Орусиянын абактарында баңгизатка байланыштуу отурган кыргызстандыктар, балдарын зарлап күткөн энелер, алардын укугун коргогон юристтер "Укугум бар" подкастында ушул көйгөй тууралуу айтып берет.
Жакында Орусияда баңгизат менен кармалган 29 жаштагы кыргызстандык 7,5 жылга кесилди. Ал интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатууга айыпталган.
Расмий маалыматка караганда, учурда чет өлкөлөрдө 1282 кыргыз жараны абакта. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын 74 аймагында. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу отурат.
Соңку жылдары Орусияда мигранттар арасында курьерлик кызмат көрсөтүү учурунда маңзат менен кармалгандар көбөйгөнү, арасында жаштар, кыздар көп экени парламентте бир нече жолу айтылган.
Камактагылардын туугандары аларды Кыргызстанга которуу өтө оор процедура экенин айтып келет.
"...аягы жакшылыкка алып барбайт"
"Укугум бар" подкастында Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктар, балдарын зарлап күткөн энелер, алардын укугун коргогон юристтер ушул көйгөй тууралуу айтып беришет.
Орусиянын абактарынын биринде тогуз жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Акылбек (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) азыр 29 жашта. Москвага 20 жашында иш издеп барып, көчө шыпырган, курулушта иштеген, жүк ташыган, такси айдаган. Анан бир күнү каргаша тооруп, темир тор артына түшкөн.
Баңгизат колдонууга, таратууга айыпталып соттолгон Акылбек эки жылдан бери абакта отурат.
"Ата-энем Орусияда болчу. 20 жашымда алардын жанына келгем. Баңгизат таратып же сатып көргөн эмесмин. Бирок өзүм маңзат колдончумун, башкача айтканда баңги болуп калгам. Туура эмес чөйрөгө кошулуп, алар эмне кылса мен дагы ошону жасап жүрдүм. Алты-жети ай мефедрон менен жашап калгам. Мен үчүн бул дагы чоң сыноо болду. Бул жолду дагы басып өтүшүм керек экен. Эгерде камалбаганда өлүп калат белем... Эгер наркотик колдонуп жүргөндөр болсо айтаарым, бул нерсенин аягы жакшылыкка алып барбайт. Эсиңер барда токтотуп койгонуңар дурус", - деди Акылбек.
Акылбек үйлөнө элек. Баңгизаттын айынан кыялдарына, алдыга койгон ой-максаттарына жетпей калганын айтты.
"Эртерээк чыгып калсам биринчи кезекте үйлөнүп, балалуу болгум келет. Кыргызда отуруп чыккандардан чочулашат го. Үйлөнө турган болсом ушунун айынан маселе жаралабы деп кооптоном".
Биздин маектеш мигранттын баласы. Кезинде 7-класста окуган Акылбекти ата-энеси интернатка калтырып, башка бир туугандарын алып Орусияга кетишкен экен. Биз менен маектешкенде ал абакка түшүп калган себебин убагында "тарбия, мээрим жетишпей калганы" менен түшүндүрдү.
"Жакшы ой-тилектерим, максаттарым ишке ашпай калды. Бир жылдан ашуун убактан бери Кыргызстанга которулганга аракет кылып жатабыз. 7-класста окуп жатканда ата-энем мени интернатка таштап, башка бир туугандарымды алып Орусияга кетишкен. Ал жакта өзүңдөн кичүүлөргө чоңсунасың, көчөлөп жүрөсүң, тамеки тартканды үйрөнөсүң. Ошол тарбия, ата-энемдин таштап кеткени жашоомо таасир этти окшойт. Азыр мени менен дагы бир кыргыз бала отурат. Аныкы оор кылмыш. Бири-бирибизге жардам берип турабыз".
Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандык коомдук активисттер соңку учурда мигранттар, өзгөчө жаштар арасында маңзат ташууга азгырылып абакка түшкөндөр көбөйгөнүн айтышууда.
"Азгырылгандар көп болуп жатат"
Биздин экинчи маектешибиз Темирбек дагы (ысымы белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) учурда Орусиядагы абактардын биринде отурат. 29 жаштагы кыргызстандык баңгизат колдонуу жана таратууга айыпталып, 2021-жылы камалган. Ага чейин Москвада электрик болуп иштеп, такси айдачу экен. Маңзат анын машинасынан чыккан.
