Канттагы базада дрондор отряды түзүлүүдө

Канттагы аскер базасы

Орусиянын Канттагы аскер базасында кыска жана орто аралыктагы учкучсуз авиация отряды түзүлгөнү кабарланды.

Орусиянын Канттагы аскер базасында учкучсуз авиация отряды түзүлүп жатканын орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Москвадагы аскер багыттагы көрсөтүүлөрдү даярдаган «Звезда» телеканалы Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинге шилтеме берип кабарлагандай, учкучсуз учактар Кыргызстандагы аскер базага жайгаштырыла баштаган.

Лапин бул отряд орто аралыкка сокку урчу «Форпост» жана кыска аралыкка ылайыкташкан «Орлан-10» учактарынан турарын билдирген. Анда телеканал орус генералынын «бул Сирия Араб Республикасында чалгындоо-сокку уруу комплекстерин түзүүдөгү тажрыйбасы бар, салгылаштарда ишке жараган учактар», - деген сөзүн мисал келтирген.

Дагы караңыз Орусия Кантка жаңы түзүм орнотот

Канттагы аскер базага канча дрон жайгаштырылганы жана кайсы максаттарда колдонулары жөнүндө толук расмий маалымат бериле элек.

Орусиянын Канттагы базасынын командачылыгы менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева бул маселе боюнча комментарий бере албай турганын айтты:

«Бул толугу менен Орусиянын демилгеси, учкучсуз учактар жана команда ал өлкөнүкү болуп эсептелет. Ошондуктан, биз комментарий бере албайбыз. Ал эми база боюнча протоколго өз тарабыбыздан кошумча киргизгенбиз. Учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат».

Чынында эле дрондордун жайгаштырылганы 2019-жылы кол коюлган Кыргызстандагы Орусиянын бирдиктүү аскер базасы жөнүндө протоколду орус парламенти ратификациялаган учурда ачыкка чыкты.

Быйыл февраль айынын соңунда аталган протоколго Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон.

Учурда бул документ кыргыз парламентинин кароосуна келип түшүп, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде каралганы жатканы белгилүү болду.

Кыргызстандагы Орусиянын бирдиктүү аскер базасы жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр жөнүндө протокол былтыр март айында орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык, базасынын аянты 58,3 гектарга кеңейтилип, учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелери жана Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкесин модернизациялоо каралган болчу. Мына ушул протокол толугу менен ратификацияланып бүтө элек болсо да, Орусия Кантка дрондорду жайгаштыра баштаганы кабарланды.

Эми Кыргызстандын аймагында жайгашкан базага дрондордун жайгаштырылышы өлкө коопсуздугуна кандай таасирин тийгизет деген суроо турат. Бул маселенин тегерегинде кыргыз коомчулугунда эки ача пикирлер бар.

Кыргызстандын коопсуздук органдарынын генералы Артур Медетбеков аскер базага дрондордун жайгаштырылышын колдойт. Анын айтымында, Канттагы база расмий түрдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскер объекти болуп эсептелгендиктен Кыргызстанга сырттан коркунуч жаралса, аларды колдонууга мүмкүнчүлүк бар:

Артур Медетбеков

«Бул учкучсуз учактар Кыргызстандын коопсуздугун сактоодо өтө чоң мааниге ээ десем жаңылышпайм. Мисалы, 1999-2000-жылдары эл аралык деңгээлдеги террорчу топтоп Кыргызстанга кирип келгенде тоолуу шартта аларга каршы каршылык көрсөтүү үчүн учак жагынан зарылдык болгон. Бүгүн эгер ошондой коркунуч туулса, дал ушул учкучсуз учактарды колдонуу менен кайсы тоо аркылуу кирүүдө чалгын жүргүзүп, аларды талкалоого жардамы болот».

Медетбеков Ооганстандагы акыркы кырдаалды эске алуу менен Бишкек кандай болбосун коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керектигин кошумчалады. Ошол эле кезде Орусиянын Канттагы базасы кеңейтилип, күчтөндүргөн сайын Кыргызстандын бул өлкөгө көз карандылыгы күчөйт деп, аскерий объектке каршы болгондор аз эмес.

Маселен, жарандык активист Адил Турдукулов мындай аракеттер Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүшүнө таасирин тийгизет деген пикирде:

Адил Турдукулов

«Дегеле чет элдик аскер базанын Кыргызстанда жайгашканы туура эмес. Ошондуктан, мен америкалык база болобу, орус базасы болобу Кыргызстандан чыгарылыш керек деген пикирди кубаттап келгем. Биз башка өлкөнүн аскерине таянбай, өз армиябызды, коопсуздук күчтөрдү чыңдаганга аракет кылышыбыз керек болчу. Анын ордуна биздин өлкө башчылардын сырткы күчтөргө жеңилдик берип, ички атаандаштары менен күрөшүп жатканы өкүндүрөт».

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. 2013-жылы расмий Бишкек Транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен макулдашууну денонсация кылган, андыктан 2014-жылдын 11-июлуна чейин Вашингтон бул объектини толугу менен чыгарып кетүүгө мажбур болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​