Студенттер путинчил флешмоб чарасына алданып барышканын айтышты

В.Путин студенттер менен баарлашууда. Завидово. 2021-жылдын 25-январы.



Орусиянын бир нече жогорку окуу жайларынын студенттери аларды Орусиянын президенти Владимир Путинди колдогон флешмоб деп аталган иш-чараларга алдап чакырышкан деп ырасташууда.

Акыркы күндөрү, коомдук иш-чаралардын мазмуну жөнүндө алдын-ала эскертүүсүз жана коронавирус эпидемиясынан улам учурдагы чектөөлөргө карабастан, Орусиянын ар кайсы шаарларында президент Владимир Путинди колдогон “флешмоб” делген, бирок чакыруу ыкмасы талаш-тартыш туудурган жыйындар арбын өттү.

Кутафин атындагы Москва мамлекеттик юридикалык университетинин студенттерине флешмобго чакыруу. 5.2.2021.


Студенттик “Doxa” басылмасынын маалымдашынча, маселен, Москвадагы Тимирязев академиясынын студенттерине флешмоб Орусиянын желегине арнала турганын айтышса, ал эми Кутафин атындагы Москва мамлекеттик юридикалык университетинин студенттерине “өлкөбүз ковидге каршы күрөштүн лидери катары” деген теманы "колдоо" болот деп кабарлашкан.

Студенттер Москвадагы мейманканалардын бирине тасмага тартылууга келишкенде, уюштуруучулар алардан "Бизде бир президент бар, биз чогуу жеңишке жетебиз. Владимир Владимирович, биз сиз мененбиз! Путин – биздин президент!" деп жалпы ураан чакыргыла деп талап кылышкан.

Дагы караңыз Навальныйдын экинчи соту уланат


"Белгород №1" Телеграм каналы Белгород көркөм өнөр жана маданият институтунун студенттерин жыйын залына чогултушканын жазып чыкты. Студенттерден Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата патриоттук видеотасма жаздырып алуу үчүн керек деген шылтоо менен Орусиянын желектерин алып бийлөөнү суранышкан. Кийинчерээк ушул бий менен видео тасма жарыяланып, анда Путинди колдогон ураандардын доошу да тиркелип чыккан. Алиги студенттер бул ураандарды өздөрү эч кыйкырышпагандыгын, аларды монтаж учурунда кошуп коюшкандыгын айтышты, дейт "Белгород №1" Телеграм каналы.

Тасма. "Сима-Ленд" компаниясы уюштурган флешмоб. Екатеринбург. 05.2.2021.

Екатеринбургдагы "Сима-Ленд" компаниясынын кызматкерлери Путинди колдогон биринчи "флешмобду" быйылкы 23-январдагы оппозициячы саясатчы Алексей Навальныйды колдогон нааразылык жыйындарынан көп өтпөй, ошол айдын соңунда уюштурушкан. "Сима-Ленд" компаниясынын ээси Андрей Симановский Путинди колдоп митинг өткөрүүгө "жөн гана жеке каалоосу болгонун" жана анын Навальный үчүн уюштурулган митингдер менен эч байланышы жок экендигин айтты.

Дагы караңыз Батыш орус бийлигинин зомбулугун айыптады

Бирок "флешмобдор" Орусиянын башка шаарларында да жамгырдан кийинки козу карындарга окшоп көп сандап өткөрүлө башталды. Алар көбүнчө ишканаларда же стадион сыяктуу ачык жерлерде өтөт.

5-февралда, жума күнү, "Российская газета" алар жөнүндө "Орусиянын президентин колдогон флешмоб бүткүл өлкө боюнча өтүп жатат" деген аталыштагы макаласында мындай деп жазган: "Ишканалардын жумушчулары, ыктыярчылар, спортчулар, ири ишканалардын кызматкерлери жана жөн гана кайдыгер эмес жарандар Владимир Путинге ыраазычылык сөздөрүн жана #Путин биздин Президентибиз хэштегин кошуп видео кайрылууларды жазлырып жатышат".

Мындай флешмоб делген иш-чаралар, маселен, Алтай аймагында, Ставрополь аймагында, Татарстанда, Москва облусунда жана башка аймактарда өткөрүлдү.

Екатеринбургдагы бул өкмөткө каршы жыйынга калайык өз ыктыяры менен чыкты. 2021-жылдын 31-январы.

5-февралда Уралдагы Екатеринбург шаарында өткөрүлгөн экинчи флешмобдон кийин Свердлов облусунун Коомдук коопсуздук министри Александр Кудрявцев “Сима-Ленд” компаниясына коомдук иш-чараларды өткөрүү тартибин бузгандыгы жөнүндө эскертүү берди.

Екатеринбург шаарынын бийлиги болсо жогорудагы флешмоб чарасы жергиликтүү бийликтер менен атайын макулдашууга эч муктаж эмес, анткени ал ишкананын короосунун ичинде уюштурулган, деп буга чейин ырастаган болчу.