Болот Миңжылкыев - өткөн кылымдын 1970-жылдарынан тартып, мурдагы СССРден сырт дүйнөгө кыргыз опера өнөрүнүн жетишкендигин тааныштырган даркан ырчы. Буга улуу ырчынын дүйнөдөгү атактуу опера жана балет театрлардын бири - Санкт-Петербургдагы Мариинск театрындагы бюсту да далил.* (Санжыргалуу бул театр Кеңеш доорунда театрга эч кандай тиешеси жок саясий ишмер С. М. Кировдун ысымы менен аталчу). Аты береги театрдын тарыхына жазылган ырчыны дүйнөлүк опера өнөрүнө өчпөс из калтырган көрүнүктүү ырчылардын үркөрдөй тобуна кошулду десек эч жаңылышпайбыз.
Тележурналист Елизавета Васильевна Абдина - отуз жылдан ашык убакыт Болот Миңжылкыевдин ырчылык өнөрүнө жетине албай суктанып, ал түгүл сейрек үндүү опера ырчысынын чыгармачылыгы тууралуу аны менен нечен ирет жүзмө-жүз баарлашкан сейрек инсандардын бири. Ошондой эле Е. Васильевна Кыргыз телевидениесинде иштеп жүргөн жылдары мурдагы СССРде белгилүү көптөгөн искусство чеберлери менен маектешип, атайын берүүлөрдү даярдаган.
Елизавета Васильевна оболу Б. Миңжылкыев менен тал чыбыктай солкулдап турган курагында - 18 жашында бий кечесинде таанышат. 1959-жылы Болот Миңжылкыев Бишкектеги (ал кезде Фрунзе) Опера жана балет театрында башкы ролдордо бийлеп, көпчүлүктүн купулуна толгон Рейна Чокоевага үйлөнөт жана эки жыл өтүп-өтпөй Ташкентке Консерваторияда билимин өркүндөткөнү кетет.
- Телевидениеде иштеп жүргөндө Болот Миңжылкыевди кыйгап өтүп кете алчу эмесмин, - деп баштады даркан ырчы тууралуу кебин Е. В. Абдина. - Биз кийин кайра тааныштык. Мен ал жөнүндө сүйлөсөм, сөзүм түгөнбөйт. Болотту сыйлайм, баалайм, кишилик кемчиликтерин да билем. Асанбек Токомбаев Кыргыз телерадиосун жетектеп турган кезде Болот Миңжылкыев тууралуу биринчи телеберүү даярдалган. Ал телеберүүнү Валерий Гергиев көрүп калат да Болотту эч нерсе убада бербестен Мариинск театрына чакырат. Ал кезде "Киров атындагы опера жана балет театры" деп аталчу эле го... Бул жөнүндө Гергиев өзү кайсы бир интервьюсунда айткан. Албетте, Болот Миңжылкыев үчүн Мариинск театрындагы жылдары өтө үзүрлүү болду. Ал театрда бардык башкы ролдорду ойноду, ырдады, баары менен таанышты...
Санкт-Петербургдагы дүйнөгө белгилүү Опера жана балет театрынын жамааты менен кыргыз ырчысынын алгачкы таанышуусу кандай башталган?
