Кыргызстанда президенттик администрациянын түзүмү өзгөртүлдү. Бийлик органындагы тармактык бөлүмдөр жоюлуп, анын ордуна ири төрт башкармалык түзүлдү. Мындай өзгөртүүнү Министрлер кабинети күчтүү, мобилдүү өкмөт түзүү максаты менен түшүндүрүүдө. Бирок айрым эксперттер буга окшош түзүм 2009-жылы уюштурулганын белгилеп, майнап чыгат дегенге ишенбей турушат.
Президенттик башкарууга толугу менен өткөнүн жарыялаган кыргыз бийлиги башкаруу органдарынын түзүмдөрүн өзгөртүүдө. Мурдагы президент жана өкмөт аппаратынын ордуна президенттик администрация түзүлдү. Бул органдын курамындагы мурдагы тармактык бөлүмдөрдүн саны азайып, анын ордуна төрт иши башкармалык түзүлгөнү жана алардын жетекчилери дайындалганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, мындан ары президенттик администрацияда Уюштуруу-эксперттик, Укуктук, Башкы көзөмөл жана Башкы саясий башкармалыктар иш алпарат.
Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, уюштуруу-эксперттик башкармалыкка жетекчи болуп Алтынбек Эргешов, укуктук башкармалыкка Мурат Укушев, башкы көзөмөл башкармалыгына Кубатбек Кожоналиев жана башкы саясий башкармалыкка Алмаз Исанов дайындалды.
Өкмөт өкүлдөрү мындай өзгөртүүлөр күчтүү жана мобилдүү Министрлер кабинетин түзүү максатын көздөйт деп түшүндүрүүдө. Тагыраагы, жаңы өкмөт министрлер мурдагыдай тармактык бөлүмдөр менен макулдашып отурбай, жоопкерчилик жана ыйгарым укуктары кеңейтилет деген ишенимде турат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мындай өзгөртүүлөр аткаруу бийлигинин ишин эффективдүүлүгүн артырат деп билдирүүдө:
"Өкмөт жана президенттин аппараты бири-бирин кайталап, министрлер же башка мекемелер кимге баш ийерин, кимдин сөзү маанилүүрөөк экенин билбей калган учурлар болгон. Алар бириктирилди. Алгач жолу Министрлер кабинетинин төрагасы Президенттин администрациясынын жетекчиси болууда. Жаңы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Бул министрликтерге да тиешелүү. Буга чейин министр деп аталганы менен бийлик иерархиясында 15-орунда турчу. Алардын үстүнөн өкмөттүн аппараты, бөлүм башчылар, эксперттер, вице-премьер-министр турчу эле. Мындан ары Кыргызстанда министр мурдагыга караганда 10 эсе чоң ыйгарым укук жана бийликке ээ болот".
Өкмөттүн ишин кимдер жүргүзөт?
Жаңы түзүлгөн Уюштуруу-эксперттик башкармалыкка Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмү, Адам ресурстары жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмдөрү баш ийет. Бул түзүмдө 50дөн ашык кызматкер иш алпармакчы.
Башкармалыктын башына келген 49 жаштагы Алтынбек Эргешов буга чейинки өкмөт аппаратында иштеп жүргөн. Кезегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин да жардамчысы болгон. 2010-жылдагы ыңкылаптан соң өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенде Эргешов өкмөттөгү кызматтан кетип, соңку учурда Мамлекеттик Ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип жаткан.
Ал эми укуктук башкармалык болсо укуктук чечимдерди даярдайт. Анын жетекчиси болгон Мурат Укушев өлкөдөгү белгилүү юристтердин бири. Ал 2000-жылдардан тарта президенттик аппаратта иштесе, ортодо сот, 2012-жылы президенттин Жогорку соттогу өкүлү болгон.
Мындан ары президенттин администрациясында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын Кубатбек Кожоналиев көзөмөлдөйт.
63 жаштагы Кожоналиев буга чейин прокуратура, коопсуздук тармагында иштеген. Өлкөнүн алгачкы аскер прокурору болгон.
Ал 2012-жылы Кумтөр боюнча ал кездеги депутат, учурдагы президент Садыр Жапаров уюштурган митингге катышкан соң кылмыш иши козголуп, кийин сот тарабынан акталган. Соңку мезгилде Кумтөр долбооруна сырткы башкаруу киргизилгенде аталган ишканада юридикалык бөлүмүндө эмгектенип келген.
Ал эми курамында реформаларды алга жылдыруу, коомчулук менен байланыш, маалыматтык саясат жүргүзүү бөлүмдөрүн камтыган башкы саясат башкармалыгын 47 жаштагы Алмаз Исанов жетектейт. Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун уулу Алмаз соңку жылдары Экономика, инвестиция министрликтеринде иштеп келген.
Эми өзгөртүлгөн өкмөт түзүмү канчалык натыйжалуу иштейт жана андан майнап чыгабы деген суроо турат. Себеби, Кыргызстанда бийлик алмашкан соң мамлекеттик мекемелерди алып кошуп, өзгөрткөн учурлар абдан эле көп болуп келет. Өз учурунда өтө амбициялуу убадалар берилгени менен майнап чыкпай, коомчулуктун сынына кабылган учурлар болгон.
"Азыркы түзүм жаңылык эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашевдин айтымында, өкмөттөгү мындай түзүм Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. 2009-жылы Курманбек Бакиевдин өкмөтү дал ушундай башкармалыктарды түзүп, ишти уюштурууга аракет кылган. Ал учурда азыр Министрлер кабинетинин башына келген Акылбек Жапаров биринчи вице-премьер-министр эле.
"Мындай башкармалык болгон, жаңылык эмес. 2009-жылы да түзүлүп мен түз иш алпарып калгам. Анда биз өкмөттүн аппаратын тармактык принциптен функционалдык принципке өткөрүүнү көздөгөнбүз. Анда аппарат кабыл алынган чечимдин мазмунуна кийлигише албайт, министрлердин жоопкерчилиги чоң болмок. Аппарат документтердин стандарттарын, регламентке ылайык келеби ошону гана караш керек. Бирок бул тажрыйба аягына чыкпай калган эле. Бир жагынан 2010-жылдагы окуялар болуп кетти, экинчиден өкмөттөгү жалпы маданият буга даяр эмес болгон. Ал кезде министрликтер азыркыга караганда күчтүү болчу. Азыркы министрликтер менен функционалдык өкмөт түзүү кыйыныраак болуп калабы деп турам".
Ал эми парламенттин дагы бир депутаты Мирлан Жээнчороев президенттик администрациясы кандай гана өзгөртүү болбосун андагы кадрлар компетенттүү болбосо эч кандай майнап чыкпасын эскертүүдө.
"Бул иштердин баары негиздемеси менен болуш керек. Жөн эле өзгөртүш үчүн эле келип, кыскартуу керек же бул органды жоебуз деген ниетте эмес, өзгөртүү үчүн эмне керек деген суроого жооп бергендей болушу керек. Анын албетте, кадрлардын сапаты. Азырынча тажрыйбалуу кадрларды тартышкандай болуп жатат. Бирок учурдагы өзгөрүүлөрдөн майнап чыгабы убакыт тастыктайт".
Өткөн аптада ишке кирген Акылбек Жапаровдун өкмөтү элге өтө амбициялуу убадаларды берип, жакынкы убакта жыйынтык көрсөтөрүн билдирүүдө. Бул өкмөттүн негизги жүйөсү өлкөдө толук кандуу президенттик башкаруу орун алганын, эми туруктуу иштейт дегенге такалат.
Бирок оппозиция Кыргызстан президенттик башкаруунун тобокелчиликтерин санап, учурдагы бийлик мурдагы каталардан сабак албаса кыйын болорун эскертүүдө.