Ооганстан: Билимдүү жаштар келечекке кабатыр

Кабул. 25-август, 2021-жыл

Талибдер Кабулду алганы, билимдүү, прогрессивдүү оогандар эркиндигинен айрылуу коркунучуна кабылды.

«Талибан» кыймылынын жоочулары ооган башкалаасына кирип, президент Ашраф Гани чет өлкөгө качкандан бери Ахмад Давуд Кабулдагы Хайрхана районундагы тынч көчөсүндөгү үйүнөн дээрлик чыкпай калды. Талибдер шаарды ээлегенден эки күн өтүп-өтпөй, куралчан согушкер 24 жаштагы тикмечке бир кездери кымгуут түшкөн соода районундагы ательесин жабуу көрсөтмөсүн берди.

«Ал эркек киши аялдардын кийимдерин тикпеши керек деп айтты», - деп баяндайт Давуд.

Кардарларынын көбү кыз-келиндер болгондуктан, анын бизнеси эми банкрот болду дегенге жатат. 15 жашынан тарта иштеп, ата-энесин, бир туугандарын багып жүргөн Давуд башка жумуш издөөгө аргасыз.

Дагы караңыз Тажикстанга качкан ооган кыздары "Талибанга" ишенбейт

Анын айтымында, саналуу күндүн ичинде үй-бүлөсүнүн турмушу катуу өзгөрдү. Тамак-аштан үнөмдөп калышты. Полицияда иштеген иниси жумушсуз калды, университеттер жабылгандан бери карындаштары үйдө отурат.

4,4 миллион калктуу шаарда базар, наабайканалар мурдагыдай иштеп жатканы менен, азык-түлүк кыйла кымбаттады, сатып алуучулар азайды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын көбү чыгып жатат, кеңсе-мекемелерде иштеген эркектер иш орундарына кайтууда. Автобустар азайганы менен коомдук транспорт жанданды.

Турмуш өз ыргагына кайткандай көрүнгөнү менен Давуд, анын бир туугандары өңдүү жаштар үчүн Кабулдагы жашоо «токтоп калды». Алар радикалдуу топ согуштан кыйналып-чаалыккан өлкөнү кайсы багытта алып кетерин күтүп турган чак.

Балдар мектептерге кайтууну каалашат

«Мектебибиз жабык. Качан ачылары, билим берүүдө кандай өзгөрүүлөр болоору тууралуу азырынча расмий көрсөтмөлөр жок», - деп айтып берди 25 жаштагы мугалим Башир Форог.

Кабулдагы мектеп окуучулары. 30-август, 2021-жыл

Ал иштеген Кабулдун борборундагы окуу жайы БУУ колдогон бийлик кулаган күнү жабылып калган. Башир сабактар чак түштө, «Талибандын» жоочулары шаарга кирип келген маалда токтогонун, сарсанаа болгон ата-энелер мектепке шашып келип, балдарын алып кеткенин эскерет.

«Окуучу кыздардын ата-энелери чалып, «балдары чүмкөнүп жүрүш керек болсо да, мектепке кайтууну каалашарын айтышат», - деп улантат мугалим.

«Талибан» исламга ылайык кийим-кече кийишсе, кыздардын билим алуусуна жана аялдардын жумуш орундарына кайтуусуна каршы эместигин билдиргени менен, өлкөнүн ар кайсы бурчунан түшкөн маалыматтар тескери ойго түртөт.

Өзүн 20 жыл мурункудан байистүү кылып көргөзгүсү келген ашынган исламчыл кыймылдын жогорку өкүлү Кабулда аял алып баруучуга интервью бергени да бар.
«Талибандын» расмий өкүлдөрү аялдардын укуктарын шарияттын алкагында урматтарын айтышат. Бирок иш жүзүндө бул эмнени билдирерин түшүндүрүшкөн жок.

Аял журналисттер, мекемелерде иштеген кыз-келиндер согушкерлер аларды үйлөрүнө жөнөтүшкөнүн айтышат.

«Эч нерсе түшүнбөй отурабыз. Талибдер так айтышпайт. Жаштар камтама болууда», - дейт университеттин бүтүрүүчүсү, Кабулдун Макроян-3 районунун жашоочусу Разма Саад.

Дагы караңыз Ооганстандагы абал Борбор Азияга мамилени өзгөртөбү?

Эки айдай мурун эле Разма «Талибан» өзгөргөн болушу мүмкүн деп, кыймылдын тушундагы жашоого оптимисттик маанайда болчу.

Июлда «Азаттыкка» курган маегинде ал билим алуусун уланта аларына үмүт артып, «жашоо көптөрү кооптонгондон жакшырак болоорун» боолгологон.
Эми болсо «талибдердин так жана ачык билдирүүлөрүнүн жоктугуна» тынчсызданат. Разманын айтымында, акыркы бир нече жумада досторунун көбү Ооганстандан кетишти. Ал өзү Кабулда калып, «Талибан» эффективдүү башкаргысы келсе катаал эрежелеринин айрымдарын жумшартып, элдин каалоо-тилектерине кулак саларына үмүттөнөт.

Билимдүү жаштар өлкөдөн кетип жатат

Оогандардын көбү кыймыл репрессивдүү саясатын өзгөртөрүнөн, 1996-2001-жылдардагы ыкмаларынан баш тартарынан күмөн санайт. Ал жылдары согушкерлер өлкөдө ислам укугунун катаң формасын орнотушкан.

Жаш муун БУУ колдогон бийликтин тушунда өсүп, салыштырмалуу эркиндикте жашап келишти. Секулярдык мектептерге барып, музыка угуп, модалуу кийим-кече кийип, чачтарын каалагандай кестиргенге көнүшкөн.

Кабул аэропортунун кире бериши. 28-август 2021-жыл

15-августтан бери он миңдеген ооган келечегине кабатырланып, өлкөдөн чыгып кетүү максатында башкалаанын аэропортуна агылды.

Билимдүү жаштардын кетип жатышынан улам талибдер оогандарды өлкөдө калып, элге кызмат кылууга үндөштү.

Бирок кыймыл миллиондогон аял- адистерди – мугалим, догдур, полиция кызматкерлерин жана башкаларды жумушка чыгарптай, үйлөрүнө отургузуп коюп, өздөрү кадр тартыштыгына алып келиши ыктымал.

«Калктын жарымын түзгөн аялдар коомдук турмуштан четтеп калса, «Талибан» өлкөнү өнүктүрө албайт», - дейт Кабул университетинин бүтүрүүчүсү Махжабин Рамз.

Журналистика факультетинде окуган Махжабинди талибдер келе электе жергиликтүү басылмага чакырышкан. Бир нече күн мурун телефон чалып, азырынча аны жумушка албай турууну чечишкенин айтышты.

Акча баарын чечпейт

Кабулдагы дүкөн ыйык Валентин күнүндө. 14-февраль, 2019-жыл

Ал эми Кабулдун бакубат кварталындагы жаңы үйдө жаш үй-бүлөсү менен бардар турмуш кечирип, эки дарыкананы иштеткен Шапур үчүн бир караганда талибдер келгенден бери жашоо өзгөргөн жок. Дарыканалары мурдагыдай эле иштеп жатат. Кардарлар азайганы менен, Шапур бизнес жакын арада калыбына келерине ишенет. Бирок ал өзү айткандай, бул жашоодо эң негизгиси акча эмес. Шапур үй-бүлөсүнүн кечкисин ресторанга барып тамактануу, ыйык Валентин күнүнө жубайына гүл тартуулоо же түгөйүнүн сулуулук салонуна барып туруусу өңдүү эркиндиктин “майда көрүнүштөрүнөн” айрылып калышын каалабайт. Ал полицияда иштеген инисинин тагдырына да кабатыр.

Ошол эле райондун башка бурчунда жашаган Давуд болсо жаңы реалдуулукка көнө албай жаткан учур. Ал бир кездери чачын Болливуддун стилинде кестиргенди жактырчу, чыпчыйган кара жынсы шым, ак көйнөк кийгенди жакшы көрчү. Эми оогандардын салттуу кийим-кечесин кийип, чачын алдырып, сакал өстүргөн.

“Бел-сөөгүм ката элек кезимен бери иштөөгө туура келген. Көп учурда ачка жатчумун. Бирок ошондо да өзүмдү азыркыдай үмүтсүз сезген эмесмин. Кандай азаптуу элбиз”, -деп кейийт Давуд.

Фарангиз Нажибулла. Кыргызчага Айнура Жекше кызы которду.