Байден: «Навальный дароо жана эч шартсыз бошотулууга тийиш»

АКШ президенти Жо Байден Мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин алдында чыгып сүйлөөдө. Вашингтон. 2021-жылдын 4-февралы.

АКШ президенти Жо Байден Мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, Алексей Навальныйды Кремль дароо боштондукка чыгарышы керек деген талабын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден 4-февралда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде – АКШнын Мамлекеттик департаментинде болду. Ал өлкөнүн тышкы саясатынын өзөктүү багыттары тууралуу сөз сүйлөдү.

Ал демократияны коргоо үчүн күрөштө дүйнөнү бириктирүү жаатындагы АКШнын ролун баса белгиледи.

Дагы караңыз Навальныйга чыккан өкүм, нааразы москвалыктар


Президент Байден өз сөзүндө Орусияны өзгөчө эскерип, эл аралык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо жолундагы маанилүү реалдуу кадам – стратегиялык өзөктүк куралды кыскартуу боюнча АКШ-Орусия келишиминин - СТАРТ-3түн дагы беш жылга узартылышы болгонун айтты.

Дагы караңыз Евробиримдиктин комиссары Боррел Орусияга келет

Бирок Жо Байден "Кошмо Штаттарынын жаңы өкмөтү Орусиянын эл аралык чөйрөдөгү зыяндуу иш-аракеттерин жана эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жаткандыгын, анын ичинде адам укуктары жаатындагы мыйзам бузууларга жол коюп келгендигин эч натыйжасыз калтырып салбайт" деп баса белгиледи.

Байден дагы бир жолу расмий Кремлди орус оппозициясынын азыркы лидери Алексей Навальныйды "токтоосуз жана шартсыз" түрдө абактан бошотууга чакырды.

Дагы караңыз Бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери Навальный боюнча сот өкүмүн сындады

"Навальный мырза, Орусиянын бардык жарандары сыяктуу эле, Орусиянын Баш мыйзамына ылайык өзүнүн укуктарына ээ. Ал жемкорлукту ачыкка чыгаргандыгы үчүн бутага алынган. Ал токтоосуз жана эч кандай шарт койбостон бошотулууга тийиш", – деди Байден.

Алексей Навальный Москвадагы сот жүрүмү маалында. 2021-жылдын 2-февралы.


2-февралда Москва соту Алексей Навальныйды шарттуу абак жазасынын эрежелерин бузду деп айыптап, дээрлик үч жылга жакын мөөнөткө эркинен ажыраткан. Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылып, ал түшкөн учак Омск шаарына шашылыш кондурулган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.

Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

«Новичок» уулуу заты менен оппозициячыл саясатчыны ууландыруу аракетин орус коопсуздук кызматкерлери Кремлдин тымызын көрсөтмөсү менен жүзөгө ашыргандыгы ачыкка чыкканына карабастан, Кремль бул фактты четке кагып келет.

Дагы караңыз Кремль Батыштын сынына жооп кайтарды


Орус бийликтери Навальный ууландырылгандан кийинки Германияда дарыланган жана саламаттыгын чыңдаган учурун «шарттуу жазага кабылган айыпкер өз учурунда катталып турушу керектиги тууралуу эрежени бузду» деген доо үчүн пайдаланды.

Өткөн айда Орусиянын бир нече ондогон шаарларында Навальныйды колдогон ири нааразылык чаралары уюштурулуп, бул жыйындар миңдеген кишилердин камакка алынышы жана ур-токмокко кириптер болушу менен коштолду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орус элин ойготкон Навальный


Президент Байден Орусиянын «ашынган аракеттери үчүн», анын ичинде өз жарандарын ууландырган жоруктары үчүн бул өлкөгө карата тиешелүү чараларга АКШ эч тартынбастан бара ала турганын таасын белгиледи.

Дагы караңыз АКШда сенаторлор Навальныйды ууландырууга катышы барларга санкция салууну сунуштады

Бир күн мурда АКШнын сенаторлорунун атаандаш эки партиядан тең куралган тобу Навальныйдын ууландырылышына катыштыгы бар деп табылган айрым орус төбөлдөрүнө чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.

Мыйзам долбоору Байдендин администрациясына расмий Кремль АКШнын химиялык жана биологиялык куралдарды колдонууга тыюу салган мыйзамдарын бузган же бузбагандыгын аныктоого багыттама берген.