Орусиянын тартип сактоо кызматкерлери оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Челябинск шаарындагы штабынын кеңсесинде анын кызматкерлери жана адвокаттары жокто тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу 13-февралда уюм «Твиттердеги» барагында билдирди.
Тинтүү качан, ким тарабынан жана кайсы иш боюнча жүргүзүлгөнү белгисиз. Кеңсеге келген активисттер тинтүүнүн изин андан кийин табышкан.
Штабдын кызматкерлеринин ижарага алынган батиринде да тинтүү иштери жүргүзүлдү, деп айтылат билдирүүдө.
12-февралда полиция Челябинск штабынын кеңсесинин электрондук баарлашуу администратору Мария Макарованын тинтүүгө алынганын "ОВД-инфо" кабарлады. Макарова айым менен штабдын башчысы Артём Яумбаев экөө тең жолго бөгөт кылууга байланыштуу кылмыш ишинде шектүү катары каралууда. Кылмыш ишинин беренеси боюнча айыптуу табылса, алар үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
23- жана 31-январда Орусиянын шаарларында саясатчы Алексей Навальныйды колдогон жапырт нааразылык иш-чаралары өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө миңдеген катышуучулар камакка алынды. Кармалгандардын көпчүлүгү соттун чечими менен административдик камакка алынды.
"Настоящее время" каналынын айтымында, нааразылык чараларына чыккандарга жолдорду тосуу, тартип коргоо кызматкерлерине күч колдонуу, жашы жете электерди кооптуу иш-аракеттерге тартуу жана пандемия учурунда санитардык эрежелерди бузуу менен байланыштуу 90го жакын кылмыш иши козголгон.
Навальный коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жана саясатчынын Москвадагы кеңсесинин негизги кызматкерлери үй камагына алынды. Анын аймактык штабдар тармагынын башчысы Леонид Волков сыртынан камакка алынып, ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.
Жапырт нааразылык жыйындарга чыккандардын ичинен миңдеген кишилер камакка алынган соң, Навальныйдын оппозициялык тобу тактиканы өзгөртүүнү чечти. Эми анын штабы калайыкка 14-февралда ар чөлкөмдө жергиликтүү саат 20:00да уюкфондорунун шамдарын 15 мүнөттөй убакыт ичинде өз короолорунда жандырып, асманды жаркытып, андан соң бул флэшмоб чарага катышкандыгын интернеттеги коомдук тармактар аркылуу жарыялоону сунуштады.
14-февралга белгиленген бул флэшмоб чарасына бөгөт коюу максатында, Орусиянын федералдык медиа көзөмөлдөөчү органы өлкөдөгү маалымат каражаттарына, анын ичинде "Азаттыктын" орус кызматы менен "Настоящее время" сыналгы каналына алдыдагы бул нааразылык иш-чарасы тууралуу бардык кабарларды өчүрүүгө буйрук берди.