"Кыргыздын каада-салтын көп тартты". Сүрөтчүлөрдүн агайы

Абдрай Осмонов.

Ушул жумада Кыргызстандын кыл калем чебери, Эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов 85 жашында дүйнөдөн өттү.

Кыл калем чеберинин музейлерде ондогон белгилүү эмгектери сакталган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн билим берүүгө арнап, Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында 50 жылдан ашуун мезгил иштеген. Узак жылга созулган окутуучулук тажрыйбасында ондогон сүрөтчүлөрдү тарбиялап чыгарган.

Сүймөнкул менен катарлаш жүргөн талант

Эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматов Абдрай Осмоновдун шакирттеринин бири. Ал агайынан 1970-73-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында билим алган.

Аны аяктагандан кийин Москвадагы Суриков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт институтун бүтүп келип, кайра агайы менен өзү окуган окуу жайда кесиптеш болуп, баш-аягы 20 жылдай бирге иштеген.

Орозматов "Азаттыкка" устатынын кыргыз сүрөт өнөрүнө кошкон салымы зор экенин кеп кылды.

"Кыргызстанда Абдрай Осмонов окутпаган сүрөтчү калган жок. Сүрөт окуу жайында 50 жылдан ашуун мугалим болуп үзүрлүү эмгектенип, баарыбызга сабак берди. Эми андан алган өрнөк менен кайра биз минтип балдарды окутуп жатабыз. Агайыбыз чыгармачыл билим берүүгө, сүрөт өнөрүнө зор салым кошту. Ал Ленинграддагы Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтунда атактуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов менен бирге окуган. Алар окуу жайды бирге бүтүп келгенден кийин да Кыргызстанга бирге иштешти. Жаш чагында экөө тең спорт менен алектенген, бойлуу, сымбаттуу жигиттер эле. Кийинки муундагы балдар баарыбыз экөөнү оозубузду ачып суктана карачубуз. Булар сүрөт өнөрүн бийик көтөргөн таланттуу сүрөтчүлөр эле эмес, Ленинграддын волейбол боюнча курама командасында ойногон чоң спортчулар да болгон".

Кадыркул Орозматов устаты Абдрай Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнатында.

Эл сүрөтчүсү, чыгаан педагог Абдрай Осмонов 1939-жылы Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында жарыкка келген. Туулган жеринин кооз жаратылышынан шыктанып, искусствого болгон кызыгуусу бала чагынан ойгонгон. Сүрөт тартууну өз алдынча үйрөнүп алган жаш талант жакындарынын колдоосу менен Фрунзедеги сүрөтчүлүк окуу жайына (азыркы Чуйков атындагы окуу жайы) тапшырып, 1959-жылы актаган.

Андан кийин союз учурундагы таланттуу сүрөтчүлөрдүн уясына айланган, атагы таш жарып турган Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт институтуна тапшырган. Бул атактуу окуу жайда Борис Иогансон сыяктуу устаттардын жетекчилиги астында окуп, чеберчилигин арттырган.

Дипломдук иши үчүн "Мелодия" аттуу эмгек жаратып, анда өзү басып өткөн жолун жана кыргыз элинин салт-санаасын чагылдырган.

1965-жылы ал мекенине кайтып келгенден кийин өмүрүнүн аягына чейин өзү билим алган Чуйков атындагы окуу жайда окутуучу болуп иштеген. 50 жылдан ашуун окутуучулук тажрыйбасында ондогон шакирттерди тарбиялап чыгарды.

Абдрай Осмонов.

Абдрай агай Ленинграддагы реалисттик окуу жайды бүтүп келгендиктен ошол учурда кайрылган темаларынын көбү соцреализм болгон. Анткени соцреализм – советтик бийликтин ошол учурдагы искусство жана адабият тармагында расмий түрдө колдогон идеологиясы эле.

Анын “Тамекичилер”, “Жүзүм жыйноо”, “Түшүм. Колхоз майрамы”, “Ысык-Көлдүн балыкчылары”, “Долон” өңдүү картиналары кыргыздын мээнеттүү турмушун чагылдырып турат. Бирок ошол эле убакта сүрөтчү чебер кыл калем ээси катары тарткан темаларына жаңыча ой, жаңыча өң бере алган. Өнөрлөштөрү ал мейли портрет, мейли натюрморт же пейзаж тартабы көрүүчүнүн көңүлүнө бир жылуулук тартуулай алган өзүнүн жекече бир колорити бар экенин белгилешет.

Абдрай Осмоновдун Гапар Айтиев атындагы музейге илинген "Жүзүм жыйноо" аттуу эмгеги.

"Агайдын берген билими өмүр бою дем болду"


Осмоновдон 1966-68-жылдары живопись боюнча сабак алган дагы бир алгачкы шакирттеринин бири, эл сүрөтчүсү Таалай Курманов агайынын чыгармачылыгы тууралуу буларды айтты:

“Өзүнүн Ленинграддагы алып келген билим-тажрыйбасын толук бойдон бизге берип, бизди бир топ көтөрүп кетти. Бүгүн анын шакирттери биз дагы эл сүрөтчүсү болуп турабыз. Бул да агайдын эмгегинин натыйжасы. Андан алган билимим мага ушул кезге чейин дем болуп келүүдө. Кийин мен да Ленинграддан окуп келдим, бирок агайдан алган тажрыйбам баа жеткис. Сабак бергенде ар бирибиздин кистибизди колубуздан ала калып, ынтаа менен тартып көрсөтөр эле. Абдрай агайды жалпы сүрөтчүлөр жакшы баалачу. Өкмөт кандай баалаганын билбейм, бирок ал профессор болду, Эл сүрөтчүсү болду, окуу жайда далай жыл сабак берди. Биздин окуу жайдын тарыхынча анчалык көп жыл сабак берген киши жок. Ал башка жакка жылбай өмүр бою бир жерде иштеди. Жакшы өмүр кечирди, улуу-кичүү баары чыгармачылыгын сыйлады”.

Абдрай Осмоновдун "Долон" аттуу эмгеги.

"Өз почерки көрүнүп турду"

Сүрөтчүлөр союзунун мурдагы төрагасы, эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев Осмоновдун сүрөтчүлүк дараметинин терең ачылышынын себеби анын мыкты сүрөт мектебинен билим алганында дейт:

Таалайбек Усубалиев.

"Бул кишинин эмгектерин көптөгөн сүрөтчүлөр, искусство таануучулар баалап, жактырганынын себеби – Репиндин берген мыкты билиминин натыйжасы. Союз учурунда Репин СССР боюнча көркөм өнөр багытында окуткан эң алдыңкы окуу жайлардын бири болгон. Андан кийин эле Суриков турчу. Агайыбыз дал ушул күчтүү сүрөт мектебин бүткөндүктөн сүрөт өнөрүнө эң керектүү ыкмаларды – пропорцияларды, композицияларды жана башка чеберчиликтерди туура, так колдоно билген. Анын артында минтип мурас болуп көптөгөн эмгектери калды. Алар өлкөдөгү ар кайсы музейлерде сакталып турат. Тарткан темасы боюнча айтсам, кыргыздын каада-салтына арбын басым жасады. Союз учурунда сүрөтчүлөр мамлекеттен акча алып буйрук менен эл турмушун тарса, союз ыдырагандан кийин ар кимиси өз алдынча жан бакты. Агай бул учурда пейзаждарды тартууга өттү. Ошондо да анын бул багытта да өз почерки көрүнүп турду. Анан баса белгилеп кетүүчү жагдай – анын узак жылдар бою сүрөт окуу жайында иштегени. Бул жерде эң көп иштедим дегендер 15-20 жыл иштесе, Абдрай агай дээрлик жарым кылымдан ашык мезгил эмгектенди. Мунун өзү сыйга татыйт".

Абдрай Осмоновдун "Чолпон" аттуу эмгеги.

Сүрөтчүлөр үй-бүлөсү

Абдрай Осмоновдун бүтүндөй тагдыры сүрөт искусствосу менен тыгыз байланышта өткөн экен. Себеби анын жубайы Зуура Шаршеева да өлкөгө таанымал сүрөтчү болсо, чыгармачыл жубайлардын эки кыз, бир уулу да Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынан билим алышкан.

Замандаштарынын айтымында Эл сүрөтчүсүнүн улуу кызы Чолпон учурда Кыргыз-Орус Славян университетинде, кичүү кызы Чынара Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында сабак берсе, уулу соода-сатык менен алектенет экен.

Абдрай агай таланттуу жарынан мындан үч жыл мурун айрылгандан кийин эле кайраты кайтып, сыркоолоп калыптыр. Шакирттери акыры аны ушул оорусу алып тынды дешет.

Абдрай Осмоновдун досуна арнап тарткан "Чокморовдун портрети" аттуу картинасы.

"Өз керезинен улам үйүнөн узатылыптыр"

Өзүн сүрөт дүйнөсүнө арнап, өмүр бою сүрөтчүлөргө сабак берип өткөн 85 жаштагы Абдрай Осмоновдун өмүрдөн өткөнү тууралуу суук кабар 17-ноябрда тарады. Чебер кыл калем ээси менен коштошуу зыйнаты 19-ноябрь Көк-Жар айылындагы Чатыр-Көл көчөсүндө жайгашкан өз үйүндө өттү.

Узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, ошондой эле Осмоновдун жакындары жана замандаштары катышты.

Абдрай Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Эл сүрөтчүсүнүн тажиясы эмне себептен буга чейин көзү өткөн бийик наамы бар башка маданият ишмерлериндей улуттук макамы бар маданий мекемелердин алдында өтпөгөнү тууралуу соболубузга шакирти Кадыркул Орозматов мындайча жооп берди:

"Мунун себеби мындай экен. Бизде Эл артисти, Эл акыны же Эл сүрөтчүсү өңдүү наамы барлар “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлчу эле го. Балдарынын айтымында бул киши өзү “мени байбичемдин жанына койгула” деп керез калтырыптыр. Ошондуктан мына ГЭС-5 жактагы көрүстөнгө, байбичесинин жанына коюлду. Коштошуу зыйнаты да улуттук опера жана балет театрынан өтпөй өз үйүндө өттү. Эми бул ал кишинин өзүнүн каалоосу болуптур. Ошентсе да тажияда буга чейин жасалып келген каадалар колдонулду. Улуттук Гвардия оркестр менен келди, Маданият министрлигинен өкүлдөр келишти”.

Абдрай Осмоновдун "Чайга чакыруу" аттуу портрети.

Абдрай Осмоновдун "Оодарыш", "Үй-бүлө", “Жаш эне” , “Мейманга”, “Күрөш”, “Жеңиш”, "Карамолдонун портрети" баштаган көптөгөн таанымал картиналары бар. Анын жалпы 55 чыгармасы Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейине коюлган.

85 жашында өмүрдөн өткөн көрүнүктүү сүрөтчүнүн сөөгү 19-ноябрда Аламүдүн районундагы көрүстөнгө жерге берилди.