Айсулуунун алтынга тете күмүшү

Токиодогу Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.

Олимпиада чемпиону Юкако Каваи, күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова жана коло байге ээлери Ирина Кладиенко менен Тайбе Мустафа Юсеин.

Айсулуу сыйлоо аземи учурунда көзүнө жаш алды. 

Тыныбекова менен Каваи алтын үчүн күрөшүүдө.

Айсулуу атаандашына 4:3 эсебинде утулду.

Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Финалдык таймашка чейинки беттештерде Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын чоң айырма менен уткан. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту. Жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Айсулуу Юкако менен төртүнчү ирет беттешти. Ошентип балбандар бири-бирин эки иреттен жеңди.

24 жаштагы Юкако Каваи Олимп оюндарына алгачкы жолу катышты. 

Айсулуу Тыныбекова учурда 28 жашта. Ал Олимп оюндарында кыз-келиндер арасында күмүш алган кыргызстандык алгачкы балбан.

Айсулуу беттештен кийин.

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.