Орусиялык жубайлар: Бишкек бизге ыңгайлуу вариант болду

Орусиядагы кырдаалга байланыштуу Арменияга жай которуп кетип жаткан Ховард Эмос жубайы Анна менен

Орусиядагы кырдаалдан улам Ховард Эймос менен жубайы Анна Макеева башка өлкөгө жай которуп кетүүгө мажбур болуп, Кыргызстанга келди. Алардын айтымында, жубайлар убактылуу жашоо үчүн Арменияга кетет. Москва Украинага аскер киргизгенден бери булар сыяктуу эле бир катар орусиялыктар жер которуп жатканы айтылууда.

Москвада жашап келген Ховард Эймос менен жубайы Анна Макеева орус-украин кагылышынын алардын жашоосуна тийгизген таасири жана чөйрөсүндө болуп жаткан кийинки кездердеги өзгөрүүлөр тууралуу Бишкекте турганда айтып беришти.

“Азаттык”: Саламатсызбы, Ховард, Анна. Кыргызстанга кош келипсиздер. Сиздер менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Бишкек сиздер үчүн ыңгайсыздык жаратпайт деп ишенем. Кеп башында өзүңүздөр тууралуу сурай кетейин, кимдер менен келдиңиздер?

Анна: Менин атым Анна. Биз Орусия аскердик абал киргизет деген маалыматтан улам ал жактан тез арада чыгып кетүүгө мажбур болуп, Кыргызстанга келдик. Аскердик абал киргизилсе, чек аралар жабылып калышы мүмкүн болчу. Менин жолдошум Ховард Улуу Британиянын жараны. Анын визасынын мөөнөтү бүтүп бараткандыктан, жакында мекенине кайтып кетсе, биз чек аранын эки тарабында калып калмакпыз. Ошондуктан, биз алдын алып, экөөбүз бирге боло тургандай чечим кабыл алууга мажбур болдук. Биз чечимди чукул кабыл алып, билетти да тез издедик. Бул учурда Москвадан Ереван менен Тбилисиге билеттер сатылып кеткен экен. Ошондуктан, эң жакынкы мезгилде уча турган Москва-Бишкек билетин тандадык. Бул жерге бир нече күнгө транзит менен учуп келдик, жакында Ереванга учуп кетебиз.

“Азаттык”: Ховард, сиз Орусияда көптөн бери жашайсызбы, ал жакта кандай макам менен жүрчү элеңиз?

Ховард: Мен Орусияга алгачкы жолу 2005-жылы баргам. 2010-жылы биротоло жашоо үчүн көчүп барып, беш жыл мурун Улуу Британияга кайра кайтып кеткем. Ошондон бери келип-кетип иштеп жүргөм. Учурда китеп жазганга аракет кылып, маалыматтарды чогултуп жүрөм. Мындан тышкары, редакторлук кылам, аналитикалык иштер менен алектенем.

“Азаттык”: Өзүңүздөрдүн кесиптик ишмердигиңиздер тууралуу айтып бериңиздерчи. Эмне менен алектенесиздер, кайсы жерде жана ким болуп иштейсиздер?

Анна: Акыркы бир жарым жылдан бери IT-компанияда иштеп жатам. Компания Яндекске байланыштуу болгондуктан аралыктан иштейм. IT тармактын артыкчылыктары ушунда. Кайсы жерде болбосун иштей берсем болот.

Ховард: Мен азыр китеп жазып жатам. Муну менен катар тексттерди жазып, редакциялап берүү кызматын көрсөтөм.

Дагы караңыз "Кыргызстан орусиялык IT-адистерди тартса болот"

“Азаттык”: Эми мага кызык болуп турган негизги суроолорго өтөлү. Эмне үчүн Орусияны таштап кетип жатасыздар?

Ховард: Анна айтып кеткендей, өткөн жумада Украинадагы жаңжалга байланыштуу Орусияда аскердик абал киргизилгени жатат деген маалымат тарады. Биздин түшүнгөнүбүз боюнча аскердик абалда чек аралар жабылат. Мен Орусияда убактылуу турам, визамдын мөөнөтү эки айдын ичинде бүтөт. Визамдын мөөнөтү бүтүп жаткандыктан, бир жарым айда чыгып кетишим керек эле. Чек аралар жабылса жубайым Орусиядан чыга албай, экөөбүз эки тарапта калып калмакпыз. Кырдаал анча түшүнүксүз болуп тургандыктан, биз эки жакта көпкө калып калышыбыз мүмкүн болчу. Мунун алдын алуу үчүн биз Орусиядан кете турууну чечтик. Биз көпкө минтип жүрбөйбүз, кайра кайтып барабыз деп ойлойм. Бирок, кырдаал түшүнүксүз болуп жаткандыктан, Орусиянын сыртында тура турганыбыз жакшы деп эсептейм.

“Азаттык”: Кырдаал турукташкан соң кайра кайтып барасыздарбы?

Анна: Биротоло эмиграцияга кетүү планыбыз жок. Мүмкүнчүлүк пайда болоор замат кайтып баргыбыз келет.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Орусиядан кетүүнү каалагандар көбөйгөн. Алардын арасында Кыргызстанга келип ушул күндөрү Ош шаарында жашап жаткандар да бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошко тынчтык издеп келген орусиялык жаштар

“Азаттык”: Кыргызстанга качан учуп келдиңиздер? Эмне себептен Кыргызстан аркылуу кетүүнү чечтиңиздер?

Ховард: Москвадан бейшемби күнү кечинде учуп, Бишкекке жума күнү эртең менен келдик. Биз ал жакта ар кайсы багытка билет издеп жаттык. Белгилүү себептерден улам кетүүнү каалаган эл абдан көп болгондуктан суроо-талап жогору болуп, билет баасы кымбаттап кетти. Буга кошумча, Батыштын санкцияларынан улам учуулардын саны да кыскарып жатты. Биз ар кайсы варианттарды карап отуруп Бишкекти эң жакшы багыт катары тандап алдык. Өзүм да көптөн бери Бишкекти көргүм келип жүргөн. Минтип, ыңгайы ушундай болуп Бишкекке да келип калдык.

Анна: Кошумчалап кетсем, ыңгайлуулугу боюнча Бишкек биз үчүн жакшы вариант болду. Анткени, мага да, Ховардга да виза талап кылынбайт, белгилүү мөөнөттө визасыз жүрүүгө болот. Ошондуктан, Бишкек биз үчүн тез кетүүгө эң ылайыктуу вариант болду.

“Азаттык”: Сиздер эми Орусиянын сыртындагы жашооңуздарды кайсы жерде, кантип баштайын деп турасыздар?

Анна: Жакынкы планыбызда Ереванга баруу турат. Буга чейин айтып кеткендей, абдан көп орусиялыктар азыр Армения менен Грузияга кетип жатат. Ал жакта орустардын чоң коомчулугу түзүлүп калды. Ереванга бир нече күн мурун менин көптөгөн кесиптештерим менен досторум барган. Экөөбүздүн тең шартыбыз аралыктан иштөөгө ылайыктуу болгондуктан, ал жакта белгилүү мөөнөткө жайгашып, аралыктан иштей берсек болот. Жакынкы мезгилге планыбыз ушундай, андан ары дагы көрө жатарбыз.

Дагы караңыз "Кыргызстан Украинадагы согуштун кесепетин тарта баштады "

“Азаттык”: Орусияда абал кандай азыр? Сиздер сыяктуу ал жактан кетип жаткандар көппү?

