Орусияда абакта жаткан Азимовдордун ата-энеси бийликтен жардам күтөт

Аброр Азимовду полиция алып кетип жаткан учуру. 2017-жыл, апрель.

Санкт-Петербург метросундагы жардырууга айыпталып камалган Аброр жана Акрам Азимовдордун ата-энеси кыргыз бийлигинен балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого жардам берүүнү суранууда.

Алар буга чейинки бийлик башындагыларга да кайрылып, бирок майнап чыккан эмес. Алты жылдан бери түрмөдө жаткан ага-инилер күнөөнү моюнга албай, куру дооматка калганын айтып келишет.

Алты жылдагы алгачкы жолугушуу

Вазирахон Азимова менен Ахрал Азимов Орусиянын абактарында жаткан эки уулуна быйыл марттын этегинде барып келишти. Бул алардын беш жылдагы алгачкы узак мөөнөттүү жолугушуусу болду.

“Үч күндүк узартылган жолугушууга уруксат беришти. Абрордун келинчеги биз менен чогуу барган. Ошондуктан мен балам менен бир сааттай сүйлөшүп, келинчегин анын жанына калтырып, жолдошум экөөбүз Акрам отурган абакка кеттик. Акрам жаза мөөнөтүн өтүп жаткан жердин шарты салыштырмалуу жакшы экен. Үстү жабык, бирок кенен басып-турганга мүмкүнчүлүк бар корпуста жүрүшөт. Ал эми Аброрду камерадан чыгарышпайт. Балам байкуш күндүн көзүн көрбөйт экен”, - деди ал “Азаттыкка” курган маегинде. Көңүлү кирдеген эне балдары арыктап кеткенин айтып тынчсызданууда.

Ахрал Азимов абакка кесилген эки уулу менен.

Акрам Новгород облусундагы Парфино түрмөсүндө, Аброр Мордовиядагы түзөтүү колониясында отурат. Алардын атасы Ахрал Азимов уулдары куру дооматка калганын белгилеп, көп жылдан бери чындык издеп жүрүп, жүрөк оорулуу болуп калганын, азыр күнүгө дары менен гана күн кечирерин билдирди:

“Эч болбосо ушул Кыргызстанга өткөрүп беришсе жакшы болмок. Балдарым куру дооматка калганын, күнөөсү далилденбей эле соттолуп кетишкенин нечен кур айтып келебиз. Адвокаттары да айтып жүрүштү. Атамбаев, Жээнбеков президент болуп турганда да жардам сурап кайрылдык. Майнап чыкпады. Эми Садыр Жапаровдон өтүнүп, балдарымды Кыргызстанга экстрадиция кылып бергенге жардамдашуусун суранам”.

Жоопкерчилик алынбаган жардыруу

2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург метросундагы жардырууда 16 киши өлгөн. Ал кезде бир да террордук уюм бул окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес. Орусиянын Тергөө комитети жардыруудан эки жыл өткөндөн кийин террордук бирикме деп таанылган "Катиба Таухид валь-Жихад" деген топту айыптаган. Бирок бул топ жардырууга тиешеси жоктугун жарыялаган.

Жардыруу болгон жылы 17-апрелде кыргызстандык Аброр Азимов жардырууну уюштурууга кол кабыш кылган деп Москва облусунда кармалган. Ал кезде Аброр Москванын четиндеги “Лесное” кафесинде суши жасап иштеп жүргөн. Эки күндөн кийин Абрордун агасы Акрам Азимов колго түшкөн. Ата-энеси аны Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Оштогу ооруканада жаткан жеринен алып кетишкенин айтышкан. Бирок орус тарап аны Москвадан кармалганы тууралуу расмий кабар тараткан.

Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган ага-ини Акрам жана Аброр Азимовдор тергөөдөгү баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо алдында жазганын сотто айтышкан.

Кыргызстандын органдары алар орус жарандыгын алышканын, ишке Бишкек кийлигише албай турганын билдиришкен.

Жардыруу боюнча жалпысынан 11 борбор азиялык мигрант 19 жылдан 28 жылга чейин абакка кесилген. Арасында Азимовдордон тышкары, өзбекстандыктар, тажикстандыктар бар. Алардын баары сотто айыптоону карандай доомат деп четке кагышкан.

Балдарынын актыгын айткан Азимовдордун ата-энеси азыр Жалал-Абад шаарында кенже уулу менен жашашат.