Парламент имаратынын алдына он чакты адам Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылып чыгышты.
Алар колдоруна “Кыргыз Республикасынын жаранын кайтарып бергиле” деген баракчаларды кармап турушту.
Кыргызстандын бийлиги Инандыга байланыштуу азырынча үн ката элек. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган министрликке Орхан Инандынын маселеси боюнча чакыртылганын билдирди.
Кыргызстанда буга чейин да Инандыны табууну талап кылган митингдер өткөн болчу.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
5-июлда түрк президенти Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.
"Улуттук чалгын уюмубуз өзгөчөлүү жана сабырдуу иш-аракеттердин натыйжасында ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү Орхан Инандыны биздин өлкөгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Бул мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, буктурмага кабылган, кан төккөн, материалдык жана моралдык зыян келтирген бир дагы түзүмдүн жашоосунун улантышына жол бербейбиз. Бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун арам акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деди Эрдоган элге кайрылуусунда.
Ал ошондой эле буга чейин Түркияга чет өлкөлөрдөн ФЕТОго түздөн түз байланышы бар деген 100дөн ашык түркиялык жаран алынып келингенин кошумчалады. Алардын арасынан айрымдарынын кайсыл өлкөдөн кармалып, Түркияга жеткирилгени ачык айтылды.
Селахадин Гүлен, Ахмет Йигит жана Исмаил Оккалы Түндүк Кипрден, Гүрбү Севилай жана Тамер Авжы Өзбекстандан, Ясин Инан Украинадан, Хасан Хүсайин Гүнакан Косоводон Түркияга жеткирилгени маалым болду.
Анткен менен 2018-жылы Түркиянын атайын кызматы Монголияда Гүлен кыймылына тиешеси барларга каршы атайын операция уюштурган. Анда Улан- Батордогу түрк лицейлеринин директору Вейсел Акчай колго түшүрүлгөн. Бирок Монголиянын бийлиги Акчайды Түркияга алып келе турган учактын көтөрүлүшүнө уруксат берген эмес.
Ал эми түркиялык маалымат каражаттары 53 жаштагы Орхан Инандынын ким экенин тизмелеп жазып чыгышты. Анда Инанды Түркиянын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн "террористтердин катарында" болгону айтылат.
Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Инандынын тарапташтары Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жасап, анын табылышын талап кылган акцияларды өткөрүп келген.
Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу Жогорку Кеңеште дагы каралып, президент атайын тапшырма берип, Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны да өткөн.
Жакында Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды мамлекет башчы Садыр Жапаровго үчүнчү ирет видео кайрылуу жасап, күйөөсүнүн жоголгонуна бир ай болгонун белгилеген жана аны табууга жардам берүүнү өтүнгөн. 5-июлда парламент имаратынын алдындагы пикетке жалгыз да чыккан болчу.
Ал буга чейин жолдошу Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турушу мүмкүндүгүн ишарат кылган. Бирок бул маалыматты түрк элчилиги четке какканы кабарланган.
Рейхан Инанды июнь айынын башындагы кайрылууларынын биринде жолдошу Түркияга депортациялана турган болсо, анын өмүрүнө коркунуч тууларын айткан.
“23 чет мамлекеттен 95 киши ушундай ыкма менен Түркияга жеткирилген. Алар ал жакта түрмөгө отургузулат. Биз Орхан мырза менен 26 жыл бою Кыргызстанда жашадык. Эч маселебиз болгон эмес. “Себат” азыр “Сапат” билим берүү мекемеси болгон. Бүт Кыргызстан билген, кыргыз балдарын окуткан мекемелер”, - деп билдирген Рейхан Инанды.
Дагы караңыз
Орхан Инандынын жубайы жалгыз пикетке чыктыОрхан Инандынын жоголушуна байланыштуу милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерполго да кабар берилгени айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.
Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркияга жасаган иш сапары учурунда Режеп Тайып Эрдоган менен Орхан Инанды тууралуу да сөз кылганы кабарланган. Жапаров анда Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сураганда түрк президенти аны тааныбай турганын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун айтканын жана “ФЕТОчулар тууралуу билгим да келбейт” деп жооп бергенин кыргыз президентинин басма сөз катчысы билдирген.
Дагы караңыз
Жапаров Эрдогандан Инандынын жоголушу тууралуу сурадыРасмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын анын адвокаты 15-июнда билдирген.
Орхан Инанды - Кыргызстанда мурдагы "Себат", азыркы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп келген. 2001-жылдан бери “Сапаттын” президенти. Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, 2003-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.
2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын кабарлаган.
Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Сапат” билим берүү мекемелери 16 лицейди, эл аралык “Ала Тоо” университетин, эл аралык “Силк Роад” мектебин, төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин камтыйт. Бул мекемелерде 10 426 мектеп окуучу жана студенттер билим алууда.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, бир канча адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн бозгундагы диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, АКШдан анын өткөрүлүп берилишин талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") деп жарыялаган. Бирок Кошмо Штаттар Гүленге каршы доолордогу жүйөөнү жетишсиз санагандыктан, ал талапты аткарган эмес. Гүлен да өзүнө коюлган дооматтарды негизсиз деп четке кагып келет.
Түркиядагы төңкөрүш аракети маалында жалпысынан 246 киши каза тапкан. Алардын 62си полиция кызматкери, 5 аскер кызматкери, 179 жөнөкөй жарандар болгон.
2016-жылдын 15-июлундагы бул окуяны тергөө-иликтөө иштерине байланыштуу 169 миңге жакын жаран суракка алынып, 50 миңден ашык адам камакка алынган.
Төңкөрүш аракетинен кийин Түркия кыргыз бийлигинен Гүлен кыймылына тиешеси бар деген билим берүү борборлоруна чара көрүүнү талап кылган. Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилиги Анкаранын талабын аткаруудан баш тарткан.
Бир айдан ашуун жоголгон Орхан Инандынын Түркиядан табылышы кыргызстандык соцжеле колдонуучулардын сынына кабылды.