Олимпиада жана дүйнө чемпиондору Бишкекте

Бишкекте өткөн рейтингдик мелдештин акыркы күнү Кыргызстан үчүн медалга бай болду. Бул күнү беш кыргыз балбаны финалга чыкты. Алардын катарында Тайырбек Жумашбек уулу да (сүрөттө) бар.

57 килограмм салмакта финалда кыргызстандык эки балбан: Бекзат Алмаз уулу менен Алмаз Сманбеков (солдон экинчи) күрөшүп, 6:1 эсебинде Сманбеков жеңишке жетип, алтын байгени утту. Бекзат Алмаз уулу (солдон биринчи) күмүш байгеге ээ болду.

Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмакта финалда грузиялык Шота Партенадзени менен беттешти.

Жумашбек уулу финалда Шота Партенадзени 8:2 эсеби менен утуп, жеңүүчү болду. Ага чейин индиялык жана түркиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

61 килограмм салмакта Тайырбек Жумашбек уулу чемпион болсо, дагы бир кыргызстандык Абдымалик Карачов коло байге алды.

65 килограмм салмакта Алибек Осмонов (көк кийимчен) күмүш байгеге ээ болду. Ал финалда монголиялык Тимур Очирге жеңилди (3:5). 

65 килограмм салмакта кыргызстандык Икромжон Хажимуродов (кызыл кийимчен) коло байге алды.

Икромжон Хажимуродов 3-орун үчүн беттеште аргентиналык Алехандро Дестрибатсты 8:2 эсебинде жеңди.

70 килограмм салмакта финалда кыргызстандык Орозобек Токтомамбетов (кызыл форма)  менен казакстандык Сырбаз Талгат күч сынашты.

Финалга чейин Токтомамбетов түркиялык, йорданиялык жана индиялык балбандарды утту.

70 килограмм салмакта дагы бир кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев (көк кийимчен) коло медал тагынды. Ал 3-орун үчүн беттеште грузиялык Гиоргий Елбакидзени 10:0 эсебинде таза утту.

Эрназар Акматалиев.

79 килограмм салмакта Адилет Маратбаев коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн беттеште казакстандык Бибарыс Нурулла уулун 10:7 эсебинде утту.

Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган рейтингдик мелдеш 1-июнда башталган. Ага 32 өлкөдөн 500дөй спортчу катышты.

Эркин күрөш боюнча таймаштардын жыйынтыгында 15 команданын ичинен командалык эсепте 132 упай топтогон Грузия командасы 1-орунду алды. 2-орунду Кыргызстан (122 упай), 3-орунду Казакстан (116 упай) ээледи.

Рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын медал тагынды. 76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери финалда кытайлык Юанюан Хуангды 5:3 эсебинде жеңди.

Айпери Медет кызы кытайлык Юанюан Хуанг финалдык беттеш учурунда.

Бул рейтингдик мелдешке Айсулуу Тыныбекова катышкан жок. 

68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло байге алган. Ал 3-орун үчүн беттеште канадалык Оливия Граце Ди Баккону (2:1) жеңип алды.

 Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда үч кыргыз балбаны: Дастан Кадыров (63 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло медалга ээ болду. 

Грек-рим күрөшүнөн 82 килограмм салмакта Бексултан Назарбаев (көк кийимчен) 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Нурбек Хашимбековду 5:4 эсебинде жеңди. Назарбаев беттештерин чейрек финалдан баштап, ал таймашта дагы бир өзбекстандык Мухаммадкодир Расуловду уткан (5:1). Жарым финалда түркиялык Алперен Берберге жеңилген.

97 килограмм салмакта коло байге уткан Бексултан Махмудов.

Турнирге олимпиаданын төрт чемпиону, дүйнө чемпионатынын 20га жакын байге ээлери, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, континент аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү келишкен.