Америкалык белгилүү экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс Алан Робинсон жазган "Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?" (Why nations fail) китеби кыргызчага которулуп, анын бет ачары 14-мартта Бишкекте өттү. Бул иш-чарага китептин авторлорунун бири америкалык профессор Жеймс Алан Робинсон да катышып, тажрыйбасы менен бөлүштү.
Бестселлерге айланган китепте бир нече өлкөнүн өнүгүү тарыхы талданып, жакыр өлкөлөрдөгү көйгөйлөргө саресеп салынган. Эксперттер эгемендик алгандан бери өнүгүү жолун издеп келе жаткан Кыргызстанда бул китептин кыргыз тилине которулушу маанилүү экенин белгилешүүдө.
Чикаго университетинин "Харрис" коомдук саясат мектебинин профессору Жеймс Алан Робинсон менен Массачусетс технологиялык институтунун профессору Дарон Ажемоглу жазган китеп 300 илимий эмгекке таянуу менен жазылган.
Авторлор анда бир өлкөнүн өнүгүшү үчүн анын географиялык жайгашкан жери, деңизге чыгуу жолунун бар-жогу жана башка сырткы факторлор көп таасир этпейт деп эсептешет.
Бул үчүн өлкөдө бийликтин тең бөлүштүрүлүшү, коомдук көзөмөл жана саясий, экономикалык институттардын активдүү болушу маанилүү деген бүтүмгө келишкен.
Соңку он жылдан бери дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө көп окулган китеп мамлекеттин өнүгүүсүнүн же артта калуусунун себептерин анализдеген мыкты чыгармалардын бири катары аталып жүрөт.
Bugupress басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин бул эмгек эгемендик алгандан бери өнүгүү жолун издеп келген Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Ар бирибиздин оюбузда эмне үчүн бул өлкө өнүкпөйт деген суроо бар. Бул нерсе биз жетилип, аң-сезимибиз калыптанганда пайда болуп, баарыбыз жообун издей баштайбыз. Ошол себептүү ушул китепти которууну чечтик. Которуу процесси оор болду. Китептеги терминдердин, андагы саясий-экономикалык түшүнүктөрдүн кыргызча жоктугу кыйнады. Анткени алар биздин саясий чөйрөдө айтылбайт, талкууланбайт экен”.
Дагы караңыз "Демократияны бийликти түбөлүк сактап калгысы келгендер жамандайт"Кыргызча которулган китептин Бишкектеги бет ачарына профессор Жеймс Робинсон да катышып, окурмандар менен баарлашты. Ал дүйнөдөгү бардык коомдо жана өлкөдө эки: экстрактивдик жана инклюзивдик институттар болгонун, бул эки түшүнүк бири-бирине карама-каршы келерин айтты. Экстрактивдик коомдо эл чечимдерди кабыл алуудан жана каржынын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөөдөн болушунча четтетилет. Инклюзивдик түшүнүк - тескерисинче, жогорудагы процесстерге коомду болушунча активдүү катыштырууга үндөйт.
Робинсон биринчи түшүнүк тарыхта кайсы бир деңгээлде ийгилик жаратканы менен азыркы кырдаал ачыктыкты жана коомдун активдүүлүгүн талап кылып жатканын, муну түшүнүп кабыл алган өлкөлөр ийгиликке жетишип жатканын айтты.
Ал Кыргызстанды Советтер Союзунан, тагыраагы, экстрактивдик институттан бөлүнүп чыгып, инклюзивдүү коом түзүүгө аракет кылып жаткан өлкө деп сыпаттады.
“Экстрактивдиктен инклюзивдик институтка өтүү процесси татаал. Ал үчүн эл түшүнүп, коомдун мобилизация болушу үчүн орток баалуулуктар болушу керек. Кыргызстанда коомдун ичинде эркиндиктин, демократиялык принциптердин бар экени байкалды. Советтер Союзунун таасири болгонуна карабай, элдин эркиндикке умтулган сапаты сакталыптыр. Андан тышкары, бул жерде алдыда кайсы жакка багыт алуу керектигин түшүнгөн, орток пикири бар коом жашайт экен”, - деди Робинсон.
