Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Дмитрий Хворостовский же эрте кеткен Орфей


 Дмитрий Хворостовский
Дмитрий Хворостовский

Ошентип, көптөн бери сыркоолоп жүргөн атактуу ырчы Дмитрий Хворостовский дүйнөдөн кайтты.

Дүйнөдөгү эң эле мыкты деп таанылган баритон, опера өнөрүнүн накта супер жылдызы, Орусиянын эл аралык масштабдагы чыныгы мактанычтарынын бири узакка созулган оорудан кийин Лондондо каза тапты.

Опера дүйнөсү бир заматка тунжурай түшкөндөй, жетимсирей түшкөндөй сезилди. Анткени Хворостовский дүйнөгө белгилүү баритондордун ичинен эң эле мыктысы, эң эле күчтүүсү эле.

Албетте, бу жарыкта орду толбой кала турган эч нерсе жок, бирок ошондо да Дмитрий Хворостовский дүйнө салганда кейибеген, "аттиң дүйнө" дебеген опера сүйүүчүлөр калбады окшойт.

Кечээги жана бүгүнкү Интернет мейкиндигине көз чаптырсаңыз, кейибеген, көңүл айтпаган киши жок. Хворостовскийди легендарлуу Федор Шаляпинден кийинки эле улуу ырчы дегендер да жок эмес.

Ооба, Евгений Нестеренко, Борис Штоколов, Юрий Гуляев сыяктуу чоң ырчылар Орусияда болгон, дагы да болот, бирок бири да Хворостовскийдин атагындай атакка эч качан жеткен эмес эле.

Дмитрийдин оорусу катуу жеринен кармады: анын мээсинен шишик табылып, ал шишик рак экени билинип, ошондон кийин ырчынын тез эле шайы оогонун көрдүк.

Хворостовский жакында эле туулуп-өскөн Красноярск шаарына коштошуу концертине келгенде баскан-турганы чалыштап, болгону 56 жашта болсо да көзү да жакшы көрбөй, баягы чымыр денелүү, шыңга бойлуу, кең далылуу азамат заматта шапая түшкөнү билинген эле.

Дмитрий Хворостовскийдин ырчылык карьерасы 1989-жылы Улуу Британиянын Кардиф шаарындагы эл аралык конкурста биринчи орунду жеңип алгандан кийин башталган эле. Ошондон кийин Сибирден келген жаш ырчынын карьерасы ракета сыяктуу эле көкөлөдү. Дмитрий дүйнөдөгү эң эле атактуу деген, мыкты деген сахналарда өнөрүн көрсөттү. Лондондогу "Ковент-Гарден" менен Нью-Йорктогу "Метрополитан операдан" тартып биздин Бишкекке чейин келип ырдап кетти.

Ооба, ал Бишкектин борбордук аянтындагы Эл аралык тоо жылына арналган чоң концертке катышкан. Ырдап бүткөндөн кийин элдин арасына келип отуруп, кыргыз элинин эгемендик үчүн күрөшүнө арналган чоң салтанатты аягына чейин көрүп, абдан ыраазы болуп кеткен.

Хворостовскийдин катуу оорусу 2015-жылы билинген эле. Ошондон кийин бир нече ай дарыланып, кайра сахнага чыга баштаган. Бирок өткөн жылы оорусу кайра күчөп кетип, бир канча мезгил мээсин химия терапия менен дарылатты. Бирок быйыл мээсиндеги рак оорусу кайткыс жолго түшкөнү байкалып, ошондон кийин Дмитрий коштошуу концерттери менен Лондондо, Москвада, өзү туулуп-өскөн Красноярскийде болду.

Дмитрий Хворостовский же эрте кеткен Орфей
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:37 0:00

Краснояркидеги концертте атактуу ырчы сахнага араң чыгып, эл менен ачык эле кош айтышып, көзүнө жаш алып, аны көргөн элди ого бетер ыйлатып, ошондон кийин эч бир эл алдына чыга албады. Улуу ырчы, улуу баритон Дмитрий Хворостовский Лондондо 22-ноябрда эрте мененки саат үч чамасында бала-чакасынын кашында, ата-энесинин көз алдында дүйнөдөн өттү.

Ырчынын акыркы керээзи - "сөөгүмдү кремация жасатып (отко өрттөтүп), күлүн эки жакка бөлгүлө" деп айтыптыр. Бир бөлүгүн Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө койдуруп, экинчи бөлүгүн туулуп-өскөн шаары Красноярскиге бергиле дептир.

Айтор, тирүү кезинде легендага айланган Дмитрий Хворостовский орус маданиятынын дагы бир аздектеп сактаган таберигине айланат сыяктанат. Чындыгында да ошого татыктуу ырчы эле.

Байыркы грек легендаларынын каарманы Орфей ырчы сыңары жашоодон эрте кетип, аты эртелеп аңызга айланып, артына миллиондогон күйөрмандарын калтырды, ырлары эсеп жеткис магнит тасмаларында, дисктерде сакталып калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG