Атайын кызмат Ташов боюнча комментарий берип, ал коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап ден соолугуна залал келтиргенин билдирди.
"Курсагынын эки жери кесилген"
Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов өзүнө кол салып, Бишкектеги 4-ооруканада операция жасалганы маалымдалды. "Азаттыктын" кабарчылары барган учурда аны операция залынан чыгарып жатышканын көргөн.
Адвокат Самат Матцаковдун айтымында, Ташов өзүнө кол салып, курсагы эки жеринен кесилген.
"Аны операция кылды. Курсагынын эки жери кесилген экен. Андан аркы абалы тууралуу так маалыматым жок. Анткени биз медициналык аныктаманы, жыйынтыгын көргөн жокпуз. Ага киргенибизде таңылган абалда жатыптыр, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк деле болгон жок. Анткени ал наркоз менен жатыптыр. Дарыгелер эч нерсе айта элек".
Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова уулу менен ооруканадан жолукканга жетишкен. Бирок баласы эмне болгонун ачык айтпаганын билдирди.
"Кайсы жерин кескенин көргөн жокмун. Өзү "мен жакшы элемин" деп койду. Башка сөз сүйлөй албады. Соттон кийин ушундай болду. Анда катында "мени урду, кескиледи" деген сөздөрүн мен айткан элем соттон чыкканда. Ошондон болдубу билбейм. Жөндөн жөн кескилебесе керек. Мен президенттен өтүнөм, баламды үй камагына чыгарып беришиңизди суранам. Эне катары мен чыдабайм".
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ташов боюнча билдирүү таратып, аны коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап ден соолугуна залал келтирген деп айыптады.
"Ташовдун камералашынын айтымында, анын жанында бир жолу колдонулуучу устара сакталып, анын кесепетинен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган. Ташов 4-шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда КР УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгын айтып даттанган. Бирок бул факт чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат", - деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.
УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлаганын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерин чакырганынын бирок ишкер Улуттук борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тартканын кошумчалады.
Учурда Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Атайын кызматтын тергөө абагынан № 21 тергөө абагына которулганы белгилүү болду.
"Ички органдарга зыян келген эмес"
Акыйкатчы институнун бөлүм башчысы Эмил Жандаев ушу тапта 21-тергөө абагында Ташовду күтүп турушканын айтты. Ошондой эле ишкерге операция жасаган дарыгер менен сүйлөшкөнүн билдирди.
"Биздин кызматкерлер тиешелүү медициналык документтерди карап, Ташовду караган дарыгерлер менен сүйлөшүп төмөнкүлөр аныкталган. Анда төшүндө жана ичинде эки жара болуптур. "Терең эмес" деп жазылып турат. Бир жараатынын узундугу 6 см, төш жагыныкы 3 см экен. УЗИ болсо ички органдарга эч зыян келтирген жок деп жыйынтык чыгарыптыр".
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Ташов менен бүгүн жолугуп чыкканын жана андан эч кандай арыз-муң түшпөгөнүн билдирди.
"2024-жылдын 30-октябрында Улуттук борбордун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына барды. Анда абакта 70 адам кармалып, алар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, абактын шарты текшерилди. Мындан сырткары Имамидин Ташов бүгүн эртең менен курсак бөлүгүнөн жараат алганы белгилүү болуп, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн, учурда анын өмүрүнө коркунуч жок. Иш сапардын жыйынтыгында тергөө абагында кармалып турган адамдардан кыйноо, катаал мамиле жана камакта кармоо шарттары боюнча Улуттук борборго эч кандай арыз жана даттануу түшкөн жок".
Айыптоо актысы, кыйноо тууралуу маалыматтар
“Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шек саналып кармалган ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча 29-октябрда Биринчи май райондук сотунда отурум өткөн.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, сотто прокурор бир сааттай убакыт айыптоо актысын окуган. Анда Имамидин Ташов социалдык тармактар аркылуу өлкөнүн конституциялык түзүлүштөрүнө каршы чыгып, элди башаламандыкка чакырганы жазылган.
Прокурор Ташовдун соцтармакка бөлүшкөн видеолорун окуп берди.
Ташов айыптоо актысына түшүнбөгөнүн айтып, өзүнө тагылган күнөөнү четке каккан. Кийинки отурум 12-ноябрга белгиленген.
Жараяндан кийин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова уулу ушул жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын журналисттерге билдирди.
“Уулумду ток менен тарттырып, сабашыптыр. Бизге болсо көрсөтүшкөн жок. Кийин ооруканага жатты деп уктук. Кайсы ооруканага жатканын да билген жокпуз. Бир ай тамак да киргизе алган жокпуз. Ушундай кыйноолорго туш болуптур”, - деди ал.