“Биз Булатты** биринчи жолу чакырганда, мен Мариинск театрында Гунонун “Фауст” операсына дирижерлук кылып жаткам. Ал репетицияда алгачкы үч нотаны аткарар менен демин ичине каткан артист-коллегалар күтүүсүздөн эле жымжырт болуп, тирүү жан жоктой катып калышты... Ошондо көпчүлүктү анын кубаттуу үнү арбап алды”, - деп эскерет заманыбыздын көйкашка дирижерлорунун бири, 1988-жылдан бери Санкт-Петербургдагы атактуу театрды жетектеп келаткан Валерий Гергиев. (http://www.classicalmusicnews.ru/news/pamyati-bulata-minzhilkieva-hovanshhina-musorgskogo-v-mariinskom-teatre/)
Болот Миңжылкыев ошентип 1989-жылдан тартып дүйнөдөгү эң мыкты театрлардын бири болгон С.М. Киров атындагы академиялык опера жана балет театрында иштеп калат. СССРдин жана кийин Орусиянын сыймыгы болгон бул театрда ал жылдары опера дүйнөсүндө белгилүү Ольга Бородина, Владимир Галузин, Николай Охотников, Вячеслав Трофимов сыяктуу артисттер эмгектенчү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Елизавета Васильевна Абдина 90-жылдардын баш ченинде Санкт-Петербургда Болот Миңжылкыев менен болгон жолугушуусу жөнүндө минтип эскерет:
- Питерге келсем, ал досу, опера ырчысы Вася Гералло менен мен жашаган мейманканага келди. Василий Гералло - азыр дүйнөнүн жараны, бардык белгилүү опера театрларынын сахнасында ырдап жүрөт. Алар ала келген бөтөлкөнү ичип, көпкө сүйлөшүп отурдук. Мейманкананы Болот заказ кылган болчу. Мен турган бөлмөдө Болот оболу Питерге келгенде эки жыл жашаган экен. Болот ошондо айтып берди: эки жыл ичинде бир топ арыктаптыр. Себеби алган айлыгы жашоосуна араң жетиптир. Ошого Болот Миңжылкыев Питерден кетмек болуп, театрдын директоруна барып, ал-абалын түшүндүрөт. “Сен эмне, жиндисиңби? Эмне үчүн мейманканага өз жаныңдан төлөгөнүңдү буга чейин айткан жоксуң? Бар, эки жыл үчүн квитанцияларды жыйнап кел!” - дейт театрдын директору. Архивден квитанцияларды топтоп келген соң, Болотко бүт чыгымын төлөп, Россия көчөсүндөгү Хореографиялык окуу жайдын жатаканасынан бир бөлмө беришиптир.
Болот Миңжылкыев үй-бүлөсү Кыргызстанда, өзү Санкт-Петербургда мейманканада чала наар болуп жүргөн кезде СССРдин Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын жана Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Батыш Европада ысымы белгилүү опера ырчысы болчу.
Ушул жерден Валерий Гергиевдин Болот Миңжылкыев тууралуу терең урмат менен айткан береги сөзү аргасыз эске түшөт:
“Мен Булатты өзгөчө сыйлачумун... Бул анын үн табиятынын байлыгына гана байланыштуу эмес болчу. Булатта ар бир артисттин башына түшкөн түркүн проблемаларга, адилетсиздикке, кыйынчылыктарга чүнчүбөй, оор басырыктуулук менен мамиле кылган кең пейил, асылзат мүнөзү бар эле. Балким, аны санаага салган ойлорду жүрөгүнүн тереңинде катып жүргөндүр, бирок эч качан жамаатка не ачуусун, не таарынычын, не дымагын көрсөткөн эмес. Эч качан. Бул укмуш касиет”, - деп баа берет Орусия Федерациясынын Эмгек баатыры Валерий Гергиев**.
Сөз учугу кайрадан Е. В. Абдинада:
- Ошол учурда Болот аябай арыктаптыр. “Түшүмдө койдун этин көрчүмүн жана эттин жытын кадимкидей сезчүмүн ошондо”, - деп мага Болот өзү айткан. Ошого Рейнадан суранат, "эт алып келип бер, Питерге" деп. Рейна эт алып барса, аэропорттон Василий Герелла тосуп алат. Болот спектаклден бошобой калып, жакын досун сураган экен. Болот Рейнадан "лагман жасап бер" деп суранат. Рейна лагман чоюп жаткан, Болот: "Лагман качан бышат?" деп күтүп отурганын көрсөткөн тасма да бар. Аны ким тартканын билбейм.
Агриппина Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайы - азыр Орус балет академиясы. Бул окуу жайын өз учурунда кыргыз балетинин ай- чолпондору Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева жана башкалар аяктаган.
Береги жатаканада Болот Миңжылкыевдей эле Санкт-Петербургга Теңир берген талантынын шыпаасы менен келген башка да өнөр адамдары убактылуу түнөк тапкан.