Анна: Өзүмдүн чөйрөмө карап айтсам, ооба, кетип жаткандар көп. Мен билгенден эле акыркы бир нече күндө 150 журналист Орусияны таштап чыгып кетти. Өзүңүздөр көрүп тургандай, Орусияда көз карандысыз медиаларды бөгөттөп жатат. Экинчи тарабынан, фейк-маалыматтарды таркатуу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгына байланыштуу тобокелдик өтө жогору болгондуктан, медиа жетекчилери жаңжал учурунда ишин токтото турууну чечти. Эл кесиптик ишмердиги үчүн кооптонуп, айла жоктон Орусиядан кетүү чечимине барып жатышат. IT тармагында иштегендердин да чоң агымын көрүп жатам. Алар да жеке коопсуздугу үчүн жана сыртта болуп жаткан күндөлүк турмуштагы психологиялык басымдан улам үй-бүлөлөрүн алып чыгып кетүүдө. Мындан улам, менин чөйрөмдөгү көптөгөн адамдар Орусиядан кетип жатат деп айтсам болот.

“Азаттык”: Сиздердин байкооңуздарда негизинен кимдер кетип жатат?

Анна: Мен бир нече категориядагы адамдарды бөлүп айтаар элем. Алар – журналисттер, IT тармагында иштегендер. Буга катар, социалдык тармактагы кабарларга караганда, бейөкмөт уюмдар менен айрым саясий уюмдардын өкүлдөрү, дегеле жарандык активизм менен кандайдыр бир байланышы барлар чыгып кетүүдө.

Ховард: Менимче, бул жерде бир нече категориядагы адамдар бар. Кесиптик ишмердигине байланыштуу коркунучтарга туш болгон журналисттерди жана дүйнөнүн башка аймактары менен байланышта иштеген адамдарды өзгөчө бөлүп айтсак болот. Орусия азыр дүйнөдөн обочолонуп калгандыктан, алар үчүн ал жакта калуу ылайыксыз болуп турат. Ошондой эле, учурда болуп жаткан кырдаалды жактырбаган, Орусия бийлигинин өз жарандарына жасап жаткан мамилеси менен макул болбогондор да бар. Алар бул кырдаалга катышкысы келбегендиктен, башка жакка кетүүнү тандап жатышат.

“Азаттык”: Сиздер Кремлдин Украинада “атайын операция” жүргүзүү чечимин кандай кабыл алдыңыздар?

Анна: Бул боюнча бир нерсе айтыш кыйын. Кырдаал өтө тездик менен өнүгүп жатпайбы. Интернетте жарыяланып жаткан жаңылыктарды жана ал жакта болуп жаткан окуялар тууралуу күбөлөрдүн маалыматтарын окуу абдан оор. Украинада жүргөн адамдар ар кандай сүрөттөрдү, бомбадан коргонуучу жайларда жашынып отурган же шашылыш эвакуацияланууга мажбур болгонун күбөлөндүргөн маалыматтарды жарыялап жатышат. Мындай жаңылыктарды окуу, ар бир аскердик маалыматтын артында реалдуу адамдардын өмүрү турганын түшүнүү психологиялык-эмоционалдык жактан абдан оор. Алардын көпчүлүгү үй- бүлөсүнөн ажырап же бүтүндөй жашоосу бир күндө чийилип калып жатат. Бул жөн гана алыстагы кандайдыр бир адамдар тууралуу жаңылык эмес экенин түшүнүү мүмкүн эмес. Үй-бүлөсүнөн, жакынынан ажырагандар үчүн абдан кайгырып жатабыз.

Дагы караңыз Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды

“Азаттык”: Бийликтин Украинага карата жасап жаткан иш-аракеттерине Орусиянын жарандык коомчулугу кандай мамиле кылып жатат?

