Орусияда Украинадагы согушка баруудан баш тарткан жоокерлердин аскердик билетине атайын мөөр коюла баштаганы маалым болду. Эксперттердин айтымында, Украинадагы согушта каза болгон орусиялыктардын саны өскөн сайын майданга баруудан качкандар көбөйдү.
24-февралда орус аскерлери Украинага басып киргенде Еленанын уулу Павел Амур облусунун Дальневосточный районунда кызмат өтөп жүргөн. Павелдин аскер бөлүгү Украинада кырк күндөй согушкан.
"Көп өтпөй ал кызмат өтөгөн аскер бөлүгү Орусияга кайтып келди. Бирок Павлик (эркелетип айтылган ысымы) Украинага кайра баруудан баш тартты",- деп Елена "Север.Реалии" сайтына айтып берген.
"Эгер ал [согушка] баргысы келбесе, мен аны ал жакка кыйнап жиберип, "куралыңды ал да кет" деп айтмак белем?", - дейт Елена.
Павел сыяктуу Орусияда канча адам колуна курал кармап, армияга аттануудан баш тартканы тууралуу так маалымат жок. "Агора" эл аралык укук коргоо уюмунун юристи Павел Чиков Орусиянын кеминде жети шаарынан келген миңден ашык аскер менен Улуттук гвардиянын жоокерлери Украинага баруудан баш тартканын Телеграм каналына жазды.
Ал эми Conflict Intelligence Team тобунун негиздөөчүсү Руслан Левиев “Настоящее время” телеканалына маегинде, мындай фактылар чындыгында көп болуп жатканын, бул орус армиясынын катарын толуктап, Украинанын чыгышындагы чабуулдарын кайра баштоосуна тоскоол болоорун айтты.
"Согушка баруудан баш тартуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Алар Украинадан кайтарылган дээрлик бардык аскер бөлүктөрүндө кездешет. Биздин эсепте Украинанын аймагынан кайтып келген жана жаңы жиберилип жаткан контракттык негизде кызмат өтөгөн аскерлердин 20-40% чейини согушка катышуудан баш тарткан".
Дагы караңыз Украина: Днепр баллистикалык ракета чабуулуна кабылдыЛевиевдин айтымында, бул аскерлердин көбү дезертирлер эмес, бирок алар буйрукту аткаруудан баш тартканы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Айыптоо өкүмү үчүн аскердик буйруктун мыйзамдуулугу жана аны аткаруудан баш тартканда армияга “олуттуу зыян тартары” жүйө болуп көрсөтүлүшү керек.
Айрым укук коргоочулар согушка баруудан баш тарткан орусиялык жоокерлер кыйын кырдаалга кептелиши мүмкүн экенин эскертишет.
"Жарандар согушка барбоого жана адамдарды өлтүрбөөгө укуктуу. Ошондой эле ал каалабаса “атайын операцияга” да барбай коюуга толук укугу бар. Мындай операцияларга эреже катары, атайын даярдыктан өткөн жоокерлер гана жөнөтүлөт", - деди "Агора" уюмунун юристи Михаил Беняш.
Бирок орусиялык укук коргоочу Максим Гребенюк Украинада согушуудан баш тарткан бир катар аскер кишилери кызматтан алынганын Телеграм каналына жазды. Ал маалыматында Украинага баруудан качкан жоокердин аскердик билетиндеги мөөрдүн сүрөтүн да жарыялады. Аты жашырылган жоокер 136-мотоаткычтар гвардиялык отрядында кызмат өтөгөн.
Мөөрдө "чыкынчылыкка, калп айтууга жана алдамчылыкка ыктап кетиши мүмкүн" деп көрсөтүлгөн. Анын ылдый жагында кичинекей тамгалар менен "ЛЭР, ДЭР жана Украинадагы атайын аскердик операцияларга катышуудан баш тартты" деп жазуу турат. Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган .
Ошондой эле Гребенюк аны менен байланышкан орусиялык жоокер Сирияда жети ай кызмат өтөгөнүн, андан кийин реабилитациялык өргүү алууга укугу бар экенин айткан. Бирок эс алуунун ордуна ал Украинага кетүүгө буйрук алганын кошумчалайт.
Ал арада түрмөдөгү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын негизги өнөктөшү Леонид Волков Твиттердеги баракчасына: "Алар мөөр басыштыбы? Демек, бул массалык көрүнүш. Бул жакшы", - деп жазды.
Аскердик билеттеги мындай мөөр жоокердин кийинки жумушка орношуусуна же окуу жайга кирүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн.
Орусиянын армиясы Украинадагы согуш "план боюнча жүрүп жатканын" билдиргени менен, батыштык эксперттер курал-жарак менен камсыздоо, байланыш, машыгуу жана аскердик операцияларга тоскоол болгон башка тармактарда таңкыстыктарды аныкташкан.
Москва согуш башталгандан бери 1351 аскер кызматкери каза болгонун билдирди. Бирок башка булактар каза болгондордун саны алда канча көп экенин айтышууда. Ал эми Украин армиясынын эсеби боюнча, 18 миңден ашуун орус аскери каза болгон.
"Агора" уюмунун адвокаты Беняштын айтымында, Украинада орус аскерлеринин өлүмү боюнча жаңы маалыматтар канчалык көп жарыяланса, ошончолук көптөр согушка баруудан баш тартат.
"Менин оюмча, Украинадан табытка көмүлгөндөрдүн саны көбөйгөн сайын, Орусияда сөөк коюуну каалабагандар көбөйөт. Мындай мамилени коом түшүнүп, кабыл алып жатат. Коомдун маанайы өзгөрүүдө. Эгерде мурда мындай чечимдерди өз алдынча, өз коркунучу жана тобокелчилиги менен кабыл алуу керек болсо, азыр даяр мисалдар бар. Адамдар бул үчүн атууга кетпей, трибуналга жетпей же түрмөгө түшпөй турганын аңдашууда",- дейт Беняш.