Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:28

Руслан Казакбаев Москвада Козак менен Украинадагы кырдаалды талкуулады


Казакбаев жана Козак
Казакбаев жана Козак

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада Орусия президентинин администрация башчысынын орунбасары Дмитрий Козак менен Украинадагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Казакбаев чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын, курмандыктардын санын көбөйтпөш үчүн жана жагдай глобалдык чоң көйгөйгө айланып кетишинин алдын алуу үчүн тараптар мүмкүн болушунча тынчтык келишимине жетишиши керектигин белгиледи.

Руслан Казакбаев 5-мартта орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кезиккенде Бишкек орус-украин кризисине байланыштуусүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө жана тынчтык орнотуу үчүн зарыл чараларды уюштурууга даяр экенин айткан.

Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта Орусияга барды. Расмий кабарга ылайык, жолугушуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Бул визит дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү Москванын Украинага карата агрессиясын сындап турган учурга туш келди. Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

XS
SM
MD
LG