Орусия журналисттерди, Батыш орус тыңчыларын бошотту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Америкалык журналисттер Алсу Курмашева, Эван Гершкович жана мурдагы деңиз аскери Пол Уилан Кошмо Штаттарга кайтып барышты. Алар жана дагы 13 киши Москва менен Батыштын кансыз согуштан берки эң ири туткун алмашуу жараянынын алкагында орус жана беларус абактарынан бошотулган болчу. Ал эми Орусия 8 кишисин кайтарып алды. Арасында Германияда киши өлтүрүү үчүн соттолгон кылмышкер да бар. Аларды ардактуу кароол менен тосуп алууга президент Владимир Путин өзү катышты. Дагы бир учак Германиянын Келн шаарына орусиялык саясий туткундарды жеткирип барды.