"Мен өзүм электрик элем, окуган эмесмин бирок өз алдымча үйрөнүп алгам. Буюртма болгон жерлерге барып иштечүмүн. Машина айдачумун. Менин ишим баңгизат колдонуу эле, бирок таратууну дагы кошуп коюшкан. Орусияда канчалык чоң көлөм менен кармалса, ошончо жакшы деп санына басым кылышат. Мени машинада отурган жеримен кармашкан. Артымдан маалымат беришкен окшойт. Эки-үч жыл эмес, бир күн мындай жерге отуруп калганың деле өкүндүрөт. Беш-алты жыл өтө көп мөөнөт, ансыз деле жашоо кыска", - деди Темирбек үшкүрүнө.
Темирбек сүйлөп жатканда түрмөнүн темир эшиги кыйчылдап жабылганы угулуп турду.
Биздин маектеш Орусиянын Москва, Санкт-Петербург өңдүү ири шаарларында маңзат азгырыгы арбын экенин белгилөөдө.
"Айлана-чөйрөгө байланыштуу экен да. Бойдок, 26га чыгайын деп турганда түшүп калдым. Москвага 18 жашымда баргам. Эгер чөйрөм башкача болгондо мунун баары болбойт эле. Азыр түрмөдө жаткан кыргызстандыктардын 50% көбү маңзат менен түшкөндөр. Бири саткан, бири колдонгон. Алар Телеграм- каналдар аркылуу көп сунуштар түшөрүн айтышат. Көп акча табасың дегенге кошулбайм. Тобокелдик жогору. Маңзатты бир күндө бир нече жерге алып барат (закладка). Муну менен иштегендер баары бир кармалат, эч жакка качып кете албайт. Бир-эки күн иштеп, күнүнө ашып кетсе 5-10 миң табат чыгаар. Бирок үчүнчү күнү кармалат. Бул иштен көп акча табат дегенге кошулбайм. Курьерлерди тарткан өздөрүнүн Телеграм-каналдары бар дейт. Акыркы убакта кармалгандар аябай көп болуп жатат. Зонада абал жеңил эмес, оор. Бөтөн мамлекеттин абагында отурсаң андан да кыйын. Түрмөнүн тамагын тамак деп айтканга болбойт. Эптеп посылка, туугандар берип жиберген нерселер менен эле жашайбыз да. Тууган-урук менен жолугушуу кыйын, Москвага жакын жерде отурсаң дагы жакшы, жарандыгың башка болсо, кайсы түрмөдө бош орун болсо ошол жакка айдайт", - деген Темирбек учурда Кыргызстанга которулсам деген үмүт менен сооронуп жашап жатканын айтты.
Орусияда камалгандарды Кыргызстанга экстрадиция кылуу оңой жана тез бүтө турган процедура эмес. Айрым ата-энелер муну эки-үч жылдан бери күтүп жатканын айтып беришти. Абактагы адамды башка жакка которуу үчүн эки өлкөдө тең сот өтүп, макулдугун бериши керек. Эгер Кыргызстанда ошол эле иш боюнча азыраак мөөнөт берип койсо которуу иши токтоп калат.
Быйыл жыл башында Орусиянын түрмөлөрүндө отурган кыргыз жарандарын мекениндеги абактарга которуу маселесин караган мекеме аралык жумушчу тобу түзүлгөн.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын элчиликтери жана башкы консулдуктары Орусияда абакта отурган ар бир кыргыз жаранына Кыргызстанга которулуунун жол-жобосу түшүндүрүлгөн кат жөнөтүп жатканын билдирген.
Орусиядагы мекендештердин WhatsApp, өзгөчө Телеграм- каналдарында маңзат ташууга байланыштуу жумуштарды ачык эле жарнама кылган учурлар кездешет. Айрымдары муну тыйып, сындаганы менен ага азгырылгандар же кылтагына илингендер болбойт дегенге кепилдик жок.
Көптөр муну "жеткирип берүү" кызматы деп жарнамалайт. Адатта алар өтө жакшы айлык сунуштайт экен. Мен айлык акы айына 160 миң рублдан башталат деген жарнамалардын бирине жазып көрдүм. Мага дароо эле бул иш маңзатты айткан жерге алып барып, бекитип келүүгө байланыштуу экенин түшүндүрүштү.
Түшүнгөнүмө караганда, мен иштешкен адам менен бетме-бет көрүшпөйм. Телефонго жүктөлгөн тиркеме аркылуу байланышып, азыраак таңгакталган маңзатты айтылган жерге жашырып келгенден кийин ошол жердин сүрөтүн жөнөтөм. Иш башталганга чейин тиркеме аркылуу коопсуздук эрежелери боюнча көрсөтмө (инструктаж) берилет экен. "Ойлонуп көрөм", "кооптуу экен" деген жообума карабай мени жакшы эле көндүргөнгө аракет кылып жазышты.
Маңзат ташууга айыпталып кармалгандар өзгөчө коронавирус пандемиясынан кийин көбөйгөн. Көп компаниялар жабылып, ишсиз калгандардын айрымдары ушул жолго азгырылган.
Талкаланган тагдыр, сыздаган эне...
Кыргызстандык Кутмандын (ысымы белгилүү себептерден өзгөртүлдү) эки бир тууганы тең баңгизат таратууга айыпталып учурда Орусиянын түрмөлөрүндө отурат. Иниси 23, карындашы 32 жашта. Сот экөөнү тең тогуз жылга кескен.
"Менин эки бир тууганым отурат. Иним таксист эле. Карындашым менен чогуу дагы бир кыз кармалган. Берки кыз мурда иштеп жүргөнбү, айтор инимди таксист кылып жалдап алып ар бир барган каттамга акча алып жүргөн. Кийин ал дагы аралашып, ушинтип иштесе болот турбайбы деп айткан жерине катып келип жүргөн. Мунун бардыгы акчанын айынан болду да. Ошол учурда пандемия болуп, кыскартуулар жүрүп аткан. Башка иш жок. Телеграмдан алышканбы же башка жактанбы билбейм. Алар акча алганга деле жетишкен жок. Бир-эки жолу коюп келсеңер анан беребиз деген экен. Азыр үч жыл болду, адвокаттын күчү менен тогуз жылга кесилишкен. Болбосо бир нече адамдан турган топ деп көбүрөөк мөөнөт бермек. Азыр Кыргызстанга которобуз деп аракет кылып жатабыз. Бирок жыйынтык болбой жатат.
- Көп ата-энелер ушуга нааразы болуп, маселе жылбай жатат деп айтышууда. Сиздердин документ эмне себептен кармалып жатат?
- Карындашымдын документтеринин 50%, Кыргызстан тараптан бүттү. Орусиядан кармалып жатат.
- Өздөрү эмне деп жатышат, бир тууганыңыз бул эмне иш экенин билип барганбы же билбептирби?
- Иним "билген эмесмин, таксист катары бензин куюп берсе ташып жүргөм, кармалган экинчи күнү билдим" дейт. Эки жолу ташыган, экинчисинде бекиткен жерден алып башка жакка алып баратканда кармалган. Жүз граммдай болчу эле дейт. Кийин кошуп коюшуптур, граммы чоң болсо камалган жылы дагы көп болот экен да. Кийин булар менен чогуу иштеген деп дагы эки кыз кармалды, кыргыздар эле. Башында турган кишини таба алган жок. Алар менин колумда жүрүп иштечү. 2020-жылы апрелден бери абакта. Карындашымдын эки баласы бар эле, ажырашып кеткен.
- Карындашыңыздын балдары жакшыбы, азыр алар кимдин колунда?
- Балдары ата-энемдин колунда. Апам ооруйт, кызынын жана баласынын ушундай болуп кармалып отурганын билбейт. Кант диабети бар, кан басымы жогору болгондуктан ар шылтоону айтып отурабыз. Кээде балдары абактан телефон чалат. Документи туура болбой кармалды деп койгонбуз. Эми согуш чыгып кетип кечигип атат деп айтып жатабыз. Карындашым менен балдарына кыйын болду. Кыргызстанга которулуп калса, кайрылсак балдары үчүн бошотот беле деп үмүт кылып жатабыз. Балдарына деле кыйын. Менин апам каякта дейт. Телефону жок жакта иштеп жүрөт дейбиз.
Билип да, билбей да оңой акча табууга азгырылган учурлар канчалаган жаш тагдырларды гана талкалабастан, энелерди сыздатып, балдарды тирүүлөй жетимге айлантты. Кырчындай улан-кыздардын ишке, ашка тойбогон жаштыгы тилекке каршы, темир тор артында өтүүдө.
Жеңишгүл Мусакожоеванын жалгыз уулу дагы Орусияда маңзат таратууга айыпталып тогуз жылга камалганына төрт жылдын жүзү болгон. Жеңишгүл апа беш жаштагы небереси менен Кыргызстанда жашайт. Ай сайын баласынын ичкен-жегенине, кийимине деп кеминде 10 миң сомдон акча которуу иштебеген энеге кыйын экенин айтып отурду.
"Азыр баламдын кызы менен жалгыз турабыз. Ай сайын бери дегенде 10 миң сомдон салышым керек. Кыйналып кеттим, бул жакка которуп алсам мага дагы жеңилдик болот эле. Баламды дагы көрүп турат элем. Москвадан кыздарга айтып эки жолу кийим-кечек салдырдым. Өткөндө балам телефондон чалып кымбатчылык болуп кетти, салган акча жетпей жатат, кийимим жок дегенинен карыздап акча алып, 30 килограммдык эт кошуп посылка жөнөттүм. Эттен башкалары жетиптир. Мындан сырткары телефонуна акча салып турам. Азыр ата-энелердин тайпасында бардыгы эле "балам сүйлөшпөй жатат, кимдики кайсыл жерде, кабарыңар барбы" деп ыйлап жатышат". Алты айдан бери уулунун үнүн укпаган ата-энелер бар", - деди Жеңишгүл апа.
Подкастты бул жерден угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жеңишгүл апанын баласы Москвага барып-келип иштечү экен. Пандемия маалында ишсиз калып, апасына айлыгы жакшы болгону үчүн курьерлик ишти баштаганын айткан.
"Документ эле алып барат экенмин деди. Жоготуп жибербе дегем. Мисалы бүгүн сүйлөшүп, эртеси эртең менен эле адвокат "балаңыз түрмөдө" деп чалып калды. Бир туугандарымдан төрт жылдан бери сурай берип уялат да экенсиң. Өзүмдүн бир колум ооруп, ишке жакшы жарабайт. Неберемди дагы таштаганга жер жок, бакчага берейин десем ал дагы акча. Неберем болсо атасын сагынат. Эстегенде жатып алып бүлкүлдөп ыйлайт. "Аллахым атамды чыгарып берчи" деп Кудайга жалынат. Бул жакка которууга жазган катымдын жообу бир жылдан өттү балама бара элек. Бул жактан сот болгон, ошонун чечими балама жетпей жатат. Адвокаты балам кандай болуп кармалганын деле көп айткан жок. Биз мамлекеттик эле жактоочу алганбыз. Кыргызстандын элчилигинен "мен адвокат болуп берем, 200-300 миң сом бер" дегендерге канча-ата-эне алданып, сыздап отурашат. Андай ишке 5 млн. берсең деле чыгарбайт экен".
Орусиядагы кыргызстандыктардын сот иштеринде котормочу болуп иштеген Салтанат Митиеванын айтымында, соңку жылдары баңгизат менен кармалып, абакка кесилген кыргызстандыктар көбөйүүдө. Ал кармалгандардын дээрлик бардыгы бул эмне болгон иш экенин билип эле барышат. Бирок толук маалымат албагандыктын узак мөөнөткө соттоло турганын билишпейт.
"Баңгизат менен кармалгандар көбөйүп жатат. Бул тууралуу элчилик жана башкалар акыркы убактарда эле айтып калышты. Бирок алдын алуу иштерди уюштурбай жатышат, кургак сөз бойдон эле калууда. Бизде байлар жокпу, жок дегенде буклет чыгарып Орусияга чыккандардын билетине кошуп берсе болот го. Азыр көлдүк бир кыз отурат, ата-энеси жок, жаш баласы менен. Кызы жакында бирге чыгат. Дагы бир кош бойлуу келин отурат. Жаш балдары менен отургандар бар. Булар кармалганда дээрлик бардыгынын эле сотуна катышам. Алардын эч кимисинин чөнтөгүнө салбайт, кыстабайт. Жеңил акча табабыз деп жатышпайбы. 2019-2020-жылдары пандемияга шылтай турган болсок, акыркы эки жылда деле күчөп жатпайбы", - деди Салтанат Митиева.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө баңгизаттарды сактоо, сатуу жана ташууга байланыштуу кылмыштардын саны көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.
Элчилик жарыялаган маалыматка караганда, 2021-жылы Орусиянын аймагында 224 жаранга карата 327 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 иш ачылган. Абакта отургандардын көбү 16-30 жашка чейинкилер.
Элчилик оңой акча табуу аркасында канчалаган жаш тагдырлар талкаланып жатканын эскертүүдө.