Ооганстанда зилзаладан улам миңдеген киши үй-жайсыз калды

Зилзалада талкаланган кыштактын тургундары

Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Молдо Жанан Саик билдиргендей, 7-октябрдагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 2400дөн ашты. Он миңден ашуун киши жаракат алып, эки миңден көп турак жай талкаланды. Бул акыркы 20 жылдан берки Ооганстандагы эң кандуу зилзала болуп калды.

Герат провинциясына караштуу Жибрил районунун тургундарынын бири "Азаттыктын" ооган кызматына жер титирөөдөн кийин эл нес экенин айтып берди:

"Биринчи силкинүү эртең менен саат 11:15 чамасында болду. Андан кийин дагы бир нече ирет жер титирөө болуп, баары үйлөрүнөн качып чыкты. Эч ким үйүнө кирген жок. Зилзала дагы кайталанат деп коркуп турабыз".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстанда зилзаланын курмандыктары 2500гө чукулдады

Герат шаарынын дагы бир тургуну бала-бакырасы менен көчөдө түнөп жатат:

"Кечээ кечинде биз шаардын сыртына чыгып, чатырда уктадык. Зилзаладан коркуп калдык. Көп киши сыртта түнөдү. Айрыкча жаш балдар абдан коркуп калышты", - деди ал.

Жалпысынан аталган аймакта 13 шаар-кыштак жабыркап, электр жарыгы өчкөн, имараттардын урандылары айрым жерлерде жолдорду тосуп калган.

Герат провинциясы. 7-октябрь

Жараат алгандардын, жабыркагандардын саны тууралуу ар кандай маалымат айтылууда. "Талибандын" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Молдо Жанан Саик буларды билдирди:

"Биз жараат алгандарды дарылоого болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Улуттук жана эл аралык мекемелерден 10 куткаруучу топ түзүлдү. Кан жеткирүү аракети уланууда. Жабыркагандар суу жана баш калкалоочу жайлар менен камсыз болду", - деди ал 9-октябрдагы билдирүүсүндө.

Ооганстанда зилзалада набыт болгондордун сөөктөрүн жерге берүүгө даярданып жатышат. 8-октябрь, 2023-жыл. Герат провинциясы.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын өкүлү Вахид Амани "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматына билдиргендей, уюмдун өкүлдөрү учурда зилзаладан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүүнүн аракетин көрүп жатышат.

"Биз 20 миңдей кишиге азык-түлүк жеткиргенге даярбыз", - деген Амани БУУ 700 миңдей кишини тамак-аш менен камсыздоого аракет көрөрүн кошумчалады.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү да табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берип жатышат. Уюмдун маалыматына караганда, жабыркагандар 11 миңден ашты.

Азырынча бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Ооганстан 7-октябрда катуу жер титирөөнү баштан өткөрдү. Очогу Герат шаарынан 40 чакырым алыста жайгашкан. Аталган провинция Иран менен чектешет, аймакта 1,9 млн киши жашайт. Гератты жана анын жака-белин 700 миңдей адам байырлайт.

АКШнын Геология кызматы силкинүүнүн күчү 6,3 баллга жеткенин билдирди.

Мароккодо 9-сентябрга караган түнкү катуу жер титирөөдө миңдеген киши каза таап, миңдегени жараат алган. Түркия менен Сириянын чектеш аймагында 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзаланын курмандыктары расмий эсепте 50 миңден ашкан. Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.