"Арсар болуу - алсыздык". Киев НАТОну сындады

НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бирге түшкөн сүрөтү. 11-июль, 2023-жыл. Вильнюс.

Вильнюста 11-июлда НАТОнун эки күндүк саммити башталды. Анда Украинанын Түндүк Атлантика аскердик альянсына кошулуусу тууралуу маселе көтөрүлөт. Шейшембиде Литвага барган Украинанын президенти Владимир Зеленский сапарда бара жатып уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерин чечкинсиз деп айыптады. Саммиттин алкагында ал АКШнын президенти Жо Байден менен жолугары кабарланды.

Литванын баш калаасына дүйнө лидерлери чогулуп жаткан маалда Украинанын чыгышында орус күчтөрү менен согушуп жаткан украин армиясынын 57-бригадасынын жоокерлери Киев жакын арада НАТОго кошуларына үмүттөнүп жатканын билдирип чыгышты.

"Эгер биз НАТОго мүчө болсок, бул согуш болбойт эле. Мен ушуга ишенем. Келечекте биздин жеңиштен кийин НАТОго кошуларыбызга үмүттөнөм", - деди украин аскерлеринин бири.

Согуш тилкесинде жүргөн аскерлер бул жолу алар жеңишке жетсе да, кийин Москва Украинага кайра кол салбайт деген кепилдик жок экенин, бир гана аскердик альянска кошулуу менен мунун алдын алса болорун түшүнүп турушат.

Вильнюстагы саммитте көтөрүлө турган эң башкы маселе - Украинанын НАТОго киришине байланыштуу.

Киев аскердик альянстан согуш аяктагандан кийин Украина НАТОго кирет деген так кепилдик берилишин күтөт. Ошондой эле бир катар аскердик, саясий жана юридикалык талаптарды айланып өтүп, кыска жол менен мүчө болоруна ниеттенип турат. Анткен менен буга альянска мүчө мамлекеттердин бардыгы даяр эместей.

11-июлда тараткан билдирүүсүндө Зеленский уюмдун мүчөлөрүнүн чечкинсиздигин кескин сынга алды.

"Украинаны НАТОго чакырууга да, мүчө кылууга да эч кандай даярдык жоктой. Демек, Украинанын НАТОго кириши тууралуу маселе Орусия менен сүйлөшүүлөрдө колдонулушу мүмкүн. Бул Орусия террорду улантат дегенди туюнтат. Арсар болуу – алсыздык", - деп жазылат Зеленскийдин билдирүүсүндө.

Буга чейин бир катар батыш маалымат каражаттары өз булактарына таянып, саммитте Украина уюмга кошулууга чакыруу албастыгын жазышкан.

Эмнеге НАТО Украинаны дароо кошууга ашыкпайт?

НАТОго мүчө мамлекеттердин баары Украинаны токтоосуз катарына кошууга даяр эмес. Талдоочулардын пикиринде, мунун себеби айдан-ачык. Алар Орусия менен түз конфронтацияга барууну каалашпайт.

Расмий Киев билдиргендей, Украинанын келечекте НАТОго киришин 23 мамлекет колдоого даяр экенин жарыялады. Арасында Батыш мамлекеттери бар. Азырынча мындай кескин кадамга баруудан Германия менен АКШ карманып турушат.

Байден жакында эле CNN телеканалына курган маегинде альянс Киевди уюмга кабыл алууну согуш аяктагандан кийин гана карай аларын айтты. Болбосо бул НАТО менен Орусиянын ачык тирешүүсүнө жол ачышы мүмкүндүгүн эскертти.

Cаммиттин алкагында Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен жолугары кабарланды. Украин президенти Вильнюска 11-июлда барды.

Немистердин Bild басылмасы жазгандай, Кошмо Штаттар менен Германия 2008-жылы кабыл алынган «Мүчөлүк тууралуу аракеттердин планын» карманууну көздөшөт. Анда мүчөлүккө талапкер мамлекет бир катар саясий жана экономикалык реформаларды өткөрүш керек.

Ал эми уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг саммитте Украинаны НАТОго жакындата турган программа кабыл алынарын айтууда.

Вильнюстагы жыйында НАТОго мүчө мамлекеттер ар бири өз алдынча Украина боюнча милдеттенмелерди алышат. Politico басылмасынын маалыматына ылайык, алар Украинага коопсуздук кепилдиктерин берген декларацияны кабыл алышат.

Андан тышкары 1997-жылы Украина-НАТО комиссиясынын макамы өзгөртүлүп, жогорулатылат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Американын лидери Жо Байден Жапониянын Хиросима шаарында өткөн "Чоң жетинин" саммитинин алкагында жолугушкан учур. 21-май, 2023-жыл.

Москванын реакциясы

Москва эки күндүк саммитти кескин сынга алды. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова жыйында «абдан кооз спектакль ойнотуларын» билдирди.

Ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкө өзүнүн коопсуздук кызыкчылыктарын коргой турганын айтты.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков НАТО дүйнөдөгү ансыз да туруксуз болуп жаткан кырдаалды курчутуп жатат деп жарыялады.

"Орусияны НАТОнун жетекчилиги душман катары кабыл алууда. Вильнюстагы талкуулар мына ушундай мүнөздө өтөт. Биз буга тыкыр көз салуудабыз",- деди Песков.

Украинадагы согуш, НАТОнун тарыхы

2008-жылы Бухарестте өткөн НАТОнун саммитинде Украинаны качандыр бир кезде аскердик альянска кошуу ниети камтылган декларация кабыл алынган. Ал кезде Украинанын башында Виктор Ющенко турган. Декларацияда так эч нерсе жазылган эмес.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салардын алдында чек арага өз аскерлерин топтоп, Батыш мамлекттерине бир катар шарттарды койгон.

Алардын арасында "НАТО чыгышка, өзгөчө Украина жана Грузияга карай кеңейбейт", "Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш" жана "1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек" деген талаптар бар эле. Кийин кол салганда дагы Орусиянын президенти Владимир Путин өз чечимин НАТО Украинанын Орусияга каршы пункт катары колдонгусу келип жатканы менен түшүндүргөн.

НАТО менен Киев мындай дооматтарды четке кагышкан.

Былтыр 30-сентябрда Орусия Украинанын төрт облусун мыйзамсыз аннексиялап алганын жарыялагандан кийин Киев альянска тездетилген шартта кирүү тууралуу арыз жазган.

Орусиянын Украинага кол салгандан кийин НАТОнун курамы кеңейди.

Буга чейин бейтараптыкты (нейтралитетти) карманып келген Финляндия менен Швеция 2022-жылы май айында Орусиянын баскынчыл саясатынан чочулап, НАТОго кошулуу тууралуу арызын тапшырышты. Быйыл 4-апрелден тартып, Финляндия НАТОго мүчө өлкө болуп калды. Ал эми буга чейин Швециянын альянска кошулуусуна жолтоо болуп келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-июлда макулдугун берди. Эми расмий Стокгольм НАТОнун 32-мүчөсү болуп калмакчы.

НАТО 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн.