Обаманын тилеги, Эйзенхауэрдин иши

Барак Обама конгрессмендердин алдында жылдык кайрылуусун жасоодо. Вашингтон. 25-январь, 2011

Президент Барак Обама шейшемби күнү АКШ Конгрессинин кошмо жыйынында жылдык кайрылуусун жасады.
Анын сөзүнүн көпчүлүк бөлүгү экономикалык маселерге арналды. Обаманын айтымында, Кошмо Штаттар дүйнөдөгү лидерлигин жоготпоону кааласа экономикада илбериңки болуп, мурдакыдай илимий жаңылыктардын жарчысы болушу керек.

Барак Обама Конгрессте сүйлөгөн жылдык сөзүндө Кошмо Штаттарда жаңы жумуш орундарын түзүү жана АКШнын дүйнөлүк экономикадагы көйкашкалыгын мурдакы калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Түштүк Кореяда Интренетти пайдаланууга АКШдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Барак Обама



Ал бүгүн өлкөдөгү эмгекке жарамдуу калктын 10 проценти жумушсуз экенин айткан жок. Бирок экономикалык атаандаштыктын эрежеси өзгөргөнүн, ошондуктан америкалыктарга иш табуу оор болуп жатканын айтты.

Эмгек министрлигинин жергиликтүү кеңсесинде жумуш сурап, арыз тапшырганы келген адамдар. Нью-Йорк. 6-май 2009
Жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн, Обаманын пикиринче, АКШ 1957-жылы СССР Айга жандооч учургандай кийинкидей, илимий-техникалык ачылыштарга акчаны аябай, инновациялардын жаңы доорун башташы зарурат.

- Жарым кылым мурда, советтер бизден озуп, космоско “Спутник” деген жандоочусун учурганда, бизде алардан мурда айга конобуз деген ой болгон эмес. Илимибиз да жок эле. НАСА жок болчу. Бирок изилдөөлөр жана билим үчүн мыкты инвестиция жасалгандан кийин биз советтерде кууп өткөндөн башка да инновациянын жаңы толкунуна түрткү бердик. Бул жаңы өнөр жайды жана миллиондогон жаңы жумуш орундарын жаратты. Бизде “Спутник кыймылынын” жаңы мууну пайда болду.

Ал удаа эле инфраструктураны жакшыртып, ылдам темир жол каттамы, аэропорттор, зымсыз Интернет катанашы сыяктуу тармактарды эң алдыңкы деңгээлге чыгарууну сунуш кылды.

“Биздин инфраструктура эң мыкты болгон. Бирок биринчиликти
Сенаторлор Конгрессте президент Обаманын сөзүн угушууда. 25-январь 2011
колдон чыгаруудабыз. Түштүк Кореяда Интренетти пайдаланууга АКШдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Европа өлкөлөрү жана Россия жолдорго жана темир жолго бизден көп инвестиция салууда. Кытай тез жүрчү поезддерди жана жаңы аба майдандарын курууда,” -
деген Барак Обама америкалык инженерлер өлкөнүн инфраструктурасына “2 плюс” деген баа бергенин жашырбады.

Президент Обама АКШ илимий жаңы ачылыштарды жасоодо жана өнүгүүдө көч башында болуусу үчүн өкмөттү каражатты аябоого, 2020-жылга математика жана илимди окуткан жаңы 100 миң окутуучуну даярдоого чакырды.

Илимий-техникалык изилдөөлөрдү, инфраструктураны каржылоону көбөйтүү максатында өлкө коопсуздугун камсыздоодон бөлөк тармактарда чыгымдарды беш жылга азыркы көлөмүндө сактоо зарыл. Буга чейин эле Обаманын кеңсеси өкмөттүк кызматчылардын маянасын эки жылга тоңдуруп койгон.

Ак Үй сарамжалдуулукту, үнөмчүл саясатты күчөтөт жана мунай компанияларын субсидиялоону токтотот. Бул иш-чаралар президент Обаманын сөзүнчө, келерки он жылда бюджеттин тартыштыгын 400 миллиард долларга азайтып, улуттук өкмөт өз ыктыяры менен жүргүзчү чыгымдарды президент Дуайт Эйзенхауэр кезиндегидей төмөнкү деңгээлге түшүрүүгө тийиш.

Эйзенхауэр 1953-жылы президенттикке шайланган жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2,5 миллиард доллар болгон. Эйзенхауэр өкмөттүн чыгымдарын 10 млрд. долларга кыскартууну максат кылып коюп, үнөмчүл саясаттын, эң алды аскерий чыгымдарды азайтуунун натыйжасында, эки жылдан кийин бюджеттин чыгашасы менен кирешеси теңделген.

Азыр АКШнын мамлекеттик карызы 13 триллион долларга тете.