Өкмөттүн маалымат саясатына сын көбөйдү

Кыргызстандык журналисттер, иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым министрлик, мамлекеттик мекеме-органдардын расмий сайттары иштебей турат. Иштегендердин арасында маалыматтар айлап-жылдап жаңыланбаган учурлар да кездешет.

Коомчулукта соңку учурда мамлекеттин маалымат саясатына байланыштуу сын көбөйдү. Ушул жылдын октябрь айында президенттик администрациянын түзүмү өзгөргөн жана ага ылайык, мамлекеттин маалымат саясаты толугу менен анын карамагына өткөн.

Дагы караңыз Өкмөт түзүмүн өзгөртүү ишти өргө тартабы?


Ушул учурда беш министрлик, үч агенттиктин тактап айтканда, Коргоо министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери агенттигинин жана Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин сайттары ачылбай турат.

Ал эми иштеген порталдардын айрымдарында эски жаңылыктар алмашпай, кыргызча баракчалары көптөн бери жаңырбай турган учурлары кездешет.

Мисалы, Финансы министрлигинин сайтынын кыргызча бетинде мамлекеттик карыз тууралуу жаңылыктар акыркы жолу 2020-жылы август айында коюлган. Бюджеттин аткарылышы тууралуу бөлүмдөгү кабарлар былтыркы март айынан бери жаңырган эмес.

Финансы министрлигинин сайты 2020-жылдан бери жаңыртылбай турат.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) расмий порталындагы соңку жаңылык 17-сентябрда жазылган.

Ушул жылдын октябрь айындагы президенттик администрациянын түзүмү өзгөргөн жана ага өкмөттүк аппарат кошулган. Мындан улам мамлекеттин маалымат саясатын жүргүзүү толугу менен президенттик администрацияга өткөн.

"Политклиника" басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимованын пикиринде, соңку учурда мамлекеттик мекемелердин расмий сайттарынан маалымат алуу кыйындады.

"Мамлекеттик мекемелер сайтына маалыматты толугу менен жүктөбөйт. Бул журналисттердин ишине аябай ыңгайсыздык жаратат. Кээ бирлеринин сайты иштебейт, айрымдарыныкы иштесе дагы эски маалыматтар илинип турат. Бардык маалыматтарды жаңылай бербейт. Улам кат менен өтүнүч жөнөтүп, анын жообун 14 күн күтөсүң. 14 күн ичинде кыйратарлык деле жооп беришпейт, кээде эки сүйлөм менен эптеп башка жакка багыттап коет. Ошондой ыңгайсыздыктар аябай эле көп".

Ушул тушта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сайты толугу менен жаңыланып жатканы белгилүү болду.

Органдын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов жаңырган сайт бир апта ичинде ишке кире турганын билдирди.

Бакыт Сейитов.

"Азыр биз басма сөз кызматынын алдында студия ачып, сайтты жаңылап жатабыз. Бир жумадан кийин ишке кирет. Жалпы дизайнын толугу менен алмаштырдык. Ичиндегилердин баарын жаңылап жатабыз. Жаңы бир адисти кызматка алганбыз. Ал үч күндөн бери ошонун үстүндө иштеп жатат. Сайттын ачылышы, маалыматтардын окулушу жеңил болот. Бүгүнкү күндүн жаңылыгы календарда бүгүнкү датанын алдында турат. Биз бир күндө бир топ жаңылык коебуз да. Мисалы 1-декабрдагы маалымат керек болсо, ошол датаны басканда ошол күндүн жаңылыктары чыгат. Жаңылыктар эми ирээттүү болуп калат".

Деген менен соңку учурда мамлекеттин маалымат саясатына байланыштуу сын жана доомат көбөйдү.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин мүчөсү Марат Токоев бул багыттагы атайын мыйзамдын талабы аткарылбай жатканына токтолду.

Марат Токоев.

"Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамда белгиленген көп маалыматтар, көп нерселер сайтка чыгышы керек. Эл издеп отурбай сайтынан таап алгыдай болгону оң. Бирок ал талап аткарылбай жатат. Бул жерде көп маселе бар. Биринчиден, ар кайсы министрлик-мекемелердин сайттары ар кайсы контентти башкаруу системаларында жайгашкан. Бул туура эмес, мамлекеттик органдардын баарында бирдей система колдонулушу керек. Бизде санариптик технологияга жооп берген атайын мамлекеттик мекемелер бар да. Ошолорго беришсе деле алар бирдиктүү системаны жасап берет. Бул жерде маалыматтык коопсуздук деген да маселе бар. Басма сөз кызматтарындагы адистердин жетишсиздиги дагы чоң маселе. Биринчиден, алардын саны аз. Маалымат алуу, аны жайгаштырып, таратууга байланыштуу көп бюрократиялык маселелер бар. Кээ бир мекемелерде бир гана басма сөз катчы болот, ал болсо жетекчи кайда барбасын ээрчип жүрөт. Отуруп маалымат жазып, сайтка чыгарып иштегенге убактысы деле болбойт".

Дагы караңыз Медиа коомчулук КТРК тууралуу мыйзамга нааразы

Буга чейин "Журналисттер" коомдук бирикмеси мамлекеттик мекеме-органдардын басма сөз катчылары, өкүлдөрү үчүн окутууларды уюштурган.

Уюмдун жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, басма сөз өкүлдөрү үчүн кыска мөөнөттүү курстарды ачуу тууралуу сунуш берилген.

"Кадрлар өтө тез алмаша бергендиктен аларды улам-улам окутуп туруу керек. Кызматка басма сөз тармагын билген адис келсе жакшы. Кээде таптакыр ал тууралуу түшүнүгү жок адамдар келген учурлар болот. Ушундай учурларда биз президенттин алдындагы Башкаруу академиясында аларды окуткан кыска мөөнөттөгү курстарды ачууну сунуштаганбыз. Басма сөз кызматы кандай иш алып барат, эмне менен алектенет, сайтка материалдарды кандай жайгаштыруу керек деген нерселерди ошол жактан үйрөтүп, ошол курста окуган адамдар гана ишке алынса, басма сөз кызматына адашып келген кадрлар аз болот эле. Мекеме органдарында кээ бир бөлүм, башкармалыктын жетекчилери басма сөз кызматын тоготпойт. Ошондуктан алардын макамын дагы жогорулатуу керек. Басма сөз кызматтарында кыргыз тили чынында эле чоң көйгөй. Аларга терминдердин сөздүктөрү, нускамалар керек. Бул үчүн мамлекеттен атайын каражаттар бөлүнүшү зарыл".

Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев мамлекеттин маалымат саясаты жаатында иштеген адистерди окутуп, даярдоо керек деген пикирге кошулат.

Алмазбек Акматалиев.

"Маалыматтык саясатка ар бир мамлекеттик орган өзгөчө мамиле кылыш керек. Бул ачык коом, социалдык тармактардын күчөп турган заманында өтө маанилүү. Бул жерде жалаң эле сайттар эмес, негизи эле мамлекеттик органдар коомчулук менен кандай мамиледе болушу зарыл деген чоң маселе турат. "Пиар" дегенди бизде көпчүлүк учурда туура эмес түшүнүшөт, реклама катары кабылдашат. Бул термин жөн гана коомчулук менен байланыш дегенди билдирет да. Мамлекеттик орган бул эл үчүн, коом үчүн иштей турган орган. Анын башка милдети жок. Ошол үчүн ал орган канчалык деңгээлде ачык болуш керек, коомчулук менен байланыштын кандай жолдору, кандай ыкмалары бар деген маселе туулат. Бул да өзүнчө илим. "Пиар" бул жалаң эле мактануу эмес! Бул түшүндүрүү, алдын алуу, маалымат таратуу, керек болсо тактоо, талашуу, ката кетсе мойнуна алуу. Ошон үчүн сөзсүз окутуу керек".

Президент Садыр Жапаровдун аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылары бир канча жолу алмашкан. Былтыр октябрь окуяларынан кийин журналист Нургазы Анаркулов дайындалган.

Ушул жылдын башында атайын кызмат Анаркулов ири суммада пара талап кылууга байланыштуу шектүү катары кармалганын, Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Дагы караңыз Президенттин маалымат саясатын башкарган адис кармалды

Көп өтпөй ал үй камагында экени белгилүү болгон. Ал кылмыш иши тууралуу азыркыга чейин комментарий бере элек. УКМК дагы анын иши эмне менен аяктаганы тууралуу маалымат берген эмес.

Нургазы Анаркуловдон кийин бул кызматка 1-февралда Нуркамал Асканова дайындалган. Май айынан бери Нурай Марс жетектеп жатат.