Обама "ооган стратегиясында" шашылгысы келбейт

Обама менен МакКристалдын жолугушуусунун чоо-жайы айтыла элек

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн командачысы Стэнли Маккристал менен Американын ооган согушундагы стратегиясын талкуулады.
Даниянын баш калаасы Копенгагенде өткөн жолугушууда АКШнын ооган урушундагы максаты жана ал жакка кошумча 40 миң аскерди жөнөтүш керекпи-жокпу деген маселе каралды.

Барак Обама Копенгагенге Эларалык Олимпиада комитетинин жыйынына барган болчу. Ал 2016-жылкы Жайкы Олимпиаданы Чикагодо өткөрүүгө үндөп барган. Бирок сапары ийгиликсиз аяктады. Олимпиада Рио-де-Жанейродо өтө турган болду.

Бирок сапарды текке кетирбей, америкалык лидер өзүнүн президенттик учагында Ооганстандагы аскерлеринин командачысы Стэнли Маккристалды кабыл алды. Алар жарым сааттай сүйлөшө алышты. Маккристал өткөн айда “Ооганстанга кошумча аскер керек” деп айткандан бери президент менен көрүшө элек болчу.

Маккристал бул жолу Копенгагенге Лондондо премьер-министр Гордон Браун менен жолугушкандан кийин келди. Бейшембиде Лондондо ал сегиз жылдык ооган миссиясынын аракеттерин жыйынтыктап жатып, ахыбал оор экенин билдирди.

“Абал чындап олуттуу жана мен бул сөздү аябай этияттык менен айтып жатам, - деди ал. - Мен ал жакта ооган элин жана өкмөтүн колдоо үчүн көрсөтүлүп жаткан аракеттердин ийгилиги же утулушу тууралуу айткан жокмун. Баардык тармактарда болбосо да, менин жеке байкоомо караганда, аскерий абал оорлошуп баратат”.

Маккристал жалпысынан Ооганстанда жикчилик кыймыл күчөгөнүн айткан. Андыктан “ооган стратегиясы кайра каралып чыкпаса, анда жеңилип калышыбыз деле ажеп эмес” деген. Айрым маалыматтарга караганда, ал Ооганстанга 30 миңден 40 миңге чейин кошумча аскер сурап жатат.

Азыр АКШнын президентинин администрациясы да кошумча аскер жиберүү маселенин үстүнөн эки анжы ойдо турат. Анткени бул маселеде Обама чечкиндүү аракетке баруудан оолактап тургандай.

Ак Үйдүн расмий өкүлү Роберт Гиббс Обама менен Маккристалдын учактагы сүйлөшүүлөрү “жемиштүү” болгонун гана айтты.

Бирок Лондондогу сөзүндө Маккристал ооган согушу боюнча чечимди кийинкиге калтырганга болбой турганын ачык айтканы бар.

“Биз азыр түзүлгөн ахыбалдан тезирээк чыгышыбыз керек. Күтүп отура берсек эле биз каалаган учур келе калбайт, - деген эле ал. - Коомдук колдоо да көпкө созулбайт. Бирок таң калыштуусу – бул үчүн да сабырдуулук, тартип, чечим жана убакыт керек”.

Обама Ооганстанга кошумча аскер жиберерден мурда бул маселени өзүнүн аскерий жетекчилиги, кеңешчилери менен макулдашаарын айткан. Буга, жок эле дегенде, бир-эки апта кетет. Анын администрациясы ансыз деле быйыл Ооганстандагы аскерлеринин санын эки эсеге көбөйткөн. Азыр ал жакта жалпысынан 62 миңдей америкалык аскер бар. Башка өлкөлөрдүн аскерлерин кошкондо, 100 миңге жетет.