Федералдык Жаза аткаруу кызматынын 980 кызматкеринде, буга кошумча түрмөдө отурган 238 кишиде коронавирус аныкталган.
Мекеменин басма сөз кызматы: «Жаза аткаруу системасынын бөлүмдөрүндө коронавирус боюнча 52 миңдей лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. Анын дээрлик жарымы федералдык мекеменин лабораторияларында текшерилди», - деп кабарлады.
25-майда укук коргоочулар Москвадагы «Лефортово» тергөө изоляторунда үч кишиден коронавируска тест алынганын маалымдашкан. «Матросская тишина» абагынын алтынчы блогунда бир нече камерада адамдар ооруп жатканын айтып чыгышкан.
«Лефортоводогу» жооптуу кызматкердин айтымында, үч кишиден коронавируска тест 18-майда алынган. Жыйынтыгын дале күтүп жатышат. Бирөөнүн биринчи тестинен COVID-19 чыгып, экинчи жолу тест тапшырган» деген Коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович.
Дагы караңыз Орусияда COVID-19дан каза болгондор көбөйдү«Көмүскө зона» картасын Москвадагы Хельсинки тобу, «Жарандык көзөмөл», Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору, «Коомдук өкүм», Уралдын укук коргоочулар тобу жана адвокаттар Вера Гончарова, Ирина Бирюкова, Каринна Москаленко, Мария Серновец, Яна Гельмель түзүшкөн.
Картага абактарда коронавирус расмий аныкталган учурлар менен жаза өтөп жаткандар жана алардын жакындарынын кайрылуулары түшүрүлгөн. Укук коргоочулар илдетке чалдыккан адамдар башкалар менен бир камерада кармалып жатканын, абактарда дары-дармек жетишпей жатканын айтып, коңгуроо кагышкан.
Алар абактарда илдет менен ооругандар боюнча маалыматты ачыктоону талап кылып жатышат. Ар бир учур боюнча прокуратурага арыз жөнөтүлгөн.
Былтыркы жылдын маалыматына ылайык орус абактарында 434 миң адам жаза өтөп келет. Москвадагы кыргыз элчилигинин акыркы маалыматы боюнча орус абактарында жаза өтөп жаткан 1,5 миңдей кыргыз жараны бар.
Орусияда соңку күнү коронавирус дагы 9 миңдей адамда аныкталып, илдетке чалдыккандардын саны 362 миңден ашты. Бир күндө 147 киши каза таап, жалпысынан илдеттен 3807 өлүм катталды. Орусиядагы 700 миңден ашуун мигранттардын ичинен жүздөн ашуун кыргызстандыктан илдет аныкталганы элчиликте айтылган.
Буга чейин Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары жана адвокаттар өлкө бийлигине кайрылып, абактардын абалына көңүл бурууга чакырышкан.
Абактардагы медициналык жардам менен санитардык шарттын абалын, камакта отургандардын санынын көптүгү менен иммунитетинин начардыгын белгилешип, коронавирус жайылса, кесепети оор болорун эскертишкен.
Мындай кайрылууну «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы, «Кыйноого каршы коалиция» уюму жана башка юристтер жазышкан.
«Бир дүйнө-Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстандагы абактардагы абалды төмөнкүчө баяндады:
«Кыргызстандын пенитенциардык системасынын башчысы «абактарды жаап, коопсуздук чараларын кабыл алып жатабыз» деп коомчулукту жакшы эле тынчыткан. Бир катар уюмдар антисептик жана башка каражаттар жагынан жардам көрсөткөнбүз. Тилекке каршы, жалпы абалга мониторинг жүргүзүүгө уруксат беришпеди. Сөзсүз түрдө коргонуучу кийимдер менен кирип, догдурлар, Кыйноого каршы институт, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен кыдыралы, муктаждарды аныктайлы деп сунуштаганбыз. Ага уруксат беришпеди. Эми №1 тергөө изолятору менен №27 абакта коронавируска чалдыккан кызматкерлер менен адамдар тууралуу маалыматты расмий тактап жатабыз. Түрмөлөрдөгү жалпы абалды - обсервациялардын уюштурулганы, дары-дармек жагы тууралуу эч нерсе билбейбиз. Укук коргоочуларга Ыкчам Штаб, Жаза аткаруу кызматы, ИИМ жакшы мониторинг жасаганга уруксат беришпеди. Биз чектелип калдык».
20-майда Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев Жаза аткаруу кызматынын жети кызматкеринде коронавирус табылганын билдирген.
Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.