- Ал жатаканада Болот Миңжылкыевге коңшулаш бөлмөлөрдө Евгений Товстоноговдон кийин Санкт-Петербургдагы Чоң драмалык театр - БДТнын башкы режиссеру болгон Темур Чхеидзе; тенор үндүү опера ырчысы Гегам Григорян, атактуу киноактриса Софико Чиаурели, БДТда иштеген грузиялык сүрөтчү жашаган. Бул сүрөтчү Котэ Махарадзенин күйөө баласы болчу. Ошого Софико Чиаурелиге өгөй күйөө бала экен. Бул жамаат жер кыдырып, концерт коёлу деп чечет. Алгач Чхеидзе режиссерлук кылып, “Дон Карлос” операсынын негизинде концерт коюшат. Жанагы сүрөтчү Болот Миңжылкыевге спектакль үчүн күрөң-кызыл берет тигип берген экен. Мен барган кезде алар “Дон Карлос” менен Генуя, Франкфурт, Гамбург, Хельсинкиге барганы жатышыптыр. Ушундай орток чыгармачылык алардын достугуна негиз болуптур.
Елизавета Васильевна ошол сапарында Мариинск опера жана балет театрында Болот Миңжылкыев үчүн коюлган биринчи спектаклге келип, атайын телеберүү тартып кетүүнү макулдашат; ал эми Болот Миңжылкыев болсо Бишкекке келгенде Елизавета Васильевнага "чоң интервью берем" деп сөз берет. Елизавета Васильевна андай мүмкүнчүлүк тез эле келгенин айтып сөзүн улантты:
- Модест Мусоргскийдин “Хованщина” операсы болчу. “Хованщина" окуялары жай өнүккөн, санжыргалуу, беш сааттык опера. Бирок, Мариинск театрында беш саат бир көз ирмемдей өтөт. Себеби артисттердин, оркестрдин, эркектер хорунун чебер оюнун айтпаңыз! Хор Болотту коштоп, Болот хорго камертон болуп турду. Бул абдан жооптуу учур. Бул операны Жапон телевидениеси Батыш Голландиянын “Филипс” компаниясы менен чогуу үч күн бою жазышты. Алар алдыңкы орундарды сатып алып, кинокамерасын коюп алып, “ак кишилер” сыяктуу жыргап иштеп жатышты. Болот мени алар менен тааныштырды. Бизде болсо көрөрмандар телеоператорлордун жайма-жай иштешине тоскоолдук кылышып, жетим козудай кыйналасың. Кийин Болот Бишкекке келгенде мага кенен интервью берди. Аялдык кылып Болоттон: “Сүйүктүү аялыңыз жөнүндө айтып бериңиз” дебейминби. Ал небереси тууралуу айта баштады. Мен: “Сизди аяп кеттим. Сүйүктүү аялыңыз жөнүндө сурасам, небереңиз тууралуу айтып жатасыз”, - десем, Болот: “Койчу андай сөздү. Мен аялдардын сүйүүсүнөн куру жалак болгон жокмун”, - деди. Биздин өз ара мамилебиз абдан жакшы болчу. Болот - бул чоң артист...
Болот Миңжылкыев 1997-жылы 16-августта капылет көз жумганга чейин Мариинск театрында жылбай эмгектенет. Дүйнөдөгү мыкты театрлардын көч башындагы бул театрда ал эң башкы партияларда ойнойт. Атап айтканда, Мусоргскийдин “Борис Годунов” жана “Хованщина” операларында Борис падыша менен Иван Хованскийдин, Гунонун “Фауст” операсында Фаусттун, Бородиндин “Князь Игорь” операсында Кончактын, Вердинин “Дон Карлосунда” Инквизатордун жана башка арияларды аткарат.
Болот Миңжылкыев өмүрүнүн соңку он жылын Санкт-Петербургда өткөргөнү менен, Валерий Гергиев айткандай, “сейрек үндүү ырчы өз мекени Кыргызстанга жана советтик вокалдык мектепке, анын ичинде Мариинск театрына таандык”.
--------------------------
* Мен билгенден азырынча Болот Миңжылкыевдин өз мекенинде эстелиги жок.
**Орус тилдүү чөйрөдө эмнегедир атактуу ырчыны кыргызча Болот дешпей, Булат деп аташат.