Анна: Кандайдыр бир жалпылоо жасагым келбейт. Орусияда ар түрдүү көз караштагы адамдар бар десек туура болот. Кандайдыр бир топту “жарандык коом” категориясына киргизүү, башкаларын кошпоо туура болбой калат. Адамдар кандай позицияны карманбасын, өз көз карашына ээ болуу укугу бар. Эмне үчүн ал мындай көз карашка келгени өзүнчө маселе. Ошентсе да, Орусияда коом жетишээрлик ар түрдүүлүккө ээ. Андыктан, өз көз карашына карап алар ар кандай мамиле кылып жатышат. Украинада болуп жаткан окуяларга нааразы болуп, бийликтин чечимине каршы чыгып жаткандар да бар. Алар көчөгө акцияларга, митингдерге чыкканга аракет кылышууда. Ошол эле кезде, бийлик аларга каршы ыкчам реакция жасап, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып жатат. Бүткүл Орусия боюнча акцияларга чыгып коомдук тартипти бузду деген кине менен камалгандар өтө көп. Бул атайын операцияны колдогондор да көп. Алар да социалдык тармактар аркылуу өз пикирлерин айтып жатышат. Бир эле үй-бүлөдө ар башка көз карашты кармангандар да бар. Ошондуктан, болуп жаткан окуяларга Орусияда жарандык коом кандай реакция кылып жатканын жалпылап айтыш кыйын.

“Азаттык”: Орусияда Украина менен согушка каршы чыккан активисттерге кандай мамиле жасалып жатат?

Анна: Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтарга карап гана айта алабыз. Биз аларды колдоп жатканын көргөн жокпуз, баары тескерисинче болууда. Муну репрессия деп атаса болобу-жокпу билбейм. Биз Орусияда өз позициясын эркин айтуу мүмкүнчүлүгү жок экенине күбө болдук. Кандай позиция болбосун аны айтуу мүмкүнчүлүгү жок.

“Азаттык”: Биз бардык тараптан Орусияга карата санкциялар киргизилип жатканын көрүп турабыз. Ушул санкциялар орусиялыктардын жашоо-турмушуна кандай таасир кылып жатат?

Анна: Менимче, башкы натыйжалар азырынча көрүнө элек. Экономикалык жактан алганда эл кандайдыр бир убакыттын кийин товарлар тартыш болуп, тиричилигине оордук келгенде сезе баштайт. Бардыгы өтө бат болуп жаткандыктан санкциялардын таасири жарандардын күндөлүк турмушуна али жете элек болуш керек. Бирок учурда валюта курсунун катуу секиригинен улам рублдин куну кетип, адамдар жыйнаган мүлкүнөн айрылып калууда. Адамдардын колундагы каражаттары менен мүлктөрүнүн куну кетип жатканын күн сайын көрүүдөбүз. Мындан тышкары, турмуш-тиричилик техникаларын же автоунааларды чыгарган ишканалар Орусия рыногунан кетип жатканын окуп жатабыз. Мунун баары бир күн ичинде эле сезиле баштайт дегенден алысмын. Жыйынтыктары эки жуманын ичинде көрүнүп, адамдар көнгөн буюмдарын сатып ала албай калат. Натыйжалар ошондо сезилет.

Ховард: Биз Москвадан кеткенге чейинки жумада банктарда кезек аябай чоң болуп жаткан, чет элдик валютаны сатып алуу мүмкүн эмес эле. Кээде рублди табуу да өтө кыйынчылыкка туруп жаткан. Банкоматтар суроо-талапты тейлей албай жаткан. Бул эми алгачкы көрүнүштөр болчу. Анна айткандай, экономикалык натыйжасы али толук сезиле элек.

Анна: Орусиялык авиакомпаниялар эл аралык учууларды аткара албай калышты. Батыш компаниялары Орусияга каттоодон баш тартууда. Чет элде калып калган адамдар кайта албай кыйынчылык тартып жатышат, Орусиядан уча тургандар да мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калышты. Алар башка өлкөлөр аркылуу учууга мажбур болгондуктан, билет баасы кымбатка туруп калууда.

“Азаттык”: Ховард, Анна, сиздерге терең ыраазылык! Алдыдагы иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

Дагы караңыз Орусияда долларды накталай рублге алмаштырууга тыюу салынды