The New York Times басылмасы жазгандай, министр немис аскерлеринин санын көбөйтүүгө жана армиясын күчтөндүрүүгө чакырууда. Буга чейин Норвегия, Швеция жана Британиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү да өз жарандарын согушка даяр болууга чакырган. Орусия жакынкы келечекте НАТОго мүчө мамлекетке кол салышы мүмкүнбү?
Германиянын коргоо министри Борис Писториустун эсебинде Орусия бир нече жыл ичинде НАТОго мүчө кайсы бир өлкөгө кол салышы мүмкүн деген тобокелдикти четке какпаш керек.
The New York Times белгилегендей, Германиядагы эң таасирдүү саясатчылардын бири саналган Писториустун билдирүүлөрү немис саясий элитасынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөр тууралуу кабар берет.
Макалада жазылгандай, карапайым немистер азырынча Орусияны түз коркунуч катары кабыл алышпайт.
Январь айынан ортосунда Борис Писториус Орусия НАТОго кол салышы мүмкүн экенин эскертип, буга даяр болуу үчүн өлкөсүнө 7-8 жыл керек экенин айткан.
Буга чейин Bild таблоиди Коргоо министрлигинин ачыкка чыгып кеткен жашыруун документин жарыялаган. Анда 2024-жылдын күзүндө, Америкадагы шайлоону утурлай Орусиянын НАТОнун чыгыш чек араларына болжолдуу кол салуусунун сценарийи сүрөттөлгөн.
Коргоо министрлиги буга жооп катары болжолдуу сценарийлерди караштыруу алардын жумушу экенин билдирген.
The New York Times белгилегендей, Германиянын жетекчилигинде Орусияга карата мамиле канчалык катаал болушу керек деген боюнча бир пикир жок.
Мунун мисалы катары Берлин ушул күнгө чейин Украинага узак аралыкка уча алчу "Таурус" ракеталарын берүүнү жактыра элек.
“Таурус” 300 миль же 480дей чакырымга чейин жете алат. Бул деген Украина аны Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонушу мүмкүн деген кооптонууну жаратат.
Германиянын өкмөт башчысы Олаф Шольц дагы, Бундестаг дагы мындай тобокелдикке барууну каалабайт. Ошол эле маалда Киевге жардам көрсөтүү боюнча АКШдан кийинки орунда турат.
Дагы караңыз
ЕБ лидерлери Орусиянын агрессиясына каршы күрөштө Украинаны колдорун билдирдиЕвропа лидерлеринин эскертүүсү
Январь айында Швециянын жарандык коргоонуу министри, согуш анын өлкөсүнө келиши мүмкүн экенин эскертти. Ал эми ушул эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы шведдерди согушка даярданууга чакырды.
Норвегиянын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Орусиянын кол салуусуна даяр болуу үчүн Европанын “эки же балким үч жылы бар экенин” айтты.
НАТОнун аскердик комитетинин жетекчиси, Нидерланддын падышачылык деңиз аскер күчтөрүнүн адмиралы Роб Бауэр билдиргендей, Европанын карапайым тургундары жакынкы 20 жыл ичинде Орусия менен ири масштабдуу согушка даяр болушу керек.
“Биз Орусияны НАТОго коркунуч катары карайбыз. Ошондуктан Вильнюста иштелип чыккан жана жактырылган пландар Орусиянын коркунучтарына каршы турууга багытталган. Биз Орусиянын кол салуусуна даяр болушубуз керек деген факт эми эле чыга калган жок. Биз коргонууга багытталган альянспыз, биз ар нерсеге даяр болушубуз керек жана биз даярбыз. Болгону биз дагы көп нерсени жакшыртуубуз керек”, - деди Бауэр.
НАТО 22-январда Европада соңку 40 жылдагы эң ири аскердик машыгуусун баштады Ага 90 миң аскер катышып, авиация жана аскердик кемелер тартылары күтүлүүдө.
“Майтарылбас коргоочу” деп аталган иш-чара Германия, Польша жана Балтика мамлекеттеринин аймагында өткөрүлөт.
2023-жылы НАТОго мүчө мамлекеттер Европада тарыхтагы эң ири аба машыгууларын өткөрүшкөн. Мунун баары Орусия Украинага согуш ачкандан кийин болуп жатат.
Путин: Москванын НАТО менен согушууга “кызыгуусу” жок
Кремль Орусия НАТОго кол салышы тууралуу кептерди четке кагып келет. Орусиянын президенти Владимир Путин декабрда Москванын НАТО менен согушууга “себеби да”, “кызыгуусу да” жок экенин айткан.
“Менин угушумча, атургай президент Байден ушул сыяктуу сөздөрдү айткан. Эгер Украина жеңилсе, Орусия Балтика мамлекеттерине, Финляндияга жана НАТОнун башка мамлекеттерине кол салышы мүмкүн экенин эскерткен. Мындай билдирүүлөрдү АКШга салыштырмалуу чаканыраак калибрдеги мамлекеттердин лидерлери да айтышкан. Мен эми америкалык жетекчиликтин акылына ишенип турам. Менимче, бул Украинага акча бөлүү маселесин чечүүгө багытталган чукул чечимдер”,-деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Белгилей кетсек, Путин жана кремлчил аткаминерлер Украинага согуш ачаардын алдында бул тууралуу маалыматтарды дагы четке кагып келген.
Украиналык дипломат Александр Щербанын "Настоящее время" телеканалына курган маегинде Путин акылга сыйгыс коркунучтуу кадамдарга барышы мүмкүн.
"Орусия дегенде биз Путинди билебиз. Ал эми анын башында кандай ойлор бар экени белгисиз. Ал Батыш Орусияга кол салып, толугу менен жок кылып, табигый ресурстарын талап-тоноп, ар бир бурчка гендердик-нейтралдуу дааратканаларды коюп, гомосексуалдык баалуулуктарды жайылтып жатканын өңүндө да, түшүндө да көрөт. Менимче, Украинага ири масштабдуу кол салгандан кийин бул абсолюттук бийликке ээ акылсыз адам. Ал көп нерсеге, анын ичинде акылга сыйгыс коркунучтуу кадамдарга да барышы толук мүмкүн", - деди Щерба.
Трамптын болжолдуу жеңиши кооптонууну күчөтүүдө
Эксперттердин эсебинде, европалык саясатчылар Орусия соңку эки жылды Батышка караганда кыйла натыйжалуу пайдаланганын түшүнүп турушат. Эл аралык алакалар боюнча фин институтунун илимий кызматкери Минна Аландер Би-би-сиге берген комментарийинде Москва бул эки жыл ичинде аскердик потенциалын калыбына келтирип, курал-жабдыгынын жана дрондордун санын көбөйткөн.
“Эгер Украина багынууга аргасыз болсо, бул Орусиянын баскынчылык саясатынын көксөөсүн кандырбайт”, - деди немистердин чалгын кызматынын башчысы Бруно Каль.
Кошмо Штаттардагы быйыл өтчү шайлоодо мурдагы президент Дональд Трамп жеңишке жетиши мүмкүн деген божомолдор дагы Европа лидерлеринин кооптонуусун дагы күчөттү. Алардын эсебинде Трамп Кошмо Штаттарды альянстан чыгарып кетиши мүмкүн.