Ал авторитардык өлкөлөр деп саналган Кытай жана Орусия менен өнөктөш мамиледе болгон Кыргызстан үчүн демократиялык принциптерди орнотуу татаал болушу мүмкүн экенин, бирок бул жолдон кайтпашы керектигин белгиледи.
Бул сөзүнө мисал катары “Түндүк Корея күтүүсүз кол салышы мүмкүн деп ар дайым чочулап турган” Түштүк Кореянын, “коопсуздугуна Кытай коркунуч жаратышы мүмкүн болгон” Тайвандын жүргүзгөн саясатын жана бул жердеги коомдун активдүүлүгүн атады.
Китепте сөз болгон эки институттун мисалында Африка өлкөлөрүнөн баштап тарыхтагы колониализм доору, андан кийин инклюзивдүү түшүнүккө өткөн өнүккөн өлкөлөрдүн басып өткөн жолу кеңири талданып, бир катар сандар келтирилген.
Дагы караңыз FH: Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында калдыЭкономист Элдар Абакиров Кыргызстанда жер ресурстары чектелүү болгону себептүү тез өнүгүү үчүн адамдык, коомдук потенциалын колдонушу керек деген ойдо. Ал үчүн инклюзивдик институттарды бекемдеши керектигин сунуш кылды.
“Мисалы, соңку он жылда айыл өкмөттөрүн айылдык кеңештер, аларды эл шайлачу. Эл мунун маанилүүлүгүн эки-үч шайлоодон кийин түшүнүп, туура талапкерди колдоого көнөт. Ошондо борбордон ал айыл өкмөтү үчүн баш оорутуунун кереги жок болуп, эл өзүнүн маселесин чече баштайт. Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу, бейөкмөт уюмдар менен кызматташууну жолго коюшубуз керек. Бейөкмөт уюм десе эле биз аларды жаман көрсөткөнгө аракет кылып жатпайбызбы. Чынында алар бийликтин ишине көз салып, багытын тууралап турат”, - деди.
Бул иш-чарага катышкан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов дал ушундай дүйнөлүк бестселлердин кыргызчага которулушу маанилүү экенин белгилеп, бийлик мындай эмгектерди колдоого ала турганын айтты. Ал Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин басып өткөн жолу коом үчүн мамлекеттик институттун мааниси зор экенин далилдегенин белгиледи.
"Көрсө, мамлекеттин да негизги ролу бар экен. Элдин саламаттыгын сактоо, билим берүү, коопсуздук жана башка маселеде орду зор жана муну азыркы бийлик ишке ашырып жатат. Мунун баары эмне менен аяктарын билбейбиз. Бирок ийгиликтүү болот деген ишенимдемин. Биз бул китептен 500 даана алып, китепканаларга, аймактарга жайылтабыз".
Анткен менен публицист Олжобай Шакир Кыргызстанда жарандар өнүккөн өлкөлөрдөй ачык коом кургусу келерин, бирок бул аракеттерге бийлик бут тосуп жатканын айтты.
"Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоо алдында ушул китепти окуп жатканын айткан. Бирок бул китептин мазмунун түшүнгөн болсо, демократиялык институттар эмне үчүн талкаланды, эмнеге парламенттик башкаруудан артка кайттык? Оппозицияга болгон кысымдар мурда болуп көрбөгөндөй күч алды. Азыр бийликти сындагандар абакта отурат", - деди.
The nations fail китеби жалпы 48 тилге которулган. Борбор Азияда буга чейин өзбек жана казак тилдеринде басылып чыккан. Bugupress басма үйү быйыл күз айларында эки экономисттин дагы бир китеби – "Кууш коридор" (The narrow corridor) китебин да которуп чыгарын жарыялады.