Ташов тергөө абагында отурган маалда ооруканага жатканы тууралуу маалымат буга чейин чыккан эмес. Апасы уулу качан ооруканага түшкөнүн так айткан жок.
Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган. Имамидин Ташовдун каты социалдык тармактарга жарыяланды.
Сентябрь айында Ташовдун укугун коргогон адвокаттар алмашкан.
Ишкер сот залынан чыгып баратып, журналисттердин “ошол кат өзүңүздүкүбү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп берди. Бирок кыйноого кабылганы тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берген жок.
УКМК, Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу комментарий бере элек. "Азаттык" аларга комментарий сурап кыйрылды.
Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Ташовго бүгүн жолукканын билдирди. Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү буга чейин ага жолугуп чыкканын, толук маалыматты алдыдагы күндөрү берерин маалымдады.
Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-августта карала баштап, 26-августта баштапкы соттук угуу аяктаган. Иштин өзүн кароо баштала элек болчу.
Дагы караңыз Издөөдөгү Имамидин Ташов кайра кармалдыБишкек шаардык соту 23-сентябрда ишкердин ишине байланыштуу адвокаттардын апелляциялык арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп эркиндикке чыгаруу, кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарын бузуу менен чогултулган метериалдарды иштен алып салуу боюнча адвкоаттардын өтүнүчтөрүн четке каккан. Актоочу тарап буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.
Ташовдун кармалышы, УКМК таккан айып
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп шек саналып, үч ай издөөдө жүргөн Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин кабарлашынча, ишкер Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. УКМК ишкерди кармоо учурундагы сүрөт, видео тасманы тараткан.
"И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды. Издөөдө жүргөн Ташов бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган”, - деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.
"KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 миллион сом төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан.
Ушундан кийин ал видео билдирүү жасап, бийликти кескин сындаган. Анда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, атайын кызматтын өкүлдөрү андан 100 миллион сом опузалап алышканын айтып чыккан.
Ал кармалгандан кийин акча төлөп, "кусуп" чыккандар расмий жарыяланган суммадан үч эсе көп каражат бере турганын белгилеген.
Дагы караңыз Ташовго издөө жарыяланды, Жапаров ишкерлерди текшерүүнү тыйды
Ташов ал видеодо мамлекеттик тууну өзгөртүү, ишкерлерди куугунтуктоо боюнча бийликтин аракеттерин сындап, мындан ары саясатка аралашуу ниетин дагы айткан.
“Ошол маалда тууну алмаштырууга каршы флешмобдор, тынч митингдер уюштурулуп жаткан. Мени дагы ошого өз салымымды кошсом деген ниетим үчүн кармап жатышты. Муну менен эле токтоп калбай, ар кандай нерселер менен коркутушту. Компанияга кол салып, бардык мүлкүн камакка алабыз, жакындарыңа залака тийип калышы мүмкүн деп коркутуп көрүштү. 52 миллион сом төктүрүп, ал аз келгенсип “сол чөнтөккө 100 миллион бересиң” деп араң чыгарышты. Өзүңүздөр билгендей, биздин канчалаган кесиптештер, куруучулар камалып, “кусуп” чыгышты”, - деген Ташов.
Ишкердин билдирүүсүнөн көп өтпөй, 10-январда УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Ташовдун айткандарын четке кагып, ишкер 52 миллион сомду УКМКга эмес, Бишкек шаарына келтирилген зыян үчүн төгүп бергенин билдирген:
“Ал 52 миллион сомду бизге эмес, Бишкек шаарына төлөп берди. Ал кайрылуусунда "100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады" деп жатат. Биз соттун чечими менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир канча күн сүйлөштү. Ага карабай 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгарып, байкап жаттык. Кийин ушул видеосу жарыяланып жатат. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Куренов “100 миллион деп коё бер, эл ишене берет” деп жатат”.
Көп өтпөй президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек берип, бийликти күч менен алмаштырууга кызыкдар бир ууч топ бар экенин айткан. Ал саясий туруксуздук жаратууга кызыкдар кишилердин арасында ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергенов да бар экенин белгилеген.
УКМК Ташовго издөө жарыялагандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын айтып чыккан. Анын сөзүнө караганда, Бишкекте KG Group ишканасы курган тогуз объект бар. Анын ичинен көп кабаттуу үч үй пайдаланууга берилген. Калган үйлөрдө адамдар жашап жатканына карабай, документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына элек.
40 жаштагы Имамидин Ташов курулуш тармагындагы ишкер катары белгилүү. Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, KG Group курулуш компаниясы 2012-жылы түзүлгөн. Компания 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан.
Ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон. Ага шайлоочулардын 1,17 пайызы добуш берген (16 383).
Мындан кийин ал коомдук турмушка көп аралашкан эмес.