканда кызматташууну токтотуп койгон.
Орусиялык космос иликтөөчү Валерий Егоровдун эсебинде, Украинага согуш ачканына байланыштуу Москвага каршы киргизилген Батыштын санкциялары Орусиянын космос программасына кыйла кедергисин тийгизди.
"Албетте, космос тармагында иштеген адистерге тажрыйба жетишпейт, ошондуктан ката кетирүү мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Балким, электроникада же башкарууда маселе жаралгандыр. Анткени "Луна-25" аппаратын учуруу бир нече жылдан бери жылдырылып келген. Буга Орусиянын Крымды аннексиялап алышынан улам Батыш Москвага санкция киргизгендиктен, электрониканын жетишсиздиги себеп болгон".
Айдын бетине кулап түшкүчө космос кемеси "штаттан тышкаркы кырдаалга кабылганы" белгилүү болгон. Орус маалымат каражаттары жазгандай, 20-августка караган түнү миссияны сактап калуу үчүн космонавтиканын өкүлдөрү чукул жыйын өткөрүшүп, бирок натыйжа чыккан эмес.
Дагы караңыз Согуштун айынан Орусия Байкоңурдан кетиши мүмкүнОрусия космос жарышында артта калды
Валерий Егоровдун айтымында, космос жарышында Орусия Индия менен Жапониядан дагы артта калды. Ал эми Кытай менен Америкага жетиш ого бетер кыйын.
Учурда америкалык NASA агенттиги Европа космос агенттиги менен биргеликте Artemis деп аталган Ай боюнча долбоорун өнүктүрүп жатат. Ал эми Кытай Жердин табигый жандоочуна өз өкүлдөрүн 10 жылдан кийин кондурууну көздөөдө. Эксперт Илья Овчинников орус бийлиги бул долбоор менен алектенген адистерди басмырлабай, колдоо зарылдыгын айтты:
"Орусиянын Ай боюнча долбоору артка жылат деп айта албайм. Эгер бул миссиянын үстүнөн иштегендердин баарын күнөөлүү кылып, сөгүш берип, келечектерин талкалабаса эле. Менимче, бул адистерди азыр колдоо керек. Анткени алар болуп көрбөгөндөй тажрыйба топтошту. Эми бул тажрыйба менен долбоорду андан ары өркүндөтүшөт".
Бирок "Луна-25ке" чейин эле Орусия мындан ары космос программасын өнүктүрө албастыгы белгилүү болгон. Анткени "Луна-26" жана "Луна-27" долбоорлору буга чейин эле бир нерсе жылга жылдырылган. Талдоочулар мунун себебин электрондук тетиктердин таңкыстыгынан көрүшөт.
Дагы караңыз Санкциялардын космоско жеткен таасири: "Луна-25" Айга кулады