Бабанов УКМКга сурак берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-августта «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттай сурак берип чыкты. Ал шайлоо маалындагы Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылган. Саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага козголгон иштер мыйзам чегинде жабыларына ишенерин айтты. Бабанов 19-августта «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иши боюнча Финансы полициясына да күбө катары сурак берип чыккан.