Барак Обама Берлинде сүйлөдү

Германия -- АКШ президенти Барак Обама Бранденбург дарбазасынынын алдында сүйлөп жатат. Берлин, 19-июнь, 2013.

"Чоң сегиз" саммитинен кийин АКШ президенти биринчи жолу расмий сапар менен Германияга келди.
Президент катары Барак Обама Германияга 2009-жылы НАТОнун саммитине келип кеткен. Саммит Баден-Баденде өткөн, бирок анда Обама Берлинге токтогон эмес.

АКШ президенти Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл толгондо да келген эмес, анда немис массалык маалымат каражаттары аны "Европаны тоготпойт" деп сындашкан.

Бранденбург дарбазасынынын алдында кызматтагы гана президенттер чыгып сүйлөй алышат. Барак Обама биринчи президенттик шайлоодо талапкер катары ушул дарбазанын алдында чыгып сүйлөгүсү келген, бирок ага андай мүмкүнчүлүк берилеген эмес. Мына эми бүгүн Обаманын тилеги орундалды десек болот.

Байкоочулар Барак Обама 26-июнда дал ушул Бранденбург дарбазасынын алдында чыгып сүйлөсө сонун болмок деп жатышат. Себеби туура 50 жыл мурун АКШнын айтылуу президенти Жон Кеннеди өзүнүн белгилүү “Мен – берлиндиктердин биримин” (Ich bin ein Berliner) деген сөзүн 26-июнда айткан. Анда ал күч менен экиге бөлүнгөн берлиндиктер менен тилектештигин билдирген.

Бүгүн Берлиндин бургомистри Клаус Воверайт биринчи чыгып сүйлөдү, андан соң Германиянын канцлери Ангела Меркелге сөз берилди

Обама сахнага чыгып, чынында сенатор катары Берлинге келгенин эстеди. Аны аудитория абдан жылуу тосуп алды.

- 5 жыл мурун берлиндиктерге мен сенатор катары кайрылгам. Бүгүн президент катары кайрылып жатам, – деди Обама.

Бул күнү Берлинде күн өтө ысык болду. Ушундан уламбы Обама костюмун чечип, бирок “Мен досторумдун алдында бейформал абалда сүйлөп жатам, ошондуктан костюмсуз сүйлөсөм болот”, - деп тамашалады.

- Эч кандай дубалдар адамдын жүрөгүндө алоолонуп турган адилеттүүлүккө, эркиндикке, тынчтыкка болгон умтлууга тоскоолдук боло албайт. Буга далили катары биз бул жерде калп эле орнотулган жана бир шаарды экиге бөлгөн тилкеде турабыз, - деди Обама.

Американын лидери өзөктүк курал темасын да козгоду:

- Биз Американын жана Германиянын гана жарандары эмеспиз, биз дүйнөнүн жарандарыбыз. Учурда биздин тагдырыбыз бири-бирине болуп көрбөгөндөй чиелешкен. Биз өзөктүк курал коркунучу астында мындан ары жашай албайбыз.

Обама өз сөзүндө өзөктүк дүрмөттөрдүн санын дагы үчтөн бирге кыскартууну сунуш кылды.

АКШ менен Орусиянын Стратегиялык куралды кыскартуу боюнча Обаманын биринчи бийлик мөөнөтүндө түзгөн келишимге ылайык, тараптар ар бириндеги өзөктүк дүрмөттөрдү 1550гө түшүрүүнү макулдашкан. Эгер дагы үчтөн бирге кыскартылса, бул эки державанын ар биринде миңден өзөктүк дүрмөт калат дегенди билдирет.

АКШнын президенти ошондой эле Гуантанамодогу түрмө жабылыш керек деген позициясын айтты жана дүйнөдө климаттын өзгөрүшүн тез чечүү керектигине, Европа жумушсуздук менен күрөшүү үчүн экономикалык саясатын өзгөртүш керектигине